bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Kings 7
1 Kings 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 8 →
1
Ал эми өз үйүн Сулайман он үч жылда куруп бүтүрдү.
2
Ал Лебанондун жыгачынан үй тургузду, анын узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги отуз чыканак эле. Кедрден төрт катар мамы орнотту. Мамылардын үстүнө кедр устундары коюлду.
3
Бир катарда он бештен турган кырк беш мамынын үстүнө кедр секи жабылды.
4
Бири-бирине тушташ үч катар терезе коюлду.
5
Бардык эшиктер жана алардын кашектери төрт бурчтуу болду, үч катар терезелер бири-бирине тушташ болду.
6
Узундугун элүү чыканак, туурасын отуз чыканак кылып, мамылардан кире бериш бөлмө курду. Анын алдына мамыларды тургузду, тепкичтүү аянтча жана босого курду.
7
Бийлик жүргүзүүчү тагы бар дагы бир кире бериш бөлмө курду. Сот жүргүзүү үчүн кире бериш бөлмө куруп, анын полуна кедр төшөдү.
8
Өзү жашаган үйдүн кире бериш бөлмөсүнүн артындагы короону да ушундай жасады. Сулайман аялдыкка алган фараондун кызынын үйүнө да ушундай кире бериш бөлмө курду.
9
Мунун баары, пайдубалынан баштап үй чатырынын астындагы чыгып турган кырбусуна чейин, сырт жагынан чоң короого чейин ичи-тышы арааланган, өлчөмү менен жылмаланган кымбат таштардан жасалды.
10
Yйдүн пайдубалына он чыканак жана сегиз чыканак болгон чоң, кымбат таштар коюлду.
11
Анын үстүнө да өлчөмү менен жылмаланган таштар, кедр жыгачы коюлду.
12
Чоң короо үч катар коюлган жылмаланган таштар менен, бир катар коюлган кедр устундары менен тегерете тосулган. Теңирдин ийбадатканасынын ички короосу да, кире бериш бөлмөсү да ушундай эле.
13
Сулайман падыша Тирге киши жиберип, Хурамды чакыртты.
14
Ал Напталы уруусундагы жесир аялдын уулу эле. Анын атасы тирлик зергер болгон. Ал жезден ар кандай нерселерди жасаган жөндөмдүү, чебер уста эле. Ал Сулайман падышага келип, анын ар кандай жумуштарын кылды.
15
Ал бийиктиги он сегиз чыканак болгон эки жез мамы жасады, эки мамыны тең он эки чыканак чынжыр менен курчады.
16
Мамынын башына коюуга жезден эки таажы куйду. Бир таажынын бийиктиги беш чыканак, экинчи таажыныкы да беш чыканак эле.
17
Мамылардын үстүндөгү таажылар үчүн согулган торлорду жана чынжыр түрүндөгү боолорду жасады. Ар бир таажыга жетиден чынжыр.
18
Мамылардын үстүндөгү таажыларды жаап туруш үчүн, ал торду айланта эки катар анар жемишин жасады. Экинчи таажыга да дал ошондой жасады.
19
Ал эми кире бериш бөлмөдөгү мамылардын үстүндөгү таажылардын бийиктиги төрт чыканак болуп, лилия гүлүнө окшош жасалды.
20
Эки мамынын үстүнө, тордун жанындагы чыгып турган капталынын үстүнө таажылар жасалды. Башка таажыга да тегерете катар-катар эки жүз анар жемишин жасады.
21
Мамыларды ийбадаткананын кире бериш бөлмөсүнүн алдына койду. Оң жагына койгон мамыга Жахин деген ат берди, сол жагына койгон мамыга Бууз деген ат берди.
22
Мамылардын үстүнө лилия гүлүнө окшош жасалган таажыларды койду. Мамылар ушундайча жасалып бүттү.
23
Бир четинен экинчи четине чейин он чыканак болгон, жезден куюлган тептегерек чоң чара жасады, анын бийиктиги беш чыканак, аны отуз чыканак чынжыр менен тегерете курчады.
24
Чаранын кырбусунун астына жез бадыраңдар тегерете эки катар болуп кошо куюлду, бир чыканакка он бадыраң туура келди. Бадыраңдар чара менен бирге куюлду.
25
Ал чара он эки өгүздүн үстүндө турган. Өгүздөрдүн үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты карап турган. Алардын үстүнө чара коюлган, өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турган.
26
Анын калыңдыгы алакандай эле, жээги болсо табактын жээгиндей, ачылган лилия гүлүнө окшош жасалган. Анын сыйымдуулугу эки миң бат эле.
27
Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, аларды жезден жасады. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун узундугу төрт чыканак, туурасы төрт чыканак, бийиктиги үч чыканак эле.
28
Дөңгөлөктүү койгучтардын түзүлүшү мындай: алардын капталдары болгон, капталдары бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосунда болгон.
29
Бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосундагы капталдарына арстандардын, өгүздөрдүн, керуптардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бурчтарындагы тирөөчтөрдө да ошондой, ал эми өгүздөр менен арстандардын өйдө жагына да, ылдый жагына да бажырайган гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.
30
Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун жезден жасалган төрт дөңгөлөгү жана октору болгон. Анын төрт бурчуна, идиштин астына уркуюп чыгып турган тирөөч куюлуп жасалган, бардык тарабына гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.
31
Дөңгөлөктүү койгучтун ичинин тереңдиги бир чыканак. Анын ичи тегерек болгон, диаметри бир жарым чыканак, ага өрүлгөн оймолор түшүрүлгөн. Бирок анын капталдары тегерек эмес, төрт бурчтуу.
32
Капталдарынын астына төрт дөңгөлөк октору менен бекитилген, ар бир дөңгөлөктүн диаметри бир жарым чыканак.
33
Дөңгөлөктөрдүн түзүлүшү майдан арабанын дөңгөлөктөрүнүн түзүлүшүнө окшош. Дөңгөлөктөрдүн октору, алкактары, чабактары жана күпчөктөрү куюлуп жасалган.
34
Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун төрт бурчу уркуюп чыгып турган. Анын бурчтары уркуюп чыгып турган.
35
Дөңгөлөктүү койгучтун үстү тегерек болуп жасалган, анын бийиктиги жарым чыканак. Дөңгөлөктүү койгучтун жогору жагына – капталдарына туткалары кошо куюлуп жасалган.
36
Анын туткаларынын бетине, капталдарына керуптардын, арстандардын, пальмалардын жана гүлдөрдүн сүрөтүн тегерете жыш түшүрдү.
37
Ал он дөңгөлөктүү койгучту мына ушундай жасады. Куюлуп жасалган алардын баарынын өлчөмү, сырткы көрүнүшү бирдей.
38
Анан жезден он жуунгуч жасады. Жуунгучтардын ар биринин сыйымдуулугу кырк бат. Ар бир жуунгучтун бийиктиги төрт чыканак. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун үстүнө жуунгуч коюлган.
39
Ийбадаткананын оң жагына беш, сол жагына беш дөңгөлөктүү койгуч койду. Ал эми чоң чараны ийбадаткананын оң жагына, түштүк-чыгыш тарабына койду.
40
Ошентип, Хурам жуунгучтарды, калактарды, чараларды жасады. Хурам Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падыша тапшырган бардык жумушту бүтүрдү.
41
Эки мамыны жана алардын башын курчаган эки таажыны, мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап турган эки торду,
42
эки тордун үстүнө төрт жүз анарды жасады, анарлар торлордо эки катар болуп жайгаштырылган. Ал анарлар мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап туруу үчүн жасалган.
43
Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, ал дөңгөлөктүү койгучтардын үстүнө он жуунгуч жасады.
44
Бир чоң чара жана анын астындагы он эки өгүздү,
45
казандарды, калактарды, чараларды жасады. Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падышага Хурам жасап берген бардык нерселер жылмаланып жылтыратылган жезден эле.
46
Падыша аларды Иордандын жанында, Саретан менен Сукоттун ортосундагы чопо топурактуу жерде куйган.
47
Анан Сулайман ушул нерселердин бардыгын өз ордуна койду. Алардын өтө көптүгүнөн жездин салмагы аныкталган жок.
48
Сулайман Теңирдин ийбадатканасындагы бардык буюмдарды жасады. Алтындан курмандык чалынуучу жай, нан курмандыктары коюлуучу үстөл,
49
таза алтындан ийбадаткананын арткы бөлмөсүнүн алдына, сол жагына жана оң жагына беш-бештен чырактан, алтындан чырактарды, гүлдөрдү, кычкачтарды,
50
таза алтындан табактарды, бычактарды, чараларды, салгычтарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, алтындан ийбадаткананын ички бөлмөсүнүн – ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн эшиктеринин илгичтерин, ийбадаткананын эшиктеринин илгичтерин жасады.
51
Сулайман падыша Теңирдин ийбадатканасы үчүн бардык жумуштарды мына ушундай бүтүрдү. Сулайман атасы Дөөттүн Теңирге арнаган алтын-күмүштөрүн, буюмдарын алып келип, Теңирдин ийбадатканасынын казыналарына тапшырды.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22