bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 24
1 Samuel 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 25 →
1
Дөөт ал жерден чыгып, Эйин-Гединин коопсуз жерлеринде жашады.
2
Шабул пелиштиликтерди кууп, кайра кайтып келгенден кийин, ага: «Дөөт Эйин-Геди чөлүндө», – деп билдиришти.
3
Шабул бүткүл Ысрайылдан тандалган үч миң киши алып, жейрен мекендеген тоолордон Дөөттү жана анын кишилерин издөөгө чыкты.
4
Ал жолдогу кой камачу кашаага келди. Ал жерде үңкүр бар болчу, Шабул ага заара ушатканы кирди. Дөөт болсо кишилери менен үңкүрдүн түп жагында отурган эле.
5
Дөөткө өз кишилери мындай деп айтышты: «Теңирдин сага “Мен сенин душманыңды өз колуңа салып берем, аны каалаганыңдай кыласың” деген сөзү аткарылар күн келди». Дөөт туруп барып, Шабулдун сырт кийиминин этегинен акырын кесип алды.
6
Бирок Шабулдун кийиминин этегинен кесип алгандан кийин, Дөөттүн жүрөгү ооруду.
7
Анан ал өз кишилерине: «Теңир мага өз мырзама, Теңирдин майланганына, кол салууга жол бербесин, анткени ал – Теңирдин майланган адамы», – деди.
8
Ошентип, Дөөт ушул сөздөрү менен өз кишилерин токтотуп калды, алардын Шабулга каршы көтөрүлүүсүнө жол берген жок. Шабул болсо ордунан турду да, үңкүрдөн чыгып, жолго түштү.
9
Андан соң Дөөт да туруп, үңкүрдөн чыкты да, Шабулдун аркасынан: «Мырзам, падыша!» – деп кыйкырды. Шабул артын караганда, Дөөт жүзтөмөндөп, ага таазим кылды.
10
Дөөт Шабулга мындай деди: «“Дөөт сага жамандык кылууну ойлоп жатат”, – деген кишилердин сөзүн эмнеге угасың?
11
Бүгүн Теңир сени үңкүрдүн ичинде менин колума салып бергенин өз көзүң менен көрдүң. Мага сени өлтүр деп айтышты, бирок мен сени аядым: “Мен өз мырзама кол көтөрбөйм, анткени ал – Теңирдин майланган адамы”, – деп айттым.
12
Ата! Менин колумдагыны кара, кийимиңдин этегинен кесип алдым, бирок сени өлтүргөн жокмун. Менин оюмда жамандык кылуу да, кылмыш кылуу да жок экенин, сага каршы күнөө кылбаганымды ушундан билип ишен, сен болсо мени өлтүрүү үчүн издеп жүрөсүң.
13
Теңир ортобузда калыс болсун, мен үчүн сенден Теңир өч алсын, сени өлтүрүүгө колум барбайт.
14
Байыркы накыл сөздө: “Мыйзамсыздардан мыйзамсыздык чыгат”, – деп айтылат. Сени өлтүрүүгө колум барбайт.
15
Ысрайылдын падышасы кимге каршы чыкты? Сен кимдин артынан кууп жүрөсүң? Өлгөн иттин, бир бүргөнүн артынан.
16
Теңир Өзү сот болсун, экөөбүздүн ортобузда калыс болсун. Ал менин ишимди карап, талдап, мени сенин колуңдан куткарат».
17
Дөөт ушул сөздөрдү Шабулга айтып бүткөндө, Шабул: «Бул сенин үнүңбү, уулум Дөөт?» – деди. Анан Шабул катуу ыйлады.
18
Ал Дөөткө мындай деди: «Мага караганда адилеттүү экенсиң, анткени сен мага жакшылык менен жооп бердиң, мен болсо сага жамандык менен жооп бердим.
19
Сен муну бүгүн мага жакшылык кылууң менен далилдедиң. Теңир мени сенин колуңа салып бергенде, сен мени өлтүргөн жоксуң.
20
Душманын колго түшүргөн адам аны аман-соо коё бермек беле! Бүгүн мага кылган ишиң үчүн Теңир сага жакшылык менен кайтарсын.
21
Эми мен билем, сен сөзсүз падышачылык кыласың, сенин колуңда Ысрайылдын падышачылыгы бекем болот.
22
Азыр болсо мага Теңирдин алдында: “Сенин көзүң өткөндөн кийин, тукумуңду унутпайм, атаңдын тукумунун арасынан ысымыңды өчүрбөйм”, – деп ант бер».
23
Дөөт Шабулга ант берди. Шабул үйүнө кайтты, Дөөт болсо кишилери менен өзү жашынган жерин көздөй жогору чыгып кетти.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31