bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 9
Amos 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
1
Мен курмандык чалынуучу жайдын жанында турган Теңирди көрдүм, Ал мындай деди: «Мамылардын үстүнкү бөлүгүн ур, үйдүн төбөсү солкулдап, алардын башына түшсүн, ал эми калгандарын Мен кылыч менен өлтүрөм, алардын эч кимиси качып кутулбайт, аман калам дегендеринин бири да аман калбайт.
2
Алар өлгөндөр жаткан жайга кирип кетишсе да, Менин колум аларды ошол жактан алып чыгат. Асманга чыгып кетишсе да, аларды ал жактан кулатам.
3
Алар Кармел тоосунун чокусуна чыгып жашынып алышса да, ошол жерден аларды таап алып, колго түшүрөм. Менин көзүмдөн жашынып, деңиздин түпкүрүнө түшүп кетишсе да, ошол жерден деңиз жыланына аларды чагууга буйрук берем.
4
Аларды өз душмандары туткундап кетишсе, ошол жерден да кылычка аларды өлтүрүүгө буйрук берем. Мен көзүмдү аларга жакшы күн көрсөтүү үчүн эмес, алаамат түшүрүү үчүн бурам».
5
Анткени Себайот Кудай-Теңир жерге колун тийгизгенде, ал эрип кетет, ошондо анын үстүндө жашагандардын баары ыйлашат. Жер бүт бойдон дарыядай ташкындайт, Мисир дарыясындай төмөн түшөт.
6
Ал Өзүнүн жогорку үйлөрүн асманга тургузган, Өзүнүн негизин жер үстүнө орноткон. Ал деңиз сууларын чакырып, жер үстүнө төгүп турат. Анын ысымы – Теңир.
7
«Ысрайыл уулдары, силер Мен үчүн Эфиопия уулдарындай эле эмессиңерби? – дейт Теңир. – Ысрайылды Мисир жеринен, пелиштиликтерди Каптордон, арамейлерди Кирден Мен алып чыккан жок белем?
8
Мына, Кудай-Теңирдин көздөрү күнөөкөр падышачылыкка каршы, Мен аны жер бетинен жок кылам. Бирок Жакыптын тукумун биротоло кырып салбайм, – дейт Теңир.
9
Анткени Мен буйрук берип, данды калбырлагандай, Ысрайыл урууларын бүт элдердин арасында калбырлайм, бир да дан жерге түшпөйт.
10
Менин элимдин: “Бул алаамат бизге жетпейт, бизге келбейт”, – деген күнөөкөрлөрүнүн баары кылычтан өлөт.
11
Ошол күнү Мен Дөөттүн кулаган чатырын калыбына келтирем, анын жик кеткен жерлерин бүтөйм, бузулган жерин оңдойм, аны байыркы күндөрдөгүсүндөй кылып тургузам.
12
Алар Эдомдун калдыгын жана Менин ысымым менен аталган элдердин баарын ээлеп алышы үчүн ошондой кылам, – дейт ушунун бардыгын жасаган Теңир.
13
Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү жер айдаган дыйкан оруп-жыюучуну кууп жетет, ал эми жүзүм сыккыч себүүчүнү кууп жетет. Ошондо тоолордон чыккан жүзүм ширеси бардык адырлардан агат.
14
Ошондо Мен Өз элим Ысрайылды туткундан кайра алып келем, алар кыйраган шаарларды кайрадан куруп, аларга отурукташышат; жүзүмзарларды отургузуп, алардын шарабын ичишет; жемиш бактарын тигип, алардын мөмөлөрүн жешет.
15
Мен аларды өздөрүнүн жерине жайгаштырам, ошондон кийин алар өздөрүнүн Мен берген жеринен куулуп чыгарылбайт, – дейт сенин Кудай-Теңириң».
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9