bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 27
Leviticus 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
1
Теңир Мусага мындай деп айтты:
2
«Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Ким Теңирге кайсы бир нерсесин арноого убада берсе, сенин баалаганың боюнча
3
ал адам ыйык шекел менен баалансын. Эгерде ал жыйырма жаштан алтымыш жашка чейинки эркек болсо, элүү ыйык күмүш шекелге баалансын.
4
Эгерде аял болсо, анда отуз күмүш шекелге баалансын.
5
Беш жаштан жыйырма жашка чейинки эркек жыйырма күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.
6
Бир айдан беш жашка чейинки эркек бала беш күмүш шекелге, ал эми кыз үч күмүш шекелге баалансын.
7
Алтымыш жаштан жогорку эркек он беш күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.
8
Эгерде ал адам өтө эле жарды болсо, айтылган бааны бере албаса, анда аны ыйык кызмат кылуучуга алып келишсин, ыйык кызмат кылуучу аны жашоо шартына жараша бааласын.
9
Ким Теңирге арнап мал алып келсе, анда ал мал курмандыкка чалынсын. Теңирге арнала тургандын баары ыйык болсун.
10
Ал мал башка нерсеге айырбашталбасын, жакшысы жаманга же жаманы жакшыга алмаштырылбасын. Ким малды малга алмаштырса, анда экөө тең ыйык болуп эсептелсин.
11
Эгерде Теңирге арнап курмандыкка чалганга жарабаган таза эмес мал алып келсе, анда ал малды ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.
12
Ал мал жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу баалайт. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.
13
Ким ал малдын кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда ал малдын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп сатып алсын.
14
Ким Теңирдин ыйык жайы үчүн үйүн арнаса, ал үй жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу бааласын. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.
15
Эгерде арнаган киши үйүнүн кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда сен койгон баа боюнча үйдүн баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо үй аныкы болот.
16
Ким өз үлүшүнөн Теңирге жер арнаса, анда анын баасы себилген үрөнгө жараша болсун. Себилген бир хомер арпа үчүн элүү күмүш шекел.
17
Ким өзүнүн жерин юбилей жылы арнаса, анда ал ыйык кызмат кылуучу койгон баада болсун.
18
Ким өзүнүн жерин юбилей жылынан кийин арнаса, анда ыйык кызмат кылуучу аны кийинки юбилей жылына чейинки, калган жылдардын санына жараша бааласын, ошондо баасы азаят.
19
Эгерде жерин арнаган киши аны кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда анын баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо жер өзүндө калат.
20
Эгерде ал жерин кунун төлөп кайрып албаса, жер башка кишиге сатылып кетсе, анда аны кунун төлөп кайтарып алууга болбойт.
21
Ал жерди эч ким сатып албаса, юбилей жылы Теңирге арналган ыйык жер болуп калат. Ал жер түбөлүккө ыйык кызмат кылуучунуку болот.
22
Ким Теңирге өзүнүн жерин эмес, сатып алган жерин арнаса,
23
анда ыйык кызмат кылуучу аны юбилей жылына чейинки жылдардын санына жараша баалап, ошол эле күнү Теңирге арнасын.
24
Ал жер юбилей жылы жердин биринчи ээсине өтөт.
25
Ар бир нерсенин баасы ыйык шекел менен баалансын, бир шекелде жыйырма гер бар.
26
Малдын биринчи төлүн эч ким Теңирге арнабасын, анткени биринчи төл Теңирге тиешелүү. Өгүз болобу, майда жандык болобу, алар Теңирдики.
27
Эгерде мал таза эмес болсо, анда аны сен койгон баанын үстүнө баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп кайра кайрып алсын. Эгерде ал кунун төлөбөсө, анда ал сен койгон баада сатылышы керек.
28
Ким Теңирге өз менчигинен адам, мал, жер арнаса, анда алар сатылбайт жана кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Теңирге арналгандын баары Теңир алдында ыйык.
29
Теңирге арналган адам кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Ал өлтүрүлсүн.
30
Бардык түшүмдүн: жердин түшүмүнүн, дарактардын жемишинин ондон бир бөлүгү Теңирге таандык. Бул Теңирдин алдында ыйык.
31
Ким өзү берген түшүмдүн ондон бир бөлүгүнүн кунун төлөп кайра алгысы келсе, анда анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп берсин.
32
Бодо мал менен майда малдын ондон бир бөлүгү, таяк астынан өткөн малдын онунчусу Теңирге арналсын.
33
Ал жакшы же жаман деп тандалбасын, алмаштырылбасын. Эгерде аны алмаштырса, анда экөө тең Теңирге таандык болуп калат да, куну төлөнүп кайра кайтарылбайт”».
34
Мына ушул осуяттарды Теңир Синай тоосунда Ысрайыл уулдарына Муса аркылуу берген.
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27