bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 6
Amos 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 7 →
1
Сиондо бейкапар жаткан, Самария тоосуна үмүттөнүп бейгам жаткан, элдердин арасында биринчилер деп аталган, Ысрайыл тукуму келип турган адамдарга кайгы!
2
Калнейге өткүлө да, карап көргүлө. Ал жерден улуу Хаматка баргыла, анан пелиштиликтердин Гат шаарына түшкүлө. Алар бул падышачылыктардан жакшы бекен? Алардын жери силердин жериңерден кенен бекен?
3
Силер алаамат күндү алыс деп эсептеп, зомбулуктун бийлигин жакындатып жатасыңар,
4
пил сөөгүнөн жасалган сөрүдө жатасыңар, төшөктө керилип жатасыңар, койлордун эң жакшысын, оттуу жайыттагы букачарларды жеп жатасыңар,
5
гуслинин коштоосунда ырдап, аспапта Дөөткө окшоп ойнойбуз деп ойлойсуңар,
6
шарапты ченебей ичип, эң жакшы майлар менен майланасыңар, Жусуптун кайгысын бөлүшпөйсүңөр!
7
Ошон үчүн силер азыр туткундардын алдында туткундалып кетесиңер. Ошентип, керилип жаткандар, силердин кубанычыңар токтойт.
8
Кудай-Теңир Өзү менен ант берип жатат, Себайот Кудай-Теңир мындай деп жатат: «Жакыптын текебердигинен жийиркенем, анын үйлөрүн жек көрөм, ошондуктан Мен шаарды жана анын ичинде эмне болсо, ошонун баарын душмандын колуна салып берем.
9
Ошондо мындай болот: кайсы бир үйдө он адам калса, алар да өлөт.
10
Ошондо алардын тууганы же сөөк өрттөөчү адам алардын сөөктөрүн үйдөн алып чыгып бара жатып, үйдүн жанында тургандан: “Жаныңда дагы киши барбы?” – деп сурайт. Тигил: “Эч ким жок”, – деп жооп берет. Анда ал ага: “Унчукпа! Анткени Теңирдин ысымын эскерүүгө болбойт”, – деп айтат.
11
Анткени мына, Теңир буйрук берип, чоң үйлөрдү уратат, кичине үйлөрдү жарака кетирип кыйратат.
12
Аттар аска менен чуркай алабы? Асканы өгүз менен айдоого болобу? Силер болсо акыйкаттыкты ууга, чындыктын жемишин эрменге айланттыңар.
13
Силер болбогон нерселерге кубанып: “Биз бул кудуретке өзүбүздүн күчүбүз менен ээ болгон жокпузбу?” – дейсиңер.
14
Мына, Мен, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – Ысрайыл, силерге каршы бир элди көтөрөм, ошондо ал эл силерди Хаматтын кире беришинен чөл суусуна чейин эзет».
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9