bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 18
Leviticus 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 19 →
1
Теңир Мусага мындай деп айтты:
2
«Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Мен силердин Кудай-Теңириңермин.
3
Силер жашап келген Мисир жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, Мен силерди алып бараткан Канаан жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, алардын мыйзамдары боюнча жашабагыла.
4
Менин мыйзамдарым менен көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла, ошолордун негизинде жашагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.
5
Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, аларды аткарган адам тирүү болот. Мен Теңирмин.
6
Эч ким жакын тууганы болгон аялдын жылаңач этин ачып жакындабасын. Мен Теңирмин.
7
Атаң менен энеңдин жылаңач этин ачпа: ал сенин энең, энеңдин жылаңач этин ачпа.
8
Атаңдын аялынын жылаңач этин ачпа, ал өз атаңдын жылаңач эти болот.
9
Эже-карындашыңдын, атаңдын же энеңдин үйдө же сыртта туулган кызынын жылаңач этин ачпа.
10
Уулуңдун кызынын же кызыңдын кызынын жылаңач этин ачпа, анткени ал өзүңдүн жылаңач этиң.
11
Атаңдан төрөлгөн атаңдын аялынын кызынын жылаңач этин ачпа, ал сенин аталаш эжең же карындашың, ошондуктан анын жылаңач этин ачпа.
12
Атаңдын эжесинин же карындашынын жылаңач этин ачпа, анткени сенин атаң менен анын каны бир.
13
Энеңдин эжесинин же сиңдисинин жылаңач этин ачпа, анткени сенин энең менен анын каны бир.
14
Атаңдын бир тууганынын жылаңач этин ачпа, анын аялына жакындаба, анткени ал сенин жеңең.
15
Келиниңдин жылаңач этин ачпа, анткени ал сенин уулуңдун аялы, анын жылаңач этин ачпа.
16
Бир тууганыңдын аялынын жылаңач этин ачпа, анткени ал бир тууганыңдын жылаңач эти болот.
17
Энеси менен кошо кызынын жылаңач этин ачпа. Ал аялдын уулунун кызын же кызынын кызын аялдыкка алба, жылаңач этин ачпа, анткени алардын каны бир. Бул мыйзамсыздык болот.
18
Эжеси менен сиңдисин күндөш кылып аялдыкка алба, аялыңдын көзү тирүүсүндө, аялыңдын көз алдында анын жылаңач этин ачпа.
19
Аялыңдын айызы келип жатканда, жылаңач этин ачпа.
20
Жакыныңдын аялы менен жатпа, эрендигиңди агызып булганба.
21
Балдарыңды Молохко курмандыкка чалып Кудайыңдын атын булгаба. Мен Теңирмин.
22
Аял менен жаткандай, эркек менен жатпа, бул жийиркеничтүү.
23
Мал менен жанашып эрендигиңди агызып булганба. Аял да мал менен жанашпасын. Бул жийиркеничтүү.
24
Мындай нерселер менен булганбагыла, анткени Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдер ушунун баары менен булганган.
25
Жер булганды, Мен анын мыйзамсыздыктарына жүзүмдү бурдум, жер өзүнүн үстүндө жашагандарды силкип салды.
26
Силер болсо Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла. Жергиликтүү тургун да, араңарда жашаган келгин да мындай жийиркеничтүү иштерди кылбасын.
27
Анткени силерге чейин жашаган эл бул жерди ушундай жийиркеничтүү иштерди кылып булгаган.
28
Эгерде силер да бул жерди булгасаңар, анда жер мурда жашаган элди силкип салгандай, силерди да силкип салат.
29
Анткени ушундай жийиркеничтүү ишти кылгандардын баары өз элинин ичинен жок кылынат.
30
Силерден мурункулар кылган жийиркеничтүү иштерди кылып булганбашыңар үчүн, Менин буйруктарымды сактагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин”».
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27