bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 9
1 Kings 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 10 →
1
Сулайман Теңирдин ийбадатканасын, падыша сарайын куруп бүттү, эмнени кааласа, ошонун баарын жасап бүттү.
2
Ошондо Теңир мурда Гибондо келгендей, ага экинчи жолу келди.
3
Теңир ага мындай деди: «Мен сенин сыйынууңду жана өтүнүчүңдү уктум. Сен курган бул ийбадатканада Менин ысымым түбөлүк жашашы үчүн, Мен аны ыйыктадым. Менин көзүм да, жүрөгүм да ал жерде дайыма болот.
4
Эгер сен Мен сага осуят кылгандардын бардыгын аткарып, Менин алдымда атаң Дөөт сыяктуу таза жүрөк менен адил жашасаң, Менин буйруктарым менен мыйзамдарымды сактасаң,
5
анда “Сенин тукумуң Ысрайыл элинин тагынан түшпөйт” деп, атаң Дөөткө айтканымдай, сенин падышачылык тагыңды Ысрайылга түбөлүк коём.
6
Эгерде силер да, уулдарыңар да Менден четтеп кетсеңер, Менин силерге берген осуяттарым менен буйруктарымды аткарбасаңар, башка кудайларга кызмат кылып, табына баштасаңар,
7
анда Мен Өзүм берген жерден Ысрайылды жок кылам, Өзүмдүн ысымым үчүн ыйыктаган ийбадаткананы таштап кетем, ошондо Ысрайыл бүт элдер арасында лакап жана күлкү болот.
8
Ушул бийик ийбадаткананын жанынан өткөн ар бир адам үрөйү учуп, ышкырып: “Теңир бул жерди жана бул ийбадаткананы эмне үчүн ушундай кылды?” – деп айтат.
9
Ошондо: “Булар ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккан өздөрүнүн Кудай-Теңирин таштап, башка кудайларды кабыл алып, аларга табынып, кызмат кылышкандыгы үчүн ушул алааматтын баарын Теңир алардын башына салды”, – деп айтышат».
10
Сулайман эки үйдү – Теңир үйү менен падыша сарайын жыйырма жылда куруп бүттү.
11
Тир падышасы Хирам Сулайманга каалашынча кедр жана кипарис жыгачын, алтын жеткирип тургандыгы үчүн, Сулайман падыша Хирамга Галилея жеринен жыйырма шаар берди.
12
Хирам Сулайман берген шаарларды көрүү үчүн, Тирден чыкты. Бирок алар ага жаккан жок.
13
Ал: «Бир тууганым, сен мага эмне деген шаарларды бергенсиң?» – деди. Анан Хирам аларды Кабул жери деп атады, ушул күнгө чейин ал ушундай аталат.
14
Падышага Хирам жүз жыйырма талант алтын жөнөттү.
15
Сулайман падыша Теңирдин ийбадатканасын, өз үйүн курууга, Мило сепилин, Иерусалим дубалын, Хатсорду, Мегидону жана Гезерди калыбына келтирүүгө жумшоо үчүн ушундай салык салган эле.
16
Мисир падышасы фараон келип, Гезерди басып алды да, аны өрттөп, шаарда жашаган канаандыктарды кырып, аны Сулаймандын аялы болгон өз кызынын себине берди.
17
Сулайман Гезерди жана төмөнкү Бейт-Коронду,
18
Баалатты жана чөлдөгү Тадморду,
19
эгин сактай турган бардык шаарларды, майдан арабалар үчүн, атчан аскерлер үчүн шаарларды, Иерусалимде, Лебанондо жана өзүнө караштуу бардык жерлерде эмнени кургусу келсе, ошолордун бардыгын курду.
20
Аморлуктардын, хеттиктердин, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын аман калгандарын,
21
Ысрайыл уулдары жок кыла албай калган алардын балдарын Сулайман кул сыяктуу жумушка салды, ушул күнгө чейин ошондой.
22
Сулайман Ысрайыл уулдарын жумушка салган жок, аларды жоокер, кызматчы, төрө, аскер башчы, майдан арабаларга жана атчан жоокерлерге башчы кылды.
23
Сулаймандын жумушчуларынын үстүнөн караган көзөмөлдөөчүлөрдүн саны беш жүз элүү болчу.
24
Фараондун кызы Дөөттүн шаарынан Сулайман куруп берген үйгө көчүп келди. Анан Сулайман Мило сепилин курду.
25
Сулайман Теңирге арнап өзү курган курмандык чалынуучу жайга жылына үч жолу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалып, Теңирдин алдында жыпар жыттуу заттарды түтөтүп турду. Ошентип, ал үйдү куруп бүтүрдү.
26
Сулайман падыша ошондой эле Эдом жериндеги, Кызыл деңиздин жээгиндеги, Эйлаттын жанындагы Этсатон-Геберде кеме курду.
27
Хирам деңизди жакшы билген кол астындагы кемечилерин Сулаймандын кол астындагы кишилери менен бирге кеме менен жөнөттү.
28
Алар Опирге сүзүп барып, ал жактан Сулайман падышага төрт жүз жыйырма талант алтын алып келишти.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22