bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 5
Amos 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 6 →
1
Ысрайыл, мына бул сөзгө, силер тууралуу кошогума кулак салгыла:
2
Ысрайыл кызы жыгылды, эми ал мындан ары турбайт! Ал өз жеринде кулатылды, аны тургузар эч ким жок».
3
Анткени Кудай-Теңир: «Ысрайылда миң аскери менен чыккан шаардын жүз аскери гана калат, жүз аскери менен чыккан шаардын он аскери гана калат», – деп жатат.
4
Анткени Теңир Ысрайылга мындай деп жатат: «Мени издегиле, ошондо тирүү болосуңар.
5
Бейтелди издебегиле, Гилгалга барбагыла, Бейер-Шебага өтпөгүлө, анткени Гилгал бүт бойдон туткунга кетет, Бейтел болсо жок болот».
6
Теңирди издегиле, ошондо тирүү болосуңар, Анын каары Жусупка от сыяктуу жалындап, аны жалмап салбасын, Бейтелде ал отту өчүрө турган эч ким болбойт.
7
Оо, силер, адилеттикти эрменге айланткандар, чындыкты тебелегендер!
8
Жети Аркар жана Алты Аркар топ жылдыздарын ким жаратты, өлүм көлөкөсүн жарык таңга ким айлантат, күндү ким түндөй караңгы кылат, ким деңиз сууларын чакырып, жер бетине төгөт? Анын ысымы – Теңир!
9
Ал кыйратуучуну күчтүүгө каршы чыңдайт, ошондо кыйратуучу сепилге кирет.
10
Алар болсо дарбазанын алдында ашкере кылган адамды жек көрүшөт, чындыкты сүйлөгөн адамдан жийиркенишет.
11
Силер жакырды тебелеп-тепсеп, анын нанынын жакшысын тартып алып жатканыңар үчүн, жылмаланган таштардан үйлөрдү курсаңар да, ал үйлөрдө жашабайсыңар, эң сонун жүзүмзарларды өстүрсөңөр да, алардын шарабын ичпейсиңер.
12
«Анткени Мен силердин кылмышыңар канчалык көп экенин, күнөөлөрүңөрдүн кандай оор экенин билем: силер адил адамдын душманысыңар, пара алып, сотто кедей-кембагалдардын иштерин бурмалайсыңар».
13
Ошондуктан акыл-эстүү адам бул мезгилде унчукпайт, анткени бул – жаман мезгил.
14
Тирүү калыш үчүн, жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле. Ошондо өзүңөр айтып жаткандай, Себайот Кудай-Теңир силер менен болот.
15
Жамандыкты жек көргүлө, жакшылыкты сүйгүлө, дарбазаңардын алдында акыйкаттыкты жактагыла. Балким, Себайот Кудай-Теңир Жусуптун калдыгына ырайым кылар.
16
Ошондуктан Бардыгын Кармап Туруучу, Себайот Кудай-Теңир, мындай дейт: «Бардык аянттарда ый болот, бардык көчөлөрдө: “Аттиң! Аттиң!” – деп кыйкырышат. Дыйканды өкүргөнгө, мыкты кошокчуларды кошок кошконго чакырышат.
17
Бардык жүзүмзарларда ый болот, анткени Мен сени аралап өтөм, – дейт Теңир.
18
Теңирдин күнүн каалагандарга кайгы! Силерге Теңирдин ал күнүнүн эмне кереги бар? Ал күн – жарык эмес, караңгы күн.
19
Ал күн – арстандан качкан адамдын алдынан аюу чыккандай, же үйүнө келип, колу менен дубалга таянган адамды жылан чаккандай болгон күн.
20
Эмне, Теңирдин күнү караңгы эмеспи, жарыкпы? Ал караңгы, анда жаркыроо да жок.
21
Силердин майрамдарыңарды четке кагам, аларды жек көрөм, салтанаттуу жыйындарыңарда чалган курмандыктарыңарды жыттабайм.
22
Мага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана нан курмандыгын алып келсеңер да, Мен аларды кабыл албайм жана семиз букачарлардан чалган тынчтык курмандыгыңарды карабайм.
23
Ырларыңдын үнүн Менден алыс кыл, анткени Мен сенин арфаларыңдын үнүн укпайм.
24
Акыйкаттык суудай, чындык тынбай аккан дарыядай агып турсун!
25
Ысрайыл, силер чөлдө жүргөн кырк жыл ичинде Мага арнап курмандыктарды, нан курмандыктарын чалдыңар беле?
26
Силер Молохтун чатырын жана өзүңөр үчүн жасап алган кудайыңардын жылдызы болгон Райпан бурканыңарды көтөрүп жүрдүңөр.
27
Ошон үчүн Мен силерди Дамасктан ары көчүрүп жиберем, – дейт Теңир. Анын ысымы – Себайот Кудай!
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9