bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 7
Amos 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 8 →
1
Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жайкы чөп чыга баштаганда, Теңир чегирткени жаратты. Ал чөп падышанын чөп чабыгынан кийин чыккан чөп эле.
2
Чегиртке жердеги чөптөрдү жеп бүткөндө, мен: «Кудай-Теңир, ырайым кыла көр. Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.
3
Ошондо Теңир өкүнүп: «Андай болбойт», – деди.
4
Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жазалаш үчүн, Кудай-Теңир от чыгарды, ошондо ал от түпкүрдөгү чоң сууларды, жердин бир бөлүгүн жалмады.
5
Ошондо мен: «Кудай-Теңирим, токтото көр! Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.
6
Ошондо Теңир өкүнүп: «Бул да болбойт», – деди.
7
Ал мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, Теңир тик дубал үстүндө турат, Анын колунда жипке асма коргошун салмоор бар.
8
Теңир мага: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деди. Мен: «Жипке асма салмоорду», – деп жооп бердим. Анан Теңир мындай деди: «Мына, Мен Өз элим Ысрайылдын ортосуна жипке асма салмоор коём. Мындан ары ага кечирим кылбайм.
9
Ыскактын курмандык чалынуучу бийиктиктери кыйратылат, Ысрайылдын ыйык жайлары талкаланат. Жаробамдын тукумуна кылыч менен каршы чыгам».
10
Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу Аматсия Ысрайылдын падышасы Жаробамга мындай деп айттырды: «Амос Ысрайылдын арасында сага каршы козголоң чыгарып жатат. Анын бүт сөздөрүнө жер чыдай албайт.
11
Анткени Амос мындай деп жатат: “Жаробам кылычтан өлөт, Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет”».
12
Анан Аматсия Амоско мындай деди: «Көрөгөч! Тезинен кет, Жүйүт аймагына кач. Ошол жерде нан жеп, ошол жерде пайгамбарчылык кыл.
13
Ал эми Бейтелде мындан ары пайгамбарчылык кылба, анткени бул жер – падышанын ыйык жайы, падышанын үйү».
14
Ошондо Амос Аматсияга мындай деп жооп берди: «Мен пайгамбар эмесмин, пайгамбардын уулу да эмесмин. Мен койчу болчумун, тыт дарагын өстүрчүмүн.
15
Бирок Теңир мени кой короодон алып, мага мындай деди: “Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарчылык кыл”.
16
Эми Теңирдин сөзүнө кулак сал. Сен мага: “Ысрайылга каршы пайгамбарчылык кылба, Ыскакка сөз сүйлөбө”, – деп жатасың.
17
Ошон үчүн Теңир мындай дейт: “Шаарда сенин аялың бузуктук кылат. Уулдарың менен кыздарың кылычтан өлөт. Сенин жериң жер бөлгөн аркан менен бөлүнөт, өзүң болсо таза эмес жерде өлөсүң, Ысрайыл өз жеринен сөзсүз куулуп чыгат”».
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9