bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 20
Leviticus 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 21 →
1
Теңир Мусага мындай деп айтты:
2
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ысрайыл уулдарынын ичинен жана Ысрайыл уулдарынын арасында жашаган келгиндердин ичинен ким өз баласын Молохко курмандыкка берсе, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал жердин эли аны таш бараңга алып өлтүрсүн.
3
Мен ал адамга каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам, анткени ал өз баласын Молохко курмандыкка берип, Менин ыйык жайымды булгап, Менин ыйык ысымымды жаманатты кылды.
4
Ал өз баласын Молохко берип жатканда, ал жердин эли ошол адамга көңүл бурбай, аны өлтүрбөй койсо,
5
анда Мен ал адамга каршы жана анын тукумуна каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам, аны менен кошо Молохтун артынан ээрчип адашып жүргөндөрдү да жок кылам.
6
Ким өлгөндөрдү чакыргандарга жана сыйкырчыларга кайрылып, аларды ээрчип адашып жүрсө, анда Мен ал адамга каршы жүзүмдү буруп, аны өз элинин арасынан жок кылам.
7
Өзүңөрдү ыйыктагыла, ыйык болгула, анткени Мен, силердин Кудай-Теңириңер, ыйыкмын.
8
Менин көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла, анткени силерди ыйык кыла турган Теңириңер Менмин.
9
Ким атасына же энесине жаман айтса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал атасына же энесине жаман айткандыктан, өз каны өз мойнунда.
10
Ким күйөөсү бар аял менен ойноштук кылса, ким өз жакынынын аялы менен ойноштук кылса, анда ойноштук кылган эркек да, аял да өлүм жазасына тартылсын.
11
Ким атасынын аялы менен жатса, ал атасынын жылаңач этин ачкан болот. Экөө тең өлүм жазасына тартылсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.
12
Ким өз келини менен жатса, анда экөө тең өлүм жазасына тартылсын. Алар жийиркеничтүү иш кылышты, ошондуктан өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.
13
Ким аял менен жаткандай, эркек менен жатса, анда экөө тең жийиркеничтүү иш кылышты. Алар өлүм жазасына тартылышсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.
14
Ким аялынын үстүнө анын энесин кошо аялдыкка алса, бул – мыйзамсыздык. Араңарда мыйзамсыздык болбошу үчүн, ал эркек менен эки аялды өрттөп салгыла.
15
Ким жаныбар менен жанашса, ал өлүм жазасына тартылсын, ал жаныбарды да өлтүргүлө.
16
Эгерде аял жаныбар менен жанашуу үчүн барса, анда аялды да, жаныбарды да өлтүргүлө, алар өлүм жазасына тартылышсын, өздөрүнүн каны өздөрүнүн мойнунда.
17
Ким өзүнүн эжесин же карындашын, атасынын кызын же энесинин кызын алса, анын жылаңач этин көрсө, кыз да анын жылаңач этин көрсө, бул – маскарачылык. Алар өз элинин көз алдында өлтүрүлсүн. Ал өз карындашынын жылаңач этин ачты, өз күнөөсүн өзү көтөрөт.
18
Ким аялынын айызы келип жатканда жылаңач этин ачса, анда ал каны агып жатканын көрдү, аял өзүнүн аккан канын көргөздү. Экөө тең өз элинин арасынан жок кылынсын.
19
Ким энесинин эже-сиңдисинин же атасынын эже-карындашынын жылаңач этин ачса, өзүнүн жылаңач этин ачкан болот. Өз күнөөсүн өзү көтөрөт.
20
Ким өз жеңеси менен жатса, ал агасынын жылаңач этин ачкан болот. Алардын күнөөлөрү өздөрүнүн мойнунда, алар бала көрбөй өтүшөт.
21
Ким өз бир тууганынын аялын алса, бул жийиркеничтүү. Ал өз бир тууганынын жылаңач этин ачкан болот, алар бала көрбөй өтүшөт.
22
Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо Мен силерди жашасын деп берип жаткан жер силерди силкип салбайт.
23
Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдин кылганын кылбагыла, анткени алар ушулардын баарын кылышкан, ошондуктан Мен аларга каарымды төктүм.
24
Мен силерге мындай деп айтпадым беле: Алардын жерин ээлейсиңер, анткени сүт менен бал аккан ошол жерди силерге мураска Мен берип жатам. Силерди башка элдерден бөлүп алган Кудай-Теңириңер Менмин.
25
Адал малды арам малдан, таза канаттууну таза эмес канаттуудан ажырата билгиле. Мен арам деп бөлүп койгон жаныбар менен, канаттуу менен, боору менен сойлоп жүрүүчү жаныбарлар менен булганбагыла.
26
Менин алдымда ыйык болгула, анткени Мен, Теңириңер, ыйыкмын, силерди Меники болсун деп, башка элдерден бөлүп алдым.
27
Эркек болобу, аял болобу, ким өлгөндөрдү чакырса же сыйкырчылык кылса, ал өлүм жазасына тартылсын. Ал таш бараңга алынсын, өз каны өз мойнунда”».
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27