bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 5
1 Kings 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 6 →
1
Тир падышасы Хирам Сулаймандын атасынын ордуна падыша болуп майланганын угуп, ага өкүлдөрүн жөнөттү, анткени Хирам Дөөттүн түбөлүк досу болгон.
2
Сулайман да Хирамга мындай деп айттырды:
3
«Өзүң билесиң, атам Дөөт тегерегиндеги элдер менен согушуп тургандыктан, Теңир ал элдерди анын бут алдына жыкканга чейин, өз Кудай-Теңиринин ысымына арнап үй кура алган жок.
4
Ушул кезде мага Кудай-Теңирим бардык жактан тынчтык берди. Душман жок, мындан ары тоскоолдук кыла турган эч ким жок.
5
Теңир атам Дөөткө: “Сенин ордуңа, тагыңа Мен отургуза турган уулуң Менин ысымыма арнап үй курат”, – деген, ошондуктан мен Кудай-Теңиримдин ысымына арнап үй курууну ниет кылып жатам.
6
Андыктан мен үчүн Лебанондон кедр дарагын кыюуну буйрук кыл. Менин кулдарым сенин кулдарың менен бирге болот, мен сенин кулдарыңа сен белгилегендей акы төлөйм, анткени бизде дарак кыюуну сидондуктардай билген киши жок экенин сен билесиң».
7
Сулаймандын сөзүн укканда, Хирам абдан кубанып: «Ушул көп элди башкаруу үчүн, Дөөткө акылман уул берген Теңир даңкталсын!» – деди.
8
Хирам Сулайманга мындай деп айттырды: «Мага элчи жибергениңдин себебин уктум, кипарис жана кедр жыгачтары жөнүндөгү бүт каалооңду аткарам.
9
Менин кулдарым жыгачтарды Лебанондон деңизге жеткиришет, сен айткан жерге деңиз аркылуу сал менен жеткирип, жыйып коюшат, аларды ошол жерден аласың. Бирок сен да менин каалоомду аткарып, үй-бүлөмө дан жеткиртип бер».
10
Хирам Сулаймандын каалоосун толук аткарып, кипарис жана кедр жыгачтарын берип турду.
11
Сулайман болсо Хирамга, анын үйү үчүн жыйырма миң кор буудай, жыйырма миң кор жанчылган зайтун майын берип турду. Жыл сайын Сулайман Хирамга ушунчадан берип турду.
12
Теңир Сулайманга убада кылган акылмандыкты берди. Сулайман менен Хирам өз ара келишим түзүп, тынчтыкта болушту.
13
Анан Сулайман падыша бүт Ысрайылга милдеттенме берди. Милдеттенмени аткаруучулардын саны отуз миң адам болду.
14
Аларды Лебанонго ай сайын он миңден кезек менен жөнөтүп турду. Алар бир ай Лебанондо, эки ай үйлөрүндө болуп турушту. Аларга Адонурам башчылык кылды.
15
Сулаймандын тоодо оор жүк көтөргөн жетимиш миң адамы, таш сомдогон сексен миң адамы болгон.
16
Элдин ишин көзөмөлдөө үчүн, Сулайман үч миң үч жүз башчы койгон.
17
Падыша үйдүн пайдубалы үчүн чоң, кымбат, жылмаланган таштарды ташып келүүнү буйрук кылды.
18
Аларды Сулаймандын, Хирамдын жумушчулары жана гебалдыктар сомдошкон. Алар үй курууга жыгачтар менен таштарды даярдашкан.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22