bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 21
1 Kings 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 22 →
1
Ушул окуялардан кийин мындай болду: Самария падышасы Ахаптын падыша сарайынын жанында, Изрейелде изрейелдик Наботтун жүзүмзары бар эле.
2
Ахап Наботко: «Жүзүмзарыңды мага бер, ал жерге мен жашылча өстүрөм, анткени ал менин үйүмө жакын. Анын ордуна мен сага андан да жакшы жүзүмзар берем. Эгер кааласаң, канча турса, ошончо күмүш берем», – деди.
3
Бирок Набот Ахапка: «Ата-бабаларымдын мурасын сага берүүдөн Теңирим мени сактасын!» – деди.
4
Ахап изрейелдик Наботтун «Ата-бабаларымдын мурасын сага бербейм» деген сөзүнө көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө келди да, төшөгүнө тескери карап жатып алды, тамак ичкен жок.
5
Анын үстүнө аялы Изебел кирип: «Эмнеге мынча көңүлүң чөктү? Эмнеге тамак ичпей койдуң?» – деди.
6
Ал ага мындай деди: «Изрейелдик Наботко: “Жүзүмзарыңды күмүшкө бер, кааласаң, анын ордуна башка жүзүмзар берем”, – десем, ал мага: “Жүзүмзарымды сага бербейм”, – деди».
7
Ошондо аялы Изебел ага: «Сен ушундай кылсаң, Ысрайылда эмне деген падышачылык болот? Тур, тамак ич, кайгырба, мен сага изрейелдик Наботтун жүзүмзарын алып берем», – деди.
8
Анан ал Ахаптын атынан каттарды жазып, аларга анын мөөрүн басты да, ал каттарды Набот менен бир шаарда жашаган аксакалдарга жана атактуу кишилерге жиберди.
9
Ал каттарга мындай деп жазды: «Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузгула.
10
Ал эми анын маңдайына жүзү кара эки кишини отургузгула. “Сен Кудайга жана падышага акарат келтирдиң” деп, алар ага жалаа жабышсын. Анан аны алып чыгып, таш бараңга алып өлтүргүлө».
11
Анын шаарында жашаган эркектер: аксакалдар, атактуу кишилер Изебел жиберген каттарда кандай жазылса, ошондой кылышты.
12
Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузушту.
13
Анан жүзү кара эки киши чыгып, анын маңдайына отурду. Ал жаман адамдар элдин алдында ага: «Набот Кудайга жана падышага акарат келтирди», – деп жалаа жабышты. Ошентип, аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү.
14
Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн Изебелге айттырып жиберишти.
15
Изебел Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн укканда, Ахапка: «Тур, барып, изрейелдик Наботтун күмүшкө бергиси келбеген жүзүмзарын ээле, анткени Набот жок, ал өлдү», – деди.
16
Ахап Наботтун өлгөнүн укканда, ордунан турду да, анын жүзүмзарын ээлеп алганы жөнөдү.
17
Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду:
18
«Тур, барып, Самариядагы Ысрайыл падышасы Ахапка жолук. Ал азыр Наботтун жүзүмзарын ээлеп алганы келди.
19
Ага мындай дегин: Теңир мындай дейт: “Өлтүргөнүң аз келгенсип, эми мурасын ээлеп алгың барбы?” Дагы мындай де: Теңир мындай дейт: “Наботтун канын иттер кайсы жерде жалашса, сенин каныңды да ошол жерде жалашат”».
20
Ахап Илияска: «Душманым, мени таптың!» – деди. Илияс мындай деди: «Таптым, анткени сен Теңирге жакпаган иштерди кылууга дитиңди бердиң.
21
Теңир мындай дейт: “Мен сага каран түн түшүрөм, артыңа тукум калтырбай, жер үстүнөн шыпырып таштайм, Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.
22
Акарат келтирип, Мени каардантканың үчүн, Ысрайылды күнөөгө батыргандыгың үчүн, Небат уулу Жаробамдын тукумун жана Акиянын уулу Баашанын тукумун кандай кылсам, сенин тукумуңду да ошондой кылам”.
23
Теңир Изебел жөнүндө да: “Изрейел дубалынын сыртында Изебелди иттер жейт”, – деди.
24
Шаарда Ахаптын тукумунан ким өлсө, аны иттер жейт. Ал эми талаада кимиси өлсө, аны асман куштары чокуп жейт.
25
Аялы Изебелдин сөзүнө кирип, Теңирге жакпаган иштерди кылган Ахаптай адам мурун болгон эмес.
26
Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан аморлуктардай болуп жасалма кудайларды ээрчип, өтө ыпылас иштерди кылды».
27
Ахап ушул сөздүн баарын укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, орозо кармап, зумбалчан жатып, кайгылуу жүрдү.
28
Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду, Теңир мындай деди:
29
«Менин алдымда Ахаптын моюн сунганын көрдүңбү? Менин алдымда моюн сунганы үчүн Мен ага көзү тирүүсүндө каран түн түшүрбөйм. Анын тукумуна баласынын убагында каран түн түшүрөм».
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22