bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 11
1 Samuel 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 12 →
1
Амондук Нахаш келип, Гилаттагы Жабешти курчады. Ошондо Жабештин бүт тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, ошондо биз сага кызмат кылабыз», – дешти.
2
Амондук Нахаш аларга: «Баарыңардын оң көзүңөрдү чукуп алып, бүт Ысрайылды маскаралап туруп, анан силер менен келишим түзөм», – деди.
3
Жабештин аксакалдары ага мындай дешти: «Бизге жети күн мөөнөт бер, бүт Ысрайыл жерине элчилерди жиберели, эгер бизге эч ким жардам кылбаса, анда биз сага багынып беребиз».
4
Шабул жашаган Гибага келип, ушул сөздөрдү элге жарыя кылышты. Ошондо бүт эл боздоп ыйлады.
5
Өгүздөрдүн артынан, талаадан келген Шабул: «Элге эмне болгон, эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ага Жабеш тургундарынын сөздөрүн айтып беришти.
6
Ушул сөздөрдү укканда, Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түштү жана ал катуу каарданды.
7
Анан ал кош өгүздү алып, аларды жиликтеп бөлүп, ошол элчилер аркылуу Ысрайылдын бүт жерине мындай деп айттырып жиберди: «Шабул менен Шемуелдин артынан барбагандардын өгүздөрү ушундай болот». Ошондо элди Теңирдин коркунучу басып, баары бир кишидей аттанышты.
8
Шабул аларды Безекте санаганда, Ысрайыл уулдарынан үч жүз миң, Жүйүт эркектеринен отуз миң болуп чыкты.
9
Келген элчилерге мындай дешти: «Гилаттагы Жабештин тургундарына: “Эртең күн ысыган маалда силерге жардам болот”, – дегиле». Элчилер келип, Жабештин тургундарына айтышканда, алар кубанып кетишти.
10
Анан Жабештин тургундары Нахашка: «Эртең силерге багынып беребиз, бизди эмне кылам десеңер, өз эркиңер», – дешти.
11
Эртеси күнү Шабул элди үч топко бөлдү. Алар эртең мененки күзөт убагында кошуундун ортосуна киришти да, амондуктарды күн ысыганча талкалашты. Калгандары чачырап кетти, алардын экиден жүргөнү да калган жок.
12
Ошондо эл Шемуелге мындай деди: «“Бизге Шабул падышачылык кылмак беле?” – дегендер ким? Ошол кишилерди бергиле, аларды өлтүрөбүз».
13
Бирок Шабул мындай деди: «Бүгүн эч кимди өлтүрүүгө болбойт, анткени бүгүн Теңир Ысрайылды куткарды».
14
Шемуел элге: «Гилгалга баралы, ошол жерде падышачылыкты жаңыртабыз», – деди.
15
Бүткүл эл Гилгалга барды да, Гилгалда, Теңирдин алдында Шабулду падыша көтөрүштү, анан ошол жерде, Теңирдин алдында тынчтык курмандыктарын чалышты. Шабул менен ысрайылдыктар ошол жерде аябай көңүл ачышты.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31