bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Amos 3
Amos 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 4 →
1
«Ысрайыл уулдары, Теңирдин силерге каршы айткан сөзүнө кулак салгыла, Мен Мисир жеринен алып чыккан бардык урууга каршы мындай дейм:
2
“Жердеги бардык уруулардын ичинен Мен силерди гана тандап алдым, ошондуктан бардык мыйзамсыздыгыңар үчүн Мен силерди жазалайм”.
3
Эки адам өз ара макулдашпай туруп жолго чыгабы?
4
Алдында жем жок болсо, токойдо арстан ырылдайбы? Эч нерсе кармабаса, жаш арстан үңкүрүнөн үн салабы?
5
Жердеги тордо жем жок болсо, куш торго түшөбү? Торго эч нерсе түшпөсө, тор жерден көтөрүлөбү?
6
Шаарда сурнай тартылганда, эл коркпой коймок беле? Теңир жол бербесе, шаарда алаамат болмок беле?
7
Анткени Кудай-Теңир Өз кулдары – пайгамбарларга Өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт.
8
Арстан айкыра баштаганда, ким солк этпейт? Кудай-Теңир сүйлөгөндө, ким пайгамбарлык кылбайт?
9
Азоттогу жана Мисир жериндеги чептердин үстүнөн: “Самария тоолоруна чогулгула, анын ичиндеги чектен чыккан баш аламандыкты, ал жердеги ырайымсыздыкты көргүлө”, – деп жар салгыла.
10
Алар адилеттик боюнча иш кылганды билишпейт, – дейт Теңир, – алар үйлөрүнө зордук-зомбулук жана талап-тоноочулук менен байлык жыйнашат».
11
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына душман бүт жерди курчайт! Ал сенин күчүңдү алсыратат, сенин үйлөрүң таланып-тонолот».
12
Теңир мындай дейт: «Койчу арстандын оозунан койдун эки шыйрагын же кулагынын бир бөлүгүн кандай сууруп алса, Самарияда төшөгүнүн бир четинде отурган, Дамаскта төшөгүнүн үстүндө жаткан Ысрайыл уулдары ошондой куткарылышат.
13
Уккула, Жакыптын тукумуна каршы күбөлөндүргүлө, – дейт Кудай-Теңир, Себайот Кудай.
14
Анткени Мен Ысрайылды өз кылмыштары үчүн жазага тарткан күнү Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайлары үчүн да жазага тартам, ошондо курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрү кыйылып, жерге түшөт.
15
Мен кышкы үйдү жайкы үй менен кошо кыйратам, пил сөөгү менен кооздолгон үйлөр талкаланат, көп үйлөр жок кылынат, – дейт Теңир».
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9