bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 4
1 Kings 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 5 →
1
Ошентип, Сулайман бүт Ысрайылга падыша болуп турду.
2
Анын кол астындагы башкаруучулары мына булар эле: ыйык кызмат кылуучу: Садоктун уулу Азария.
3
Катчылар: Шиши уулдары Элихореп менен Акия. Тарыхчы: Акилут уулу Жошапат.
4
Аскер башчы: Жойат уулу Беная. Ыйык кызмат кылуучулар: Садок менен Абыйатар.
5
Натан уулу Азария – дубан кызматчылардын үстүнөн башчы, ыйык кызмат кылуучу Натандын уулу Забут – падышанын досу.
6
Падыша сарайынын башчысы – Акишар, салык жыйноочулардын башчысы – Абда уулу Адонурам.
7
Сулаймандын бүткүл Ысрайылга койгон он эки башкаруучусу бар эле, алар падышага, анын үйүнө азык-түлүк жеткирип турушчу. Ар бири жыл сайын бир айга жеткидей азык жеткирчү.
8
Алардын аттары: Эпрайым тоосун Хур уулу,
9
Макасты, Шаалбимди, Бейт-Шемешти, Эйлонду жана Бейт-Кананды Декер уулу,
10
Арубатты Хесет уулу башкарчу. Сохо менен бүт Хейпер жерин да ал башкарчу.
11
Бүтүн Напат-Дорду Абинадап уулу башкарчу. Сулаймандын кызы Тафат анын аялы эле.
12
Акилут уулу Баана Таанахты, Мегидону, Изрейелдин төмөн жагындагы Саретандын жанындагы Бейт-Шейанды, Бейт-Шейандан Абел-Мекелге чейинки жерлерди, атүгүл, Жокмаамдын ары жагындагы жерлерди да башкарчу.
13
Гебер уулу Гилаттын Рамотун башкарчу. Анын карамагында Менашенин уулу Жайырдын Гилаттагы кыштактары бар эле. Ошондой эле анын карамагына Башандагы Аргоп дубаны дубалдуу жана жез кулпулуу алтымыш чоң шаары менен тиешелүү эле.
14
Маханайимди Идо уулу Акинадап башкарчу.
15
Напталы жерин Акимаас башкарчу. Ал Сулаймандын кызы Басематты аялдыкка алган.
16
Бейалот жана Ашыр жерин Хушайдын уулу Баана башкарчу.
17
Исахар жерин Паруахтын уулу Жошапат башкарчу.
18
Бенжемин жерин Эйланын уулу Шимей башкарчу.
19
Гилат жерин, Амор падышасы Сихондун жерин жана Башан падышасы Огдун жерин Ури уулу Гебер башкарчу.
20
Деңиз жээгиндеги кумдай көп Жүйүт менен Ысрайыл ичип-жеп, көңүл ачып жатты.
21
Сулайман Эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, Мисир жерине чейинки бүт падышачылыктарга ээлик кылды. Алар Сулаймандын көзү өткөнчө кызмат кылып, тартуу алып келип турушту.
22
Сулаймандын бир күнкү азык-түлүгү отуз кор буудай унунан, алтымыш кор башка ундан,
23
бугулардан, жейрендерден, бөкөндөрдөн жана семиртилген канаттуулардан тышкары бордолгон он өгүздөн, жайыттан алынган жыйырма өгүздөн, жүз койдон турган.
24
Анткени ал дарыянын берки өйүзүндөгү бардык жерге, Типсактан Азага чейин, дарыянын берки өйүзүндөгү бардык падышаларга үстөмдүк кылды жана тегерегиндеги бардык өлкөлөр менен тынчтыкта болду.
25
Сулаймандын көзү өткөнчө, Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жүйүт эли өздөрүнүн анжыр жыгачынын, жүзүм багынын астында бейкапар жашады.
26
Сулаймандын майдан арабага чегилген аттары үчүн кырк миң мамысы, аттары үчүн он эки миң мамысы бар эле.
27
Ошол башкаруучулардын ар бири өзүнө белгиленген айда Сулайман падышанын дасторконуна тиешелүү болгон бардык нерселерди жеткирип турушту, аны эч нерсеге муктаж кылышкан жок.
28
Падыша конуш алган жерге ар бири өз кезеги менен аттарга, качырларга арпа, саман жеткирип турушту.
29
Кудай Сулайманга деңиз жээгиндеги кумдай көп акылмандык, даанышмандык, кеменгерлик берди.
30
Сулаймандын акылмандуулугу чыгыш уулдарынын бүт акылмандуулугунан жана мисирликтердин бүт акылмандуулугунан жогору эле.
31
Ал бардык адамдардан акылдуу болчу, акылы эзрахилик Эйтандан, Эйман, Калкол, Дарда, Махол уулдарынан алда канча өйдө болчу. Тегерек-четтеги бардык элдерге аты чыкты.
32
Ал үч миң накыл сөз айткан, анын бир миң беш ыры бар эле.
33
Ошондой эле дарактар жөнүндө, Лебанондогу кедр жыгачынан баштап дубалга жабышып өсүүчү иссопко чейин айткан. Жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана балыктар жөнүндө айткан.
34
Сулаймандын акылмандыгы жөнүндө уккан жер үстүндөгү бардык падышачылыктардан, бардык элдерден анын акылмандуулугун угуу үчүн келип турушчу.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22