bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 2
1 Samuel 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 3 →
1
Анна Кудайга мындай деп сыйынды: «Теңирим менен жүрөгүм кубанды. Кудайым менин мүйүзүмдү көккө көтөрдү. Душмандарыма сүйлөй алам, Сенин куткарууңа кубанам.
2
Теңирдей ыйык эч ким жок, анткени Сенден башка эч ким жок. Биздин Кудайдай тирек жок.
3
Текеберденип сүйлөбөгүлө, оозуңардан мактаныч сөздөр чыкпасын, анткени Кудай – баарын билген Теңир, Ага бардык иштер белгилүү, Анын алдында баары таразалануу.
4
Күчтүүлөрдүн жаасы сынат, ал эми алсыздар күчкө толушат.
5
Курсагы токтор нан үчүн иштешет, ачкалар эс алышат. Ал турсун, төрөбөс аял жети бала төрөйт, баласы көптөр болсо балдарынан ажырашат.
6
Теңир өлтүрөт жана тирилтет, өлгөндөр жаткан жайга түшүрөт жана чыгарат.
7
Теңир жакырдантат жана байытат, кемсинтет жана көтөрөт.
8
Ал кедейди топурактан көтөрүп, жакырды балчыктан чыгарат да, төрөлөр менен отургузат, аларга даңктын тагын мурас кылат, анткени жердин негиздери Теңирде, алардын үстүнө Ал ааламды орноткон.
9
Ал Өзүнүн ыйык адамдарынын кадамын сактайт, ал эми мыйзамсыздар караңгыда жок болушат, анткени адам өзүнүн күчү менен күчтүү эмес.
10
Теңир Өзүнө каршы чыккандарды талкалайт, асмандан аларга күркүрөйт. Бүт жер жүзүн соттойт, Өз падышасына күч-кубат берет, Өзү майлагандын мүйүзүн көтөрөт».
11
Анан Элкана Рамадагы өз үйүнө кетти. Баласы болсо Теңирге кызмат кылуу үчүн, ыйык кызмат кылуучу Эйлинин жанында калды.
12
Эйлинин уулдары начар адамдар эле. Алар Теңирди билишчү эмес,
13
ыйык кызмат кылуучулардын элдин алдындагы милдетин да билишчү эмес. Кимдир бирөө курмандык чалып жатканда, ыйык кызмат кылуучунун баласы эт бышып жаткан убакта колуна айрыча кармап келчү да,
14
казандан, же табактан, же табадан, же карападан айрыча эмнени илип чыкса, ошону ыйык кызмат кылуучу өзүнө алчу. Шилого келген бардык ысрайылдыктарга алар ушундай кылышчу.
15
Ал турсун, майды өрттөшкөнгө чейин, курмандык алып келген кишиге ыйык кызмат кылуучунун баласы келип мындай дечү: «Ыйык кызмат кылуучуга куурдакка эт бер, ал сенден бышкан эт албайт, чийкисинен бер».
16
Эгерде ага бирөө: «Адегенде май өрттөлүшү керек, андан кийин каалашыңча ал», – деп айтса, ал: «Жок, азыр бер, бербесең күч менен алам», – деп айтчу.
17
Теңирдин алдында бул жаш адамдардын күнөөсү өтө чоң эле, анткени алар Теңирге чалынган курмандыктарды булгашчу.
18
Өспүрүм Шемуел зыгыр буласынан токулган эфод кийип, Теңир алдында кызмат кылып жүрдү.
19
Күйөөсү экөө жыл сайын чалына турган курмандыкты чалар мезгилде энеси ага чакан сырт кийим тигип келип берчү.
20
Эйли Элкана менен анын аялына мындай деп бата берди: «Сенин Теңирге берген балаңдын ордуна, ушул аялыңды Теңир жалгап, сага дагы көп бала берсин!» Ошентип, алар өз жайына кетишти.
21
Теңир Аннага батасын берди. Анын боюна бүтүп, дагы үч уул, эки кыз төрөдү. Өспүрүм Шемуел болсо Теңир алдында чоңоюп жатты.
22
Эйлинин карылыгы жетип калган, ал өзүнүн уулдарынын ысрайылдыктарга кандай мамиле кылып жатышканын жана жыйын чатырынын алдына келген аялдар менен жатып жүрүшкөнүн укту.
23
Анан аларга: «Эмне үчүн мындай иш кыласыңар? Мен силер жөнүндө элдин баарынан жаман сөздөрдү угуп жатам.
24
Жок, балдарым, мен уккан бул кабар жакшы эмес. Теңирдин элин бузуп жатасыңар.
25
Эгер адам адамга каршы күнөө кылса, анда ал тууралуу Кудайга сыйынышат. Эгерде адам Теңирге каршы күнөө кылса, анда ага ким арачы боло алат?» – деди. Бирок алар атасынын тилин албай коюшту, анткени Теңир аларды өлүм жазасына өкүм кылып койгон эле.
26
Өспүрүм Шемуел күндөн-күнгө жетилип, элге да, Теңирге да сүймөнчүктүү боло берди.
27
Анан Кудайдын кишиси Эйлиге келип, ага мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Атаң өз бүлөсү менен Мисирде, фараондун жеринде жүргөндө, Мен ага ачылбадым беле!
28
Менин алдымда эфод кийип, Менин курмандык чалынуучу жайыма чыгышы үчүн, жыпар жыттуу зат түтөтүшү үчүн, аны бүт Ысрайыл урууларынын арасынан ыйык кызмат кылуучу кылып тандап албадым беле! Ысрайыл уулдарынын өрттөлүүчү курмандыктарынан атаңдын уруусуна бербедим беле!
29
Өзүмдүн турак жайым үчүн Өзүм осуят кылган, Мага алып келинген курмандыктарды жана нан курмандыктарын силер эмне үчүн бутуңар менен тебелейсиңер? Менин элим Ысрайыл алып келген тартуулардын алгачкыларына семирип, эмне үчүн уулдарыңды Менден артык көрөсүң?”»
30
Ошондуктан Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мен ошондо: “Сенин үй-бүлөң, атаңдын үй-бүлөсү Менин алдымда түбөлүк кызмат кылышат”, – деп айткам». Бирок Теңир эми мындай дейт: «Андай болбойт, анткени Мени даңктагандарды Мен даңктайм, Мени жаманатты кылгандар уятка калышат.
31
Мына, Мен сенин жана атаңдын булчуңун кесе турган күндөр келе жатат. Ошентип, сенин үйүңдө карыя болбойт.
32
Теңир Ысрайылды сүйгөнүнө карабастан, Менин турак жайымдын оор абалга учураганын көрөсүң, сенин үйүңдө эч качан карыя болбойт.
33
Бирок көзүңдү талытыш үчүн, жаныңды кыйнаш үчүн, Өзүмдүн курмандык чалынуучу жайымдан сенин бардык тукумуңду жок кылып салбайм, бирок сенин тукумуң орто жаштарында каза болот.
34
Сенин эки уулуң Копни менен Пинехас жөнүндөгү жышаан мындай: экөө бир күндө өлүшөт.
35
Анан Өзүмө ишеничтүү ыйык кызмат кылуучуну коём. Ал Мага жаккандай, Мен каалагандай иш кылат. Анын тукумун бекем кылам, ал Менин майланганымдын алдында өмүр бою кызмат кылат.
36
Сенин тукумуңдан тирүү калганы бир гера күмүш жана бир кесим нан үчүн анын алдына келип жүгүнүп: “Тамак таап жеш үчүн, мага лебилик бир кызмат бер”, – деп айтат».
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31