bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 1
1 Kings 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 2 →
1
Дөөт аябай карып калган кезде, аны канчалык жылуулап жабышпасын, жылыбай койду.
2
Ошондо кулдары ага: «Мырзабыз падышага жаш кыз издешсин, ал падышанын жанында болсун, аны карасын, аны менен жатсын, ошондо мырзабыз падыша жылыйт», – дешти.
3
Бүткүл Ысрайыл жеринен сулуу кыз издеп, шунамдык Абишага деген кызды таап, падышага алып келишти.
4
Кыз абдан сулуу эле. Ал падышаны карап, ага кызмат кылып жүрдү. Бирок падыша ага жакындаган жок.
5
Дөөттүн Кагыттан төрөлгөн уулу Адония текеберденип: «Мен падыша болом», – деди. Ошентип, ал майдан араба, атчан жоокер жана элүү жөө күлүк күттү.
6
Атасы аны «Эмне үчүн минтип жатасың?» деген суроо менен капалантчу эмес. Ал абдан келишимдүү эле. Ал анын Абышаломдон кийин төрөлгөн уулу эле.
7
Адония Серуя уулу Жойап менен, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар менен кеңешти, алар ага жардам беришти.
8
Бирок ыйык кызмат кылуучу Садок, Жойат уулу Беная, Натан пайгамбар, Шемей, Рея жана Дөөттүн эр жүрөк адамдары Адония тарапта болушкан жок.
9
Адония Эйин-Рогел булагынын жанындагы Зохелет ташынын жанында койлорду, өгүздөрдү, букачарларды союп, падышага кызмат кылган бардык жүйүттөр менен өз бир туугандарын, падышанын уулдарын чакырды.
10
Бирок ал Натан пайгамбарды, Бенаяны жана Дөөттүн эр жүрөк адамдарын, бир тууганы Сулайманды чакырган жок.
11
Ошондо Натан Сулаймандын энеси Бат-Шебага мындай деди: «Падышанын Кагыттан төрөлгөн уулу Адония падыша болуп алганын уктуңбу? Бирок бул жөнүндө мырзабыз Дөөт билбейт.
12
Эми менин кеңешимди ук: өзүңдүн жаныңды жана уулуң Сулаймандын жанын сакта.
13
Бар, Дөөт падышага кирип, ага мындай де: “Мырзам падыша, "Менден кийин уулуң Сулайман падыша болот, ал менин тагыма отурат", – деп, өз күңүңө ант бербедиң беле? Эмне үчүн Адония падыша болуп калды?”
14
Сен ошол жерде падыша менен сүйлөшүп жатканыңда, сенин артыңан мен да кирип, сенин сөзүңдү толуктайм».
15
Бат-Шеба падышанын уктоочу бөлмөсүнө келди. Падыша өтө кары эле. Ага шунамдык Абишага кызмат кылып жүргөн.
16
Бат-Шеба ийилип, падышага таазим кылды. Падыша андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.
17
Бат-Шеба ага: «Мырзам падыша, “Уулуң Сулайман менден кийин падыша болот, ал менин тагыма отурат”, – деп, күңүңө Кудай-Теңириң менен ант бербедиң беле.
18
Бирок азыр Адония падыша болду, мырзам падыша, сен болсо ал жөнүндө билбейсиң.
19
Ал көп өгүз, букачар, кой союп, падышанын бардык уулдарын, ыйык кызмат кылуучу Абыйатарды, аскер башчы Жойапты чакырды, бирок кулуң Сулайманды чакырган жок.
20
Бирок, мырзам падыша, бүт ысрайылдыктар сени карап, өзүңдөн кийин кимди тактыга отургузуп, падыша кылып жарыяларыңды күтүп жатышат.
21
Болбосо мырзам падыша ата-бабалары жаткан жайга коюлганда, айып мага жана уулум Сулайманга коюлат», – деди.
22
Ал падыша менен сүйлөшүп жатканда, Натан пайгамбар да келди.
23
Падышага: «Натан пайгамбар келди», – дешти. Ал падышанын үстүнө кирип, жерге чейин ийилип таазим кылды.
24
Анан Натан мындай деди: «Мырзам падыша! “Менден кийин Адония падышачылык кылат, менин тагыма отурат”, – деп айттың беле?
25
Себеби ал бүгүн түшүп келип, көптөгөн өгүз, кой, букачар союп, падышанын бардык уулдарын, аскер башчыларды жана ыйык кызмат кылуучу Абыйатарды чакырды. Алар аныкында ичип-жеп отурушат. “Жашасын Адония падыша!” – деп жатышат.
26
Бирок кулуң мени, ыйык кызмат кылуучу Садокту, Жойат уулу Бенаяны жана кулуң Сулайманды чакырган жок.
27
Бул менин мырзам падышанын каалоосу менен болдубу? Өзүңдөн кийин тагыңа ким отурарын кулуңа эмне үчүн айткан жоксуң?»
28
Дөөт падыша: «Мага Бат-Шебаны чакырып келгиле», – деди. Ал кирип, падышанын алдына келди.
29
Падыша мындай деп ант берди: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткаруучу Теңир тирүү!
30
Мен сага: “Менден кийин сенин уулуң Сулайман падышачылык кылат, ал менин тагыма отурат”, – деп, Ысрайылдын Кудай-Теңири менен ант бергем. Мен аны бүгүндөн калбай орундатам».
31
Ошондо Бат-Шеба жерге чейин ийилип, падышага таазим этип: «Мырзам, Дөөт падыша, кылымдан кылымга жашасын!» – деди.
32
Дөөт падыша: «Мага ыйык кызмат кылуучу Садокту, Натан пайгамбарды, Жойат уулу Бенаяны чакырып келгиле», – деди. Алар падышага келишти.
33
Падыша аларга мындай деди: «Менин кулдарымды алып, уулум Сулайманды качырыма мингизип, Гихонго алып баргыла.
34
Ал жерде ыйык кызмат кылуучу Садок менен Натан пайгамбар аны Ысрайылга падыша кылып майлашсын. Анан сурнай тартып: “Жашасын Сулайман падыша!” – деп жар салгыла.
35
Анан аны кайра алып келгиле, ал келип, менин тагыма отурат. Менин ордума ал падышачылык кылат. Мен аны Ысрайыл менен Жүйүткө жол башчы кылып дайындадым».
36
Жойат уулу Беная падышага мындай деди: «Оомийин! Мырзам падышанын Кудай-Теңири да ушинтип айтсын!
37
Кудай-Теңир мырзам падыша менен болгондой эле, Сулайман менен да болсун. Ал анын тактысын менин мырзам Дөөт падышанын тактысынан да жогору кылсын!»
38
Ошентип, ыйык кызмат кылуучу Садок, Натан пайгамбар, Жойат уулу Беная, керейликтер менен пелейликтер Сулайманды Дөөт падышанын качырына мингизип, Гихонго алып жөнөштү.
39
Ыйык кызмат кылуучу Садок жыйын чатырынан мүйүзгө куюлган зайтун майын алып, Сулайманды майлады. Анан сурнай тартышты, бүт эл: «Жашасын Сулайман падыша!» – деп жар салды.
40
Бүт эл Сулайманды коштоп жүрдү. Эл чоор тартып, аябай кубанып, жер жаңырта кыйкырып жатты.
41
Муну Адония жана анын чакырган коноктору тамак жеп бүтүшөрү менен угушту. Жойап сурнай үнүн угуп: «Бул эмне деген ызы-чуу? Шаарда эмне болуп жатат?» – деп сурады.
42
Ал сүйлөп жатканда, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар уулу Жонатан келди. Адония: «Кир, сен жакшы адам элең, жакшы кабар менен келгендирсиң», – деди.
43
Жонатан Адонияга мындай деп жооп берди: «Ооба, мырзабыз Дөөт падыша Сулайманды падыша койду.
44
Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокту, Натан пайгамбарды, Жойат уулу Бенаяны, керейликтер менен пелейликтерди аны менен кошо жиберди, алар аны падышанын качырына мингизишти.
45
Ыйык кызмат кылуучу Садок менен Натан пайгамбар аны Гихондо падыша кылып майлашты. Алар ал жактан кубаныч менен кайтышты, шаар кыймылга келди. Силер уккан ызы-чуу мына ушундан».
46
Сулайман падышачылык такка отургандан кийин,
47
падышанын кулдары мырзабыз Дөөт падышаны куттуктаганы келип: «Кудайың Сулаймандын атын сеникинен да жогору кылсын, анын тактысын сеникинен да жогору койсун!» – дешти. Падыша төшөгүндө отуруп таазим кылды.
48
Анан падыша: «Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк! Бүгүн Ал менин тагыма өз уулумду отургузду, муну менин көзүм көрдү!» – деди.
49
Ошондо Адониянын чакырган конокторунун баары корккондорунан тура калып, ар кимиси өз жолуна түштү.
50
Адония болсо Сулаймандан коркуп, ордунан турду да, барып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармады.
51
Сулайманга мындай деп билдиришти: «Адония Сулайман падышадан коркуп, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармап алып: “Сулайман падыша кулун кылычтап өлтүрбөйм деп, мага азыр ант берсин”, – деп жатат».
52
Ошондо Сулайман: «Эгерде ал ак ниет адам болсо, анда бир тал чачы да жерге түшпөйт. Эгерде арам ою болсо, анда өлөт», – деди.
53
Анан Сулайман падыша киши жиберип, аны курмандык чалынуучу жайдан алдырды. Ал келип, Сулайман падышага таазим кылды. Сулайман ага: «Yйүңө бар!» – деди.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22