bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Leviticus 17
Leviticus 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 18 →
1
Теңир Мусага мындай деп айтты:
2
«Арун менен анын уулдарына жана Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Теңир мындай буйрук кылат:
3
Ысрайыл элинин ичинен ким стандын ичинде же сыртында букачар, кой же эчки союп,
4
Теңирге арнап курмандыкка чалуу үчүн Теңирдин турагынын алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына алып келбесе, анда ал кишинин мойнунда кан калат. Ал кан төктү, ал өз элинин ичинен жок кылынсын.
5
Ошон үчүн Ысрайыл уулдары талаада соё турган өздөрүнүн курмандыктарын Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келишсин жана аларды Теңирге арнап тынчтык курмандыгына чалышсын.
6
Ыйык кызмат кылуучу анын канын жыйын чатырынын эшигинин алдында турган Теңирдин курмандык чалынуучу жайына чачсын, майын жыты Теңирге жаккан курмандык катары өрттөсүн.
7
Өздөрү адашып ээрчип жүргөн жасалма кудайларына мындан ары курмандык чалбашы үчүн, бул алардын укум-тукумуна түбөлүккө калган көрсөтмө болсун”.
8
Аларга дагы мындай де: “Ысрайыл элинин ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык же башка курмандык чалып,
9
аларды жыйын чатырынын алдына Теңирге арнап алып келбесе, анда ал өз элинин ичинен жок кылынсын.
10
Ысрайыл элинин ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким кандайдыр бир кан жесе, анда Мен кан жеген кишиге каарымды төгүп, аны элинин ичинен жок кылам.
11
Анткени дененин жаны – каны. Силердин жаныңарды күнөөдөн тазартуу үчүн, Мен ал канды курмандык чалынуучу жайга дайындагам, анткени ал кан жанды тазартат.
12
Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Силердин ичиңерден эч ким кан жебесин, араңарда жашаган келгин да кан жебесин.
13
Эгерде Ысрайыл уулдарынын ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким тузак тартып, жегенге жараган жаныбарды же канаттууну кармап алса, анда ал анын канын агызып, жерге көмүп салсын.
14
Анткени ар бир дененин жаны – каны. Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Эч бир дененин канын жебегиле, анткени кан – ар бир дененин жаны. Ким кан жесе, ал жок кылынсын.
15
Жергиликтүү тургун болобу, келгин болобу, ким болбосун, өлүктү же жырткыч жара тартып кеткен жаныбарды жесе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, кечке чейин таза эмес болуп, андан кийин гана таза болот.
16
Эгерде ал кийимин жана денесин жуубаса, анда өз мыйзамсыздыгы өз мойнунда болот”».
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27