bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 2
Leviticus 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 3 →
1
Ким Теңирге арнап нан курмандыгын алып келе турган болсо, буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куюп, үстүнө ладан салсын.
2
Анан аны Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган ундан бир ууч алып, Теңир эсине алышы үчүн, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.
3
Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арналган курмандыктардын эң ыйыгы болот.
4
Эгерде нан курмандыгына тандырга жабылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жуурулган нан болсун жана зайтун майы сыйпалган, ачыткы кошулбаган токоч болсун.
5
Эгерде нан курмандыгына көмөч казанга бышырылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.
6
Аны сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куй. Бул нан курмандыгы болот.
7
Эгерде нан курмандыгына карапага бышырылган нан алып келсең, анда ал зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.
8
Теңирге ушундай жасалган нан курмандыктарын алып кел. Аларды ыйык кызмат кылуучуга бер, ал болсо аны курмандык чалынуучу жайга алып келип коёт.
9
Ыйык кызмат кылуучу ал курмандыктардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.
10
Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арнап өрттөлүүчү курмандыктардын эң ыйыгы.
11
Теңирге арнап алып келген нан курмандыгыңардын эч бирине ачыткы кошпогула, анткени ачыткы кошулган курмандыкты, балды Теңирге арнап өрттөгөнгө болбойт.
12
Аларды биринчи түшүм курмандыгы катары Теңирге алып келсеңер болот, бирок аларды жагымдуу жыт катары курмандык чалынуучу жайда өрттөгөнгө болбойт.
13
Нан курмандыктарыңдын ар бирине туз сал. Курмандыктарыңа Кудайыңдын келишим тузун кошпой койбо. Ар бир курмандыгыңды алып келгенде, туз ала кел.
14
Эгерде биринчи түшүмүңдөн Теңирге арнап нан курмандыгын алып келсең, анда алгачкы буудай баштарынан отко кууруп, жанчып майдалап алып кел.
15
Аларга зайтун майынан куюп, үстүнө ладан салып кой. Бул нан курмандыгы болот.
16
Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган дандардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн өрттөсүн. Бул Теңирге арналган курмандык болот.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27