bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 18
1 Kings 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 19 →
1
Көп күндөр өткөндөн кийин, үчүнчү жылы Илияска Теңирден сөз болду: «Барып, Ахапка көрүн, Мен жерге жамгыр жаадырам».
2
Илияс Ахапка көрүнгөнү кетти. Самарияда болсо катуу ачарчылык болуп жаткан эле.
3
Ахап ак сарай башчысы Обадияны чакыртты. Обадия Кудайдан аябай корккон киши эле.
4
Изебел Теңирдин пайгамбарларын кырган кезде, Обадия жүз пайгамбарды алып, элүү кишиден үңкүрлөргө катып, аларды нан жана суу менен баккан.
5
Ахап Обадияга мындай деди: «Бүт жерди кыдырып, суу башаттарын, өзөндөрдү издеп кел. Аттар менен качырларды тойгузуш үчүн, малдан айрылбас үчүн, оттуу жер табылып калар».
6
Алар карап чыгуу үчүн жерди өз ара бөлүп алышты: Ахап өзүнчө бир жолго, Обадия өзүнчө бир жолго түштү.
7
Обадия жолдо бара жатканда, алдынан Илияс чыкты. Ал Илиясты таанып, жүзтөмөндөп жыгылып: «Илияс мырза, бул сенсиңби?» – деди.
8
Илияс: «Ооба, менмин. Барып, мырзаңа айт. “Илияс бул жерде де”», – деди.
9
Ошондо Обадия мындай деди: «Ахаптын колуна салып берип өлтүргүдөй, кулуң кандай күнөө кылды?
10
Кудай-Теңириң тирүү! Менин өкүмдарым сени издетпеген бир да эл, бир да падышачылык калган жок. Сени жок деген элдерди, падышачылыктарды: “Таппай койдук”, – деп каргантты.
11
Сен болсо мага: “Мырзаңа барып: "Илияс бул жерде", – деп айт” дейсиң да.
12
Мен сенин жаныңдан кеткенде, сени Теңирдин Руху алып кетет, кайда алып кетерин билбейм. Мен барып, Ахапка билдиргенде, ал сени таппай калса, мени өлтүрөт. Кулуң болсо жаштайынан Кудайдан коркот.
13
Изебел Теңирдин пайгамбарларын кырган кезде, Теңирдин пайгамбарларынан жүз кишини, элүү кишиден үңкүргө катып, суу менен нан берип бакканым мырзама айтылган жок беле?
14
Сен болсо мага: “Мырзаңа барып: "Илияс бул жерде", – деп айт” дейсиң да. Ал мени өлтүрүп коёт».
15
Ошондо Илияс: «Мен алдында турган Теңир Себайот тирүү! Ага бүгүн көрүнөм», – деди.
16
Обадия Ахаптын алдынан чыгып, ага билдирди. Ахап Илияска кезиккени жөнөдү.
17
Ахап Илиясты көргөндө, ага: «Ысрайылдын башына мүшкүл салган сенсиңби?» – деди.
18
Илияс мындай деди: «Ысрайылдын башына мүшкүл салган мен эмесмин, ал сенсиң жана сенин атаңдын үй-бүлөсү, анткени силер Теңирдин буйруктарын жек көрүп, Баалдын артынан ээрчип жүрөсүңөр.
19
Эми бар да, Изебелдин дасторконунан тамактанган Ашейранын төрт жүз пайгамбарын жана Баалдын төрт жүз элүү пайгамбарын, бүт Ысрайылды Кармел тоосуна, менин алдыма чогултуп бер».
20
Ахап Ысрайылдын бардык уулдарына чабарман жиберип, Кармел тоосуна бүт пайгамбарларды чогултту.
21
Ошондо Илияс элдин алдына келип: «Качанкыга чейин эки бутуңардан аксайсыңар? Эгер Теңирди Кудай десеңер, анда Аны ээрчигиле. Эгерде Баалды Кудай десеңер, анда аны ээрчигиле», – деди. Эл ага эч нерсе деп жооп берген жок.
22
Анан Илияс элге мындай деди: «Теңирдин пайгамбарларынан жалгыз мен калдым, ал эми Баалдын пайгамбарлары төрт жүз элүү.
23
Бизге эки букачар беришсин, алар бир букачарды тандап алып, жиликтеп бөлүп, отундун үстүнө коюшсун, бирок от коюшпасын. Мен болсо экинчи букачарды даярдап, отундун үстүнө коём, бирок от койбойм.
24
Силер өз кудайыңардын атын чакыргыла, а мен өз Кудай-Теңиримдин атын чакырам. Кудайлардын кимиси от аркылуу жооп берсе, ошол – Кудай». Бүт эл: «Жакшы болот», – деди.
25
Илияс Баалдын пайгамбарларына: «Бир букачар тандап алып, адегенде силер даярдагыла, анткени силер көпсүңөр. Анан өз кудайыңардын атын чакыргыла, бирок от койбогула», – деди.
26
Алар өздөрүнө берилген букачарды алып, даярдашты да, таң аткандан түшкө чейин Баалдын атын чакырышты: «Баал, бизди ук!» Бирок үн да, жооп да болгон жок. Алар өздөрү жасаган курмандык чалынуучу жайды айлана бийлеп жүрүштү.
27
Түштө Илияс аларга күлүп: «Катуу кыйкыргыла, анткени ал – кудай. Балким, ойго батып кеткендир, же бир иш менен алек болуп жаткандыр, же жолдодур, а балким, уктап жаткандыр, ойгонор», – деди.
28
Алар катуу кыйкыра башташты, анан өздөрүнүн адаты боюнча бычак менен, найза менен өздөрүн кан аккыча сайгылашты.
29
Түш ооду, тигилер болсо кечки курмандык чалуучу убакка чейин ушинтишти. Бирок үн да, сөз да, жооп да болгон жок.
30
Ошондо Илияс бүт элге: «Мага жакын келгиле», – деди. Бүт эл ага жакын келди. Ал Теңирдин бузулган курмандык чалынуучу жайын калыбына келтирди.
31
Теңир: «Сенин ысымың Ысрайыл болот», – деп айткан Жакып уулдарынын урууларынын саны боюнча Илияс он эки таш алды.
32
Ошол таштардан Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургузуп, курмандык чалынуучу жайды тегерете эки сата дан баткыдай аң казды.
33
Анан отундарды койду, букачарды жиликтеп бөлүп, отундун үстүнө койду.
34
Анан: «Төрт чакага суу толтургула, аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка жана отундун үстүнө куйгула», – деди. Анан: «Кайталагыла», – деди. Алар кайталашты. Анан: «Үчүнчү жолу ушундай кылгыла», – деди. Алар үчүнчү жолу ошондой кылышты.
35
Курмандык чалынуучу жайдын айланасынан суу куюлуп, аңга суу толду.
36
Кечки курмандык чалуу убагында Илияс пайгамбар курмандык чалынуучу жайдын жанына келип, мындай деди: «Ыбрайымдын, Ыскактын, Ысрайылдын Кудай-Теңири! Ушул күнү Ысрайылдагы жалгыз Кудай Сен экениңди, мен Сенин кулуң экенимди, баарын Сенин сөзүң боюнча кылганымды билишсин.
37
Уга көр мени, Теңир, уга көр мени! Ушул эл, Теңир, Сенин Кудай экениңди билсин, Сен алардын жүрөгүн Өзүңө бурасың».
38
Ошондо Теңирдин оту түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, отунду да, таштарды да, топуракты да, аңдагы сууну да жалмап кетти.
39
Муну көргөн эл жүзтөмөндөп жыгылып: «Теңир – Кудай, Теңир – Кудай!» – деди.
40
Илияс аларга: «Баалдын пайгамбарларын кармагыла, алардын бирөө да жашынып калбасын», – деди. Аларды кармап келишти, Илияс аларды Кишон суусуна алып барып, кылыч менен сайып өлтүрдү.
41
Анан Илияс Ахапка: «Бар, тамактанып ал, анткени жамгырдын дабышы угулуп жатат», – деди.
42
Ахап тамактанганы кетти, Илияс болсо Кармел тоосунун башына чыгып, эңкейип, эки тизесинин ортосуна башын койду.
43
Анан өзүнүн кызматчы уланына: «Барып, деңиз жакты кара», – деди. Ал көрүп келип: «Эч нерсе жок экен», – деди. Ал ага: «Ушуну жети жолу кайтала», – деди.
44
Улан жетинчи жолу көрүп келип: «Деңиз тараптан чоңдугу адамдын алаканындай болгон булут көтөрүлүп келе жатат», – деди. Ал ага: «Барып, Ахапка: “Жаанга калбаш үчүн, майдан арабаңды чегип, жөнө”, – деп айт», – деди.
45
Аңгыча шамал согуп, булут каптап, асман түнөрүп, кара нөшөр куйду. Ахап болсо майдан арабасына отуруп, Изрейелге жөнөдү.
46
Теңирдин колу Илиястын үстүндө эле. Ал белин курчап алып, Изрейелге жеткенче Ахаптын алдында чуркап барды.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22