bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 6
1 Samuel 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 7 →
1
Теңирдин келишим сандыгы Пелишти жеринде жети ай болду.
2
Пелиштиликтер буткана кызматчылары менен сыйкырчыларды чакырып, мындай дешти: «Теңирдин келишим сандыгын эмне кылалы? Аны өз ордуна кантип жөнөтүү керектигин бизге айткыла».
3
Тигилер: «Эгер Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүңөр келсе, аны куру жөнөтпөгүлө. Ага айып үчүн чалынуучу курмандыкты чалгыла, ошондо айыгасыңар жана Анын колу эмне себептен силердин үстүңөрдөн алынбаганын билесиңер», – дешти.
4
Анан алар дагы мындай дешти: «Биз айып үчүн чалынуучу курмандыкка Ага эмне чалышыбыз керек?» Тигилер мындай дешти: «Пелиштилик төрөлөрдүн санына жараша беш алтын ириңдүү шишик жана беш алтын чычкан чалгыла, анткени силердин төрөлөрүңөр да, силер да бир жаза алдыңар.
5
Ошондуктан силер жерди кыйратуучу алтын ириңдүү шишиктер менен алтын чычкандардын балбалдарын жасап, Ысрайылдын Кудайын даңктагыла. Балким, Ал силердин үстүңөрдөгү, кудайыңардын үстүндөгү, жериңердин үстүндөгү Өзүнүн колун жеңилдетер.
6
Мисирликтер менен фараон жүрөктөрүн өжөрлөнтүшкөндөй, силер да эмнеге жүрөгүңөрдү өжөрлөнтүп жатасыңар? Теңир мисирликтерге Өз күчүн көргөзгөндө, алар ысрайылдыктарды коё беришкен, алар кетишкен.
7
Ошондуктан бир жаңы араба жасагыла, моюнтурук салынбаган, эки саан уй алып, аларды арабага чеккиле. Музоолорун бөлүп алып, үйгө алып кеткиле.
8
Теңирдин келишим сандыгын арабага салгыла. Ал эми айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын буюмдарыңарды үкөккө салып, анын капталына койгула да, коё бергиле, кете берсин.
9
Анан карап тургула, эгер ал өз жерине, Бейт-Шемешке барса, анда ушул чоң жамандыкты биздин башыбызга Ал түшүргөн болот. Эгер андай болбосо, анда бизди кыйраткан Анын колу эмес, бул жамандык биздин башыбызга кокусунан түшкөн болот».
10
Анан алар мындай кылышты: эки саан уй алып, арабага чегишти, музоолорун үйгө калтырышты.
11
Теңирдин келишим сандыгын жана алтын чычкандар менен алтын ириңдүү шишиктердин балбалдары салынган үкөктү арабага салышты.
12
Ошондо уйлар түз эле Бейт-Шемешти көздөй кеткен жолго түшүштү. Мөөрөгөн боюнча оңго да, солго да бурулбай, бир жол менен кетишти. Пелиштинин төрөлөрү Бейт-Шемештин чегине чейин алардын артынан ээрчип барышты.
13
Ошол кезде өрөөндө буудай оруп жаткан Бейт-Шемештин тургундары Теңирдин келишим сандыгын көрүп, көргөндөрүнө сүйүнүштү.
14
Араба бейт-шемештик Жошуянын талаасына келип, ошол жерге токтоп калды. Ал жерде чоң таш бар эле. Алар арабаны жарып, отун кылышты да, уйларды Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышты.
15
Лебилер Теңирдин келишим сандыгын жана анын жанындагы алтын буюмдар салынган үкөктү алып, жанагы чоң таштын үстүнө коюшту. Ошол күнү Бейт-Шемештин тургундары Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келип, курмандыктарды чалышты.
16
Пелиштилик беш төрө муну көрдү да, ошол күнү Экронго кайтып келди.
17
Пелиштиликтердин айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын ириңдүү шишиктеринин бири Азот үчүн, бири Аза үчүн, бири Гат үчүн, бири Ашкелон үчүн, бири Экрон үчүн эле.
18
Ал эми алтын чычкандардын саны Пелиштинин бардык шаарларынын – беш төрөнүн, бекемделген шаарлардан ачык жаткан айылдарга чейин, Теңирдин келишим сандыгы коюлган чоң ташка чейинки шаарлар менен кыштактардын санына жараша болгон. Ал таш ушул күнгө чейин бейт-шемештик Жошуянын талаасында турат.
19
Кудай Бейт-Шемештин тургундарын Теңирдин келишим сандыгынын ичин караганы үчүн өлтүрдү. Ошондо элүү миң жетимиш киши өлтүрдү. Эл боздоп жиберди, анткени Теңир элге чоң кыргын салган эле.
20
Ошондо Бейт-Шемештин тургундары мындай дешти: «Теңирдин – бул ыйык Кудайдын алдында ким тура алат? Ал бизден кимге барат?»
21
Анан алар Кырыйат-Жарымдын тургундарына элчилерди жиберип, мындай деп айттырышты: «Пелиштиликтер Теңирдин келишим сандыгын кайра кайтарып беришти. Келип, аны өзүңөргө алып кеткиле».
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31