bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 15
1 Samuel 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 16 →
1
Шемуел Шабулга мындай деди: «Теңир Өз эли Ысрайылдын үстүнөн сени падыша кылып майлоого мени жиберген. Эми Теңирдин үнүнө кулак сал.
2
Себайот Теңир мындай дейт: “Мен амалыктыктардын Ысрайылга эмне кылганын, ал Мисирден келе жатканда, жолдо ага кандай каршы чыкканын эстедим.
3
Эми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал”».
4
Шабул элди чогултуп, Телаимде санап чыкканда, ысрайылдыктардан эки жүз миң, Жүйүт уруусунан он миң жөө аскер болду.
5
Анан Шабул амалыктыктардын шаарына жетип, өрөөнгө буктурма койду.
6
Анан ал кейниликтерге мындай деди: «Мен силерди амалыктыктар менен кошо кырып салбашым үчүн, алардын арасынан бөлүнүп чыгып кеткиле, анткени силер ысрайылдыктарга Мисирден келе жатышканда жакшылык кылгансыңар». Ошондо кейниликтер амалыктыктардын арасынан бөлүнүп чыгышты.
7
Ошондо Шабул амалыктыктарды Хабиладан тартып Мисирдин алдындагы Шур аймагына чейин талкалады.
8
Амалыктыктардын падышасы Агакты тирүүлөй колго түшүрдү, ал эми бүт элди кылычтап кырды.
9
Бирок Шабул жана эл Агакты, эң жакшы койлор менен өгүздөрдү, бордолгон козуларды, бардык жакшы нерселерди жок кылууну каалашкан жок, начар жана эч нерсеге арзыбаган нерселерди гана жок кылышты.
10
Ошондо Шемуелге Теңирден мындай сөз болду:
11
«Мен Шабулду падыша кылып койгондугума өкүнүп жатам, анткени ал Менден бурулуп кетти, Менин сөзүмдү аткарган жок». Ошондо Шемуел кайгыга батып, түнү бою Теңирге сыйынды.
12
Шемуел эртең менен эрте туруп, Шабулга жолукканы жөнөдү. Шабулдун Кармелге чыгып, өзүнө эстелик тургузуп, Гилгалга түшкөнүн Шемуелге билдиришти.
13
Шемуел Шабулга келгенде, Шабул ага мындай деди: «Сага Теңир батасын берсин, мен Теңирдин сөзүн аткардым».
14
Шемуел ага: «Анда эмнеге мага койлордун маараганы, өгүздөрдүн өкүргөнү угулуп жатат?» – деди.
15
Шабул ага: «Буларды амалыктыктардан алып келишти, сенин Кудай-Теңириңе курмандыкка чалуу үчүн, эл эң мыкты койлор менен өгүздөрдү өлтүрүшкөн жок. Башкасын кырып салдык», – деп жооп берди.
16
Ошондо Шемуел Шабулга: «Коё тур, түндө Теңир мага эмне деп айтканын сага айтып берейин», – деди. Шабул ага: «Айт», – деди.
17
Шемуел мындай деди: «Ысрайыл урууларынын башчысы болгонуңда, Теңир сени падыша кылып майлаганда, сен өзүңдү кичинекей эле адаммын деп эсептечү эмес белең.
18
Теңир сени: “Бар, күнөөкөр амалыктыктарды кыйрат, аларды кырып жок кылгыча согуш”, – деп жөнөткөн.
19
Эмне үчүн сен Теңирдин тилин албай, олжого жутунуп, Теңирдин алдында жаман иш кылдың?»
20
Шабул Шемуелге мындай деп жооп берди: «Мен Теңирге тил алдым, Теңир жиберген жакка барып, амалыктыктардын падышасы Агакты алып келдим, амалыктыктарды болсо кырып салдым.
21
Бирок эл Гилгалда Кудай-Теңириңе курмандык чалуу үчүн, колго түшкөн олжонун, койлордун, өгүздөрдүн эң жакшыларын алды».
22
Шемуел мындай деди: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун? Тил алуу курмандыктан артык, баш ийүү кочкорлордун майынан артык.
23
Анткени моюн сунбастык сыйкырчылыктай эле, каршы болуу бутка табынуучулуктай эле күнөө. Сен Теңирдин сөзүн четке каккандыктан, падыша болбошуң үчүн, Ал да сени четке какты».
24
Шабул Шемуелге: «Мен күнөө кылдым, анткени Теңирдин буйругун да, сенин сөзүңдү да аткарган жокмун, элден коркуп, алардын айтканын кылдым.
25
Эми менин күнөөмдү кечир, мени менен кайт, мен Теңирге табынайын», – деди.
26
Шемуел Шабулга: «Мен сени менен кайтпайм, анткени сен Теңирдин сөзүн четке кактың, Ысрайылга падыша болбошуң үчүн, Теңир да сени четке какты», – деди.
27
Анан Шемуел бурулуп, кетмекчи болду. Бирок Шабул аны этегинен кармаганда, этеги айрылып кетти.
28
Ошондо Шемуел мындай деди: «Теңир бүгүн сенден Ысрайыл падышачылыгын тартып алып, аны сенден жакшы жакыныңа берди.
29
Ысрайылдын Ишенимдүүсү жалган айтпайт, өкүнбөйт, анткени өкүнгүдөй, Ал адам эмес».
30
Шабул: «Мен күнөө кетирдим, бирок сенден суранам, бүгүн элимдин аксакалдарынын жана Ысрайылдын алдында мага урмат көрсөтүп, мени менен кайт, мен Кудай-Теңириңе табынайын», – деди.
31
Ошондо Шемуел Шабул менен кайтып келди. Шабул Теңирге табынды.
32
Андан кийин Шемуел: «Амалыктыктардын падышасы Агакты мага алып келгиле», – деди. Титиреген Агак Шемуелдин алдына келип: «Чын эле, өлүм ачуусу өтүп кеттиби?» – деди.
33
Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан кандай ажыратса, аялдар арасында сенин энең да уулунан ошондой ажырасын», – деди. Ошентип, Шемуел Агакты Теңирдин алдында, Гилгалда жара чапты.
34
Анан Шемуел Рамага кетти, Шабул болсо өзүнүн үйүнө, Шабулдун Гибасына кетти.
35
Шемуел көзү өткөнчө Шабул менен көрүшкөн жок, бирок Шемуел Шабул үчүн кайгырды, себеби Теңир Шабулду Ысрайылга падыша койгонуна өкүндү.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31