bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 24
Leviticus 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 25 →
1
Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:
2
«Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук кыл: Чырактан үзгүлтүксүз күйүп, жарык берип турушу үчүн, алар сага чырактанды күйгүзүү үчүн тазаланган, жанчылган зайтун майын алып келишсин.
3
Арун аны жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдында тартылып турган көшөгөнүн сыртында кеч киргенден таң атканга чейин Теңир алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө.
4
Ал таза алтындан жасалган чырактандын үстүндөгү чырактарды Теңирдин алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын.
5
Буудай унунан он эки нан бышыр. Ар бир нанга эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк ун кетсин.
6
Аларды Теңирдин алдындагы таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө алты-алтыдан эки катар кылып кой.
7
Ар бир катар нандын үстүнө ладан кой, ал Теңир эсине алышы үчүн коюлган курмандык болсун.
8
Ишемби сайын аларды Ысрайыл уулдарынан алып, Теңирдин алдына дайыма коюп турсун. Бул – түбөлүккө калган мыйзам.
9
Алар Арун менен анын уулдарына таандык, аларды ыйык жайда жешсин, анткени алар Теңирге арналган курмандыктардын ичинен эң ыйыгы. Бул – түбөлүккө калган көрсөтмө».
10
Ысрайылдык бир аялдын мисирлик адамдан төрөлгөн уулу Ысрайыл уулдарына келип, ысрайылдык бир адам менен стандын ичинде чатакташа кетти.
11
Ысрайылдык аялдын уулу Теңирдин ысымына тил тийгизип, жаман сөздөрдү айтты. Ошондо аны Мусага алып келишти.
12
Теңирдин буйругу жарыялангыча, аны камап коюшту.
13
Ошондо Теңир Мусага мындай деп айтты:
14
«Жаман сүйлөгөн адамды стандын сыртына алып чык, анын жаман сөздөрүн уккандардын бардыгы колдорун анын башына коюшсун, анан бүт жамаат аны таш бараңга алып өлтүрсүн.
15
Ысрайыл уулдарына болсо мындай де: Ким Кудайга жаман сөз айтса, ал өз күнөөсүн өзү көтөрөт.
16
Теңирдин ысымына тил тийгизген адам өлүшү керек, бүткүл жамаат аны таш бараңга алсын. Теңирдин ысымына тил тийгизген келгин да, жергиликтүү тургун да өлүм жазасына тартылсын.
17
Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.
18
Ким мал өлтүрсө, ал малдын ордуна мал төлөп берсин.
19
Ким өз жакынын жарадар кылса, аны да жарадар кылышсын.
20
Сыныкка сынык, көзгө көз, тишке тиш. Ким бир адамды кандай жарадар кылса, аны да так ошондой жарадар кылышсын.
21
Ким мал өлтүрсө, ал аны төлөп берсин. Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.
22
Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бир мыйзам болсун, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин».
23
Муса Ысрайыл уулдарына ушуларды айтты. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылып, Теңирдин ысымына тил тийгизген адамды стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алышты.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27