bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 10
1 Kings 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 11 →
1
Теңирдин ысымын даңктаган Сулаймандын даңкы жөнүндө уккан шебалык падыша аял аны табышмак айтып сынаганы келди.
2
Ал Иерусалимге өтө көп байлык менен келди. Төөлөрүнө жыпар жыттуу заттарды, көп сандаган алтындарды, асыл таштарды жүктөп алган эле. Ал Сулайманга келип, жүрөгүндөгү бардык нерсе жөнүндө аны менен сүйлөштү.
3
Сулайман анын бардык суроолоруна жооп берди. Падыша билбеген, жооп бере албаган бир да суроо болгон жок.
4
Шебалык падыша аял Сулаймандын акылмандуулугун жана анын курган үйүн,
5
анын дасторконундагы тамак-ашын, кулдарынын турак-жайын, анын кызматчыларынын кызматын, алардын кийимдерин, анын шарап сунуучуларын, Теңирдин ийбадатканасында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалганын көрдү. Таң калганын жашыра албай, падышага мындай деди:
6
«Өз жеримде сенин иштериң менен акылмандуулугуң жөнүндө уккандарым чындык экен.
7
Бирок келип, өз көзүм менен көрмөйүнчө, айтылган сөздөргө ишенген эмес элем. Мага жарымы да айтылбаптыр. Сен мен уккандан да акылдуу экенсиң, байлыгың мен уккандан да көп экен.
8
Дайыма сенин алдыңда туруп, акылмандуулугуңду уккан элиң да, кызматчыларың да бактылуу!
9
Сени Ысрайылдын тагына отургузуп, сага ырайым кылган Кудай-Теңириңе даңк! Теңир Ысрайылды түбөлүктүү сүйүү менен сүйгөндүктөн, адилет жана туура сот жүргүзсүн деп, сени падыша коюптур».
10
Ал падышага жүз жыйырма талант алтын, өтө көп жыпар жыттуу зат жана асыл таш белек кылды. Сулайман падышага шебалык падыша аял тартуу кылганчалык көп жыпар жыттуу зат эч качан келген эмес.
11
Опирден алтын ташыган Хирамдын кемеси менен Опирден өтө көп кызыл жыгач жана асыл таштарды алып келишти.
12
Ошол кызыл жыгачтардан падыша Теңирдин ийбадатканасынын, падыша сарайынын тепкичтери үчүн тосмолорду, ырчылар үчүн гуслилер менен арфаларды жасатты. Мынчалык көп кызыл жыгач буга чейин эч качан келген эмес, мындайды ушул күнгө чейин эч ким көргөн эмес.
13
Сулайман падыша шебалык падыша аялга өз колу менен берген белектеринен тышкары анын каалаганынын жана сураганынын баарын берди. Анан ал кулдары менен өз жерине кайтты.
14
Сулайманга жыл сайын келүүчү алтындын салмагы алты жүз алтымыш алты алтын талант.
15
Андан тышкары, соодагерлер, көпөстөр, Аравиянын бардык падышалары, дубан башчылары ага алтын алып келип турушчу.
16
Сулайман падыша алтынды балка менен согуп, эки жүз чоң калкан жасады. Ар бир калканга алты жүз шекелден алтын кетти.
17
Алтынды балка менен согуп, үч жүз кичине калкан жасады, ар бир калканга үчтөн мина алтын кетти. Падыша аларды Лебанон жыгачынан курулган үйгө койду.
18
Падыша пилдин сөөгүнөн чоң такты жасап, аны таза алтын менен каптады.
19
Ал тактынын алты баскычы бар эле. Тактынын артынын жогору жагы тегерек болчу, орундугунун эки жагында чыканак койгучу бар болчу. Тактынын эки капталында эки арстан турчу.
20
Алты баскычтын эки жагында он эки арстан турчу. Мындай бир да падышачылыкта болгон эмес.
21
Сулайман падышанын суусундук ичүүчү идиштеринин бардыгы алтындан, Лебанон жыгачынан курулган үйдөгү идиштердин бардыгы таза алтындан эле. Күмүштөн жасалган эч нерсе жок болчу, анткени Сулаймандын убагында күмүш бааланчу эмес.
22
Себеби Хирамдын кемеси менен бирге падышанын деңизде Таршыш кемеси болгон. Таршыш кемеси менен үч жылда бир жолу алтын-күмүштөр, пил сөөгү, маймылдар жана тоос куштары алып келинип турчу.
23
Сулайман падыша байлыгы жана акылмандуулугу жагынан бүт жер жүзүндөгү падышалардан жогору эле.
24
Кудай тарабынан берилген Сулаймандын акылмандуулугун угуш үчүн, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сулайманды көргүлөрү келген.
25
Алар ага белек катарында алтын жана күмүш идиштерди, кийимдерди, куралдарды, жыпар жыттуу заттарды, аттарды жана качырларды жыл сайын тартуулап турушчу.
26
Ошондой эле Сулайман майдан арабаларын жана атчан жоокерлерин көбөйттү. Анын атчан жоокерлери он эки миң, майдан арабалары бир миң төрт жүз болду. Падыша аларды майдан арабалар үчүн курулган шаарларга жана өзү жашаган шаарга, Иерусалимге жайгаштырды.
27
Падыша Иерусалимде күмүштү жөнөкөй таштарга теңеди, кедр жыгачы өтө көп болгондуктан, аларды ойдуңда өсүүчү тытка теңеди.
28
Сулайман падышага аттарды Кебейден жана Мисирден алып келишчү. Аларды Кебейден падышанын соодагерлери акчага сатып алышчу.
29
Мисирден алып келинген бир майдан араба алты жүз шекел күмүш, ал эми бир ат жүз элүү шекел күмүш турчу. Алар мунун баарын ушундай жол менен хеттик жана арамейлик падышаларга өз колдору менен жеткирип беришчү.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22