bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 1
Amos 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 2 →
1
Текоялык койчулардын бири Амостун сөздөрү. Ал Жүйүт падышасы Узиянын тушунда, Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда, жер титирерден эки жыл мурун Ысрайыл тууралуу көрүнүш көргөн.
2
Ошондо ал: «Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден үн салат, ошондо койчулардын жайыттары куурайт, Кармел тоосунун чокусу кургайт», – деди.
3
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Дамаскты аябайм, анткени алар Гилатты темир мала менен малалашты.
4
Хазаелдин үйүнө от жиберем, ал от Бенадаттын падыша сарайларын жалмайт.
5
Дамасктын дарбазаларынын бекиткичтерин талкалайм, Абен өрөөнүнүн тургундарын жана Эден үйүнөн бийлик таягын кармап турганды жок кылам, арамейлер Кирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».
6
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Азаны аябайм, анткени алар бүт элди Эдомдун колуна салып берүү үчүн туткундашты.
7
Азанын дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт.
8
Азоттун тургундарын да, Ашкелондо бийлик таягын кармап турганды да жок кылам, колумду Экронго бурам, ошондо пелиштиликтердин калдыгы кырылат, – дейт Кудай-Теңир».
9
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Тирди аябайм, анткени алар бардык туткундарды Эдомдун колуна салып беришти, бир туугандык келишимди эстешкен жок.
10
Тирдин дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт».
11
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Эдомду аябайм, анткени ал бир тууганын кылыч менен кубалады, бир туугандык сезимин өчүрдү, ал дайыма каарданып турду, өзүнүн жаалын таптакыр токтоткон жок.
12
Тейманга от жиберем, ал от Ботсранын падыша сарайларын жалмайт».
13
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Амон уулдарын аябайм, анткени алар өз жерлерин кеңейтиш үчүн, Гилат жериндеги кош бойлуу аялдардын ичин жара чабышты.
14
Рабенин дубалдарына от коём, ал от анын үйлөрүн салгылашуу күнүндө кыйкырыктар менен, бороон-чапкын күнүндө куюн менен жалмайт.
15
Ошондо алардын падышасы төрөлөрү менен бирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9