bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 8
Amos 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 9 →
1
Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: мен бир себет бышкан жемишти көрдүм.
2
Ал менден: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен: «Бир себет бышкан жемишти», – дедим. Ошондо Теңир мага мындай деди: «Менин элим Ысрайылдын акыры келди. Мындан ары аны кечирбейм.
3
Ошол күнү падыша сарайындагы ырлар ыйга айланат, – дейт Кудай Теңир, – өлүктөр көп болот, ар кайсы жерде аларды үн-сөзсүз ыргытышат».
4
Кембагалдарды жеп-жуткусу келгендер, жакырларды өлтүргүсү келгендер,
5
«Жаңырган ай майрамы өтсө, биз нан сата алабыз, ишемби күнү өтсө, биз кампаларды ачабыз, эйфанын көлөмүн азайтабыз, шекелдин баасын көтөрөбүз, туура эмес таразалар менен алдайбыз,
6
кедейлерди күмүшкө, кембагалдарды бир жуп бут кийимге сатып алабыз, ал эми дандын калбырдан өтпөй калганын сатабыз», – дегендер, муну уккула!
7
Теңир Жакыптын даңкы менен ант берди: «Чындыгында, алардын бул иштеринин эч бирин түбөлүккө унутпайм!
8
Мына ушундан жер солкулдабас бекен, анын үстүндө жашаган ар бир адам ыйлабас бекен? Жер бүт бойдон дарыядай ташкындайт, ал Мисир дарыясына окшоп бирде көтөрүлүп, бирде төмөн түшөт.
9
Ошол күнү мындай болот, – дейт Кудай-Теңир, – чак түштө күндү батырам, күндүз жерди караңгылатам,
10
майрамдарыңарды кайгыга, ырларыңардын бардыгын ыйга айлантам, баарыңарга зумбал кийгизип, чачыңарды кырам. Өлкөдө жалгыз уулун жоктоп ыйлагандагыдай ый көтөрөм, анын аягы кайгылуу күн сыяктуу болот.
11
Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен жер үстүнө ачарчылык жиберем, ал нанга болгон ачарчылык эмес, сууга болгон суусоо эмес, Теңирдин сөздөрүн угууга болгон суусоону жиберем.
12
Ошондо Теңирдин сөзүн издеп, деңизден деңизге теңселип басышат, түндүктөн чыгышка сандалышат, бирок аны табышпайт.
13
Ошол күнү ошол суусоодон сулуу кыздар менен жигиттер соолушат.
14
Алар Самариянын күнөөсү менен: “Дан, сенин кудайың тирүү! Бейер-Шебага барчу жол тирүү!” – деп ант беришет. Алар кулашат, ошол бойдон турушпайт».
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9