bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 7
Leviticus 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 8 →
1
Айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндөгү мыйзам мындай: бул – эң ыйык нерсе.
2
Айып үчүн чалынуучу курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык союлуучу жерде союлсун, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгыш керек.
3
Курмандыкты алып келген адам анын майынын баарын: куйрук майын, карын майын,
4
карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.
5
Мунун баарын ыйык кызмат кылуучу Теңирге арнап курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул айып үчүн чалынган курмандык болот.
6
Аны ыйык кызмат кылуучулар уруусунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Ал ыйык жерде желсин. Бул – эң ыйык нерсе.
7
Күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен айып үчүн чалынуучу курмандыктын мыйзамы бир. Бул курмандык күнөөдөн тазалаган ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.
8
Ыйык кызмат кылуучу бирөөнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгын өрттөсө, ал өрттөгөн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын териси ага тиешелүү.
9
Тандырга, карапага же көмөч казанга бышырылган нан курмандыктарынын баары аларды Теңирдин алдына алып келген ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.
10
Нан курмандыктарынын зайтун майы кошулганы да, кошулбаганы да Арундун уулдарынын баарына тиешелүү.
11
Теңирге арнап алып келген тынчтык курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай:
12
Ким курмандыкты ыраазычылык билдирүү үчүн алып келсе, анда ал ыраазычылык билдирүү курмандыгына зайтун майы кошулган ачыткысыз нандарды, ачыткы кошулбай бышырылган, үстүнө зайтун майы сыйпалган токочторду, зайтун майы сиңирилген буудай унун, зайтун майы кошулган нандарды алып келсин.
13
Ал ыраазычылык билдирүү үчүн алып келген тынчтык курмандыгын алып келгенде, токочтордон сырткары ачыткы кошулган нан алып келсин.
14
Бардык курмандыктардын ичинен бирөөнү ал Теңирдин алдында өйдө көтөрсүн. Бул курмандык тынчтык курмандыгынын канын чачкан ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.
15
Ыраазычылык билдирип алып келген тынчтык курмандыгынын эти ошол эле күнү желсин. Андан эртең мененкиге калбасын.
16
Ким Теңирге арнап убада боюнча же өз каалоосу боюнча курмандык алып келсе, анда ал курмандык алып келген күнү желсин, артып калганын эртеси күнү жесе болот.
17
Ал эми курмандыктын үчүнчү күнгө калган эти өрттөлсүн.
18
Эгерде тынчтык курмандыгынын эти үчүнчү күнү желе турган болсо, бул Кудай үчүн жагымсыз. Анын алып келгени эсепке алынбайт. Ал таза эмес болуп эсептелет, ким аны жесе, ал күнөөлүү болот.
19
Эгерде бул эт таза эмес бир нерсеге тийип кетсе, анда ал желбестен, өрттөлсүн. Ал эми таза этти ар бир таза адам жесе болот.
20
Ким таза эмес болуп турганда Теңирге арналган тынчтык курмандыгынын этин жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын.
21
Ким таза эмес нерселерге: адамдын таза эмес нерсесине, же таза эмес малга, же таза эмес сойлоочу жаныбарга тийип, анан Теңирге арналган тынчтык курмандыгынын этинен жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын”».
22
Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:
23
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Өгүздүн да, койдун да, эчкинин да майын жебегиле.
24
Өлгөн малдын же жырткыч жара тарткан малдын майын ар кандай нерсеге пайдаланса болот, бирок жегенге болбойт.
25
Ким Теңирге курмандыкка алып келинген малдын майын жесе, ал өз элинин арасынан жок кылынсын.
26
Кайсы жерде жашасаңар да, эч кандай канаттуунун, эч кандай малдын канын жебегиле.
27
Ким кайсы бир жандыктын канын жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын”».
28
Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:
29
«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ким Теңирге тынчтык курмандыгын алып келсе, анда ал тынчтык курмандыгынын тиешелүү бөлүгүн Теңирге өзү алып келсин.
30
Ал курмандыкты Теңирге өз колу менен алып келүүгө тийиш. Ал курмандыктын майы менен төшүн Теңирдин алдында силкилдетсин.
31
Майын ыйык кызмат кылуучу курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, ал эми төшү Арун менен анын уулдарына тиешелүү.
32
Тынчтык курмандыгыңардын ичинен курмандыктын оң санын силкилдетиле турган курмандык катары ыйык кызмат кылуучуга бергиле.
33
Арундун уулдарынын ичинен тынчтык курмандыгынын канын курмандык чалынуучу жайга чачкан, майын өрттөгөн уулуна курмандыктын оң саны тиешелүү.
34
Анткени Мен Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктарынын ичинен силкилдетиле турган төш менен өйдө көтөрүлө турган оң санды Ысрайыл уулдарынан түбөлүк үлүш катары ыйык кызмат кылуучу Арунга жана анын уулдарына бердим”».
35
Арун менен анын уулдарынын Теңирдин алдында ыйык кызматка чакырылган күндөн баштап, Теңирге арналган курмандыктардын ичинен алган үлүшү ушул.
36
Теңир аларды ыйык кызматка майлаган күндөн баштап, аларга Ысрайыл уулдары алып келген курмандыктардан ушул үлүштү берип турууга буйрук кылган. Бул – алардын укум-тукумуна түбөлүккө калган көрсөтмө.
37
Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө, нан курмандыгы жөнүндө, күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө, айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө, ыйык кызматка арноо курмандыгы жөнүндө жана тынчтык курмандыгы жөнүндө берилген мыйзамдар ушулар.
38
Теңир Мусага Синай тоосунда берген мыйзамдар ушулар. Ал бул мыйзамдарды Синай чөлүндө Ысрайыл уулдарына Теңирге арнап курмандыктарды алып келүүнү буйруган күнү берген.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27