bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 12
1 Kings 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 13 →
1
Рехабам Шекемге кетти, анткени аны такка отургузуу үчүн, бүт Ысрайыл эли Шекемге келди.
2
Сулайман падышадан качып, дагы эле Мисирде жүргөн Небат уулу Жаробам бул жөнүндө угуп, Мисирден кайтып келди.
3
Киши жиберип, аны чакыртышты. Ошондо Жаробам жана ысрайылдыктардын бүт жамааты Рехабамга келип, мындай деп айтышты:
4
«Сенин атаң биздин мойнубузга оор моюнтурук салган, эми сен атаң жүктөгөн оор жумушту, мойнубузга салган оор моюнтурукту жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».
5
Рехабам аларга: «Баргыла да, үч күндөн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.
6
Рехабам падыша атасы Сулайман тирүү кезинде анын алдында жүргөн карыялар менен кеңешип: «Бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?» – деди.
7
Алар ага: «Эгер сен ушул күнү бул элге кул болуп, аларга кызмат кылсаң, аларды ыраазы кылсаң, аларга жакшы сөздөрдү айтсаң, анда алар түбөлүккө сага кул болушат», – деп айтышты.
8
Бирок ал карылардын айткан кеңешин четке какты. Ал өзү менен бирге өскөн, алдында кызмат кылган жаштар менен кеңешти.
9
Аларга мындай деди: «“Атаң мойнубузга салган моюнтурукту жеңилдет”, – деген бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?»
10
Аны менен бирге өскөн жаштар ага мындай дешти: «“Атаң мойнубузга оор моюнтурук салган, сен аны жеңилдет”, – деп айткан элге: “Менин чыпалагым атамдын белинен жоонураак.
11
Атам силердин мойнуңарга оор моюнтурук салып эзген болсо, мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм”, – деп айт».
12
Падышанын «Yч күндөн кийин мага келгиле» деген буйругу боюнча үчүнчү күнү Жаробам жана бүт эл Рехабамга келишти.
13
Падыша элге катаал жооп берди, карыялардын берген кеңешин четке какты.
14
Ал жаш адамдардын кеңеши менен: «Менин атам силердин мойнуңарга оор моюнтурук салган, а мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм», – деди.
15
Падыша элге кулак салган жок, анткени Теңирдин шилолук Акия аркылуу Небат уулу Жаробамга айткан сөзү ордунан чыгышы үчүн Теңир тарабынан ушундай белгиленген эле.
16
Бүт ысрайылдыктар падышанын укпай койгонун көрүштү. Ошондо эл падышага: «Дөөттө биздин кайсы бөлүгүбүз бар эле? Жышайдын уулунда үлүшүбүз жок. Ысрайыл, өз-өз чатырыңа жөнө! Дөөт, эми сен өз тукумуңду бил!» – деп айтты. Ошентип, Ысрайыл өз чатырларына тарады.
17
Рехабам Жүйүттүн шаарларында жашаган Ысрайыл уулдарына гана падышачылык кылды.
18
Рехабам падыша салык жыйноочулардын башчысы Адонурамды жиберди, бирок ысрайылдыктар аны таш бараңга алып өлтүрүп салышты. Рехабам падыша Иерусалимге качып кетиш үчүн, шашылыш түрдө майдан арабага түштү.
19
Ысрайыл ушул күнгө чейин Дөөттүн тукумуна каршы.
20
Ысрайылдыктар Жаробамдын кайтып келгенин угушканда, киши жиберип, аны жыйынга чакыртышып, ысрайылдыктарга падыша кылып алышты. Дөөт тарапта Жүйүт жана Бенжемин урууларынан башка эч ким калган жок.
21
Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл уруулары менен согушуп, Сулаймандын уулу Рехабамга падышачылыкты кайтарыш үчүн, бүткүл Жүйүт уруусунан жана Бенжемин уруусунан тандалган жүз сексен миң аскер топтоду.
22
Кудайдын кишиси Шемайга Кудайдан мындай сөз айтылды:
23
«Жүйүт падышасы Сулаймандын уулу Рехабамга, Жүйүт жана Бенжемин урууларына жана калган элге айт:
24
Теңир мындай дейт: “Бир тууганыңар Ысрайыл уулдарына барбагыла жана согуш баштабагыла. Ар бириңер үйүңөргө кайткыла, анткени бул Менден болду”». Алар Теңирдин тилин алышып, Теңирдин сөзү боюнча кайра кайтышты.
25
Жаробам Эпрайым тоосундагы Шекемди чеп куруп бекемдеп, ошол жерге отурукташты. Ал жерден чыгып, Пенуелди чеп куруп бекемдеди.
26
Анан Жаробам өз жүрөгүндө мындай деди: «Падышачылык Дөөттүн тукумуна кайра өтүп кетиши ыктымал.
27
Эгерде бул эл Иерусалимдеги Теңир үйүнө курмандык чалууга бара турган болсо, анда бул элдин жүрөгү өз өкүмдарына, Жүйүт падышасы Рехабамга тартылып кетет. Анан мени өлтүрүп, Жүйүт падышасы Рехабамга кайра кетип калышат».
28
Анан падыша кеңешип, алтындан эки букачар жасап, элге: «Силерге Иерусалимге баруунун кереги жок. Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан кудайларың мына!» – деди.
29
Анын бирин Бейтелге, экинчисин Данга койду.
30
Бул элди күнөөгө түрттү, анткени эл Бейтелге, атүгүл, Данга да барып турду.
31
Ал бийик жерге буткана курду да, Леби уулдарынан эмес, эл ичинен буткана кызматчыларын койду.
32
Жүйүт жериндеги майрамга окшош кылып, Жаробам сегизинчи айдын он бешинчи күнүн майрам кылып белгиледи. Курмандык чалынуучу жайда курмандыктарды чалды. Бейтелде да өзү жасаган букачарларга курмандык чалды. Ал Бейтелге курган бутканага кызматчыларды койду.
33
Ал Бейтелге курган курмандык чалынуучу жайда өз каалоосу менен белгилеп алган сегизинчи айдын он бешинчи күнү курмандыктарды чалды. Ысрайыл уулдары үчүн майрам белгилеп, жыпар жыттуу зат түтөтүш үчүн, курмандык чалынуучу жайдын жанына келди.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22