bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 2
Amos 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 3 →
1
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Маапты аябайм, анткени ал Эдом падышасынын сөөгүн акиташтай болгуча өрттөдү.
2
Маапка от жиберем, ал от Кериоттун падыша сарайларын жалмайт. Ошентип, Маап сурнай тартылып, ызы-чуу, бүлгүн болуп жатканда өлөт.
3
Алардын арасынан башкаруучусун жок кылам, аны менен бирге анын бардык төрөлөрүн өлтүрөм», – дейт Теңир.
4
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Жүйүттү аябайм, анткени алар Теңирдин мыйзамдарын четке кагышты, Анын көрсөтмөлөрүн сакташкан жок, ата-бабалары табынган буркандар аларды жолдон чыгарышты.
5
Жүйүткө от жиберем, ал от Иерусалимдин падыша сарайларын жалмайт».
6
Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Ысрайылды аябайм, анткени алар адилет адамды күмүшкө, жакырды бир жуп сандалга сатышат.
7
Алар жакырлардын башын топуракка матырууну көксөшөт, момундарды жолдон чыгарышат, атүгүл, Менин ыйык ысымымды булгаш үчүн, атасы менен уулу бир аялга барат.
8
Ар кайсы курмандык чалынуучу жайдын жанында, күрөөгө алынган кийимдердин үстүндө жамбаштап жатышат, айыпкерлерден төлөтүлүп алынган шараптарды өз кудайларынын үйүндө ичишет.
9
Мен болсо алардын көз алдында бийиктиги кедр дарагындай, бекемдиги эмен дарагындай болгон Аморду өлтүрдүм. Мен анын башындагы мөмөсүн, түбүндөгү тамырларын жок кылдым.
10
Мен силерди Мисир жеринен алып чыктым, аморлуктардын жерин мурастап калышыңар үчүн, силерди чөлдө кырк жыл алып жүрдүм.
11
Мен силердин уулдарыңардан пайгамбарларды, уландарыңардан назирлерди чыгардым. Же ушундай эмеспи, Ысрайыл уулдары? – дейт Теңир.
12
Силер болсо назирлерге шарап ичирдиңер, пайгамбарларга: “Пайгамбарлык кылбагыла!” – деп буйрук бердиңер.
13
Боолор жүктөлгөн араба жерди кандай басса, Мен да силерди ошондой басам.
14
Ошондо шамдагай да качып кутула албайт, күчтүү да өзүнүн күчүн көрсөтө албайт, эр жүрөк жоокер да өз өмүрүн сактап кала албайт,
15
жаа тарткыч да туруштук бере албайт, жөө күлүк да качып кете албайт, атчан да өз өмүрүн сактап кала албайт,
16
эр жүрөктөрдүн эң кайраттуусу ошол күнү жылаңач качат», – дейт Теңир.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9