bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 1
Leviticus 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 2 →
1
Теңир Мусаны чакырып, жыйын чатырынын ичинен ага мындай деп айтты:
2
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Силердин араңардан кимдир бирөө Теңирге арнап малдан курмандык чалгысы келсе, анда бодо малдан же майда малдан чалсын.
3
Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан чала турган болсо, кемчилиги жок эркек мал чалсын. Теңирден ырайым табыш үчүн, ал аны жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келсин.
4
Анан колун бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын башына койсун, ошондо ал ырайым таап, күнөөлөрүнөн тазаланат.
5
Анан букачарды Теңирдин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын алып келип, жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.
6
Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын терисин сыйрып алып, этин жиликтеп бөлсүн.
7
Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо, курмандык чалынуучу жайга от алып келип, үстүнө отун салышсын.
8
Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, курмандыктын жиликтенген этин, башын, майын курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен коюшсун.
9
Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу анын бардыгын курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
10
Эгерде анын курмандыгы майда мал: кой же эчки болсо, анда кемчилиги жок эркек мал болсун.
11
Аны Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайдын түндүк тарабына сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.
12
Анан аны жиликтеп бөлүп, башын кесип, майын ажыратышсын. Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен койсун.
13
Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу баарын алып келип, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
14
Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка Теңирге арнап канаттуулардан алып келгиси келсе, бактек же жаш көгүчкөн алып келсин.
15
Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайга алып келип, башын бурап, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, канын болсо курмандык чалынуучу жайдын капталына сыксын.
16
Анын жемсөөсү менен жүнүн курмандык чалынуучу жайдын чыгыш тарабындагы күл жаткан жерге таштасын.
17
Анын канаттарын сындырып койсун, бирок жулуп албасын. Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө коюп өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27