bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 25
1 Samuel 25
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 26 →
1
Шемуел көз жумду. Бардык ысрайылдыктар чогулуп, аза күтүп ыйлашты. Аны өз жери Рамага коюшту. Дөөт турду да, Паран чөлүнө жөнөдү.
2
Маондо бир киши жашачу, анын Кармелде кой короосу бар болчу. Ал абдан бай адам эле, анын үч миң кою, миң эчкиси бар болчу. Ал Кармелде койлорун кыркып жаткан.
3
Ал кишинин аты Hабал, ал эми аялынын аты Абигейил эле. Ал аял өтө акылдуу, ажарлуу, ал эми күйөөсү катаал, каардуу киши болчу, ал Калеп тукумунан эле.
4
Дөөт чөлдөн Hабалдын кой кыркып жатканын укту.
5
Ошондо Дөөт он уланды мындай деп жөнөттү: «Кармелге чыккыла да, Hабалга барып, менин атымдан ага салам айткыла.
6
Ага мындай дегиле: “Сага, сенин үй-бүлөңө, сеникиндегинин баарына тынчтык болсун.
7
Бүгүн мен сени кой кыркып жатат деп уктум. Малчыларың биз менен чогуу болушту, биз аларды таарынткан жокпуз, Кармелде турушканда, алардын эч нерсеси жоголгон жок.
8
Кулдарыңан сура, алар сага айтып беришет. Сенин алдыңда менин уландарым ырайым тапсын, анткени биз куттуу күнү келдик. Уулуң Дөөткө жана мына бул кулдарыңа көңүлүңдөн чыкканды бер”».
9
Дөөттүн кишилери Hабалга келип, Дөөттүн атынан ушул сөздөрдү айтып, унчукпай туруп калышты.
10
Дөөттүн кулдарына Hабал мындай деп жооп берди: «Дөөт ким экен? Жышайдын уулу ким экен? Азыр өз мырзасынан качкан кулдар көбөйдү.
11
Кой кыркуучуларга даярдаган нанды, сууну, этти алып, кайдан келгени белгисиз кишилерге эле бере бермек белем?»
12
Дөөттүн кишилери барган жолу менен кайтып келишип, ушул сөздөрдүн баарын айтып беришти.
13
Ошондо Дөөт өз кишилерине: «Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлангыла», – деди. Баары белине кылыч байлашты, Дөөт өзү да кылычын белине байлады. Дөөттүн артынан төрт жүздөй киши жөнөдү, эки жүзү болсо арабаларынын жанында калды.
14
Hабалдын аялы Абигейилге кулдарынын бири мындай деп билдирди: «Дөөт биздин мырзабызга ээн талаадан элчилерин жөнөтүп, салам айттырды, бирок мырзабыз аларга орой мамиле кылды.
15
Ал кишилер бизге жакшы мамиле кылышчу, бизди таарынтышчу эмес, биз талаада алардын жанында жүргөнүбүздө, биздин эч нерсебиз жоголгон эмес.
16
Алардын жанында мал багып жүргөнүбүздө, күндүз да, түнкүсүн да, бардык убакта алар бизге чеп болчу.
17
Эми сен ойлонуп көрүп, эмне кылуу керек экендигин чеч. Мырзабызга, анын бүт үй-бүлөсүнө коркунуч туулары айдан ачык. Ал болсо – каардуу киши, аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес».
18
Ошондо Абигейил шашылыш түрдө эки жүз нан, эки чанач шарап, союлуп бышырылган беш кой, беш ченем кургатылган дан, жүз таңгак мейиз, эки жүз таңгак анжыр алды да, эшектерге жүктөттү.
19
Анан кулдарына: «Силер менин алдыма түшкүлө. Мен артыңардан барам», – деди. Бирок күйөөсү Hабалга эч нерсе айткан жок.
20
Аял тоонун боору менен эшек минип түшүп келе жатканда, алдынан Дөөт жана анын кишилери чыкты. Аял аларга кезикти.
21
Дөөт мындай деген эле: «Мен бул кишинин мал-мүлкүн чөлдө бекер эле кайтарган экенмин, анын эч нерсеси жоголгон жок, бирок ал жакшылыкка жамандык кылды.
22
Эгер таңга чейин Hабалдын бир эркегин тирүү калтырсам, Кудай Дөөттүн душмандарына эмне кылам десе, ошону кылсын, андан да жаман кылсын».
23
Абигейил Дөөттү көргөндө, эшектен шашып түштү да, Дөөттүн алдына жүзтөмөндөп жыгылып таазим этти.
24
Анан бутуна жыгылып, мындай деди: «Күнөө менде болсун, мырзам. Күңүңдүн сүйлөөсүнө уруксат эт, сөзүнө кулак сал.
25
Мырзам бул каардуу кишиге, Hабалга, көңүл бурбасын, анткени анын ысымы кандай болсо, өзү да ошондой. Анын аты – Hабал («акылсыз»), атына жараша өзү да акылсыз. Мен, сенин күңүң, сен жиберген кулдарды көргөн эмесмин.
26
Ушул күндө, мырзам, Теңир тирүү, сенин жаның тирүү. Теңир сенин кан төгүүңө, өз колуң менен өч алууңа жол бербейт. Душмандарың жана мырзама жамандык ойлогондордун бардыгы Набалга окшоп калсын.
27
Мына бул тартууну мырзама кызмат кылган жаш уландарга берүү үчүн, күңүң мырзама алып келди.
28
Күңүңдүн күнөөсүн кечир. Теңир менин мырзамдын тукумун сөзсүз бекемдейт, анткени менин мырзам Теңирдин согуштарын жүргүзөт, өмүрүң өткөнчө сенден жамандык табылбасын.
29
Эгер кимдир бирөө сенин артыңдан түшүп, сени өлтүргүсү келсе, анда мырзамдын жаны Кудай-Теңиринин колунда, ал эми душмандарыңдын жанын Ал салмоордогу таш сыяктуу ыргытат.
30
Теңир мырзама айткан жакшылыкты кылганда, сени Ысрайылга жол башчы койгондо,
31
курулай кан төкпөгөндүгүң үчүн, өзүңдү өч алуудан сактаганың үчүн, мырзамдын абийири айыптабайт, тынчсызданбайт. Теңир мырзама жакшылык кылат, ошондо күңүңдү эстейсиң».
32
Дөөт Абигейилге мындай деди: «Ушул күнү сени мага кезигүүгө жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк!
33
Азыр менин кан төгүүмө жана өзүм үчүн өч алуума жол бербегениң үчүн, Кудай акылыңа береке берсин, сага батасын берсин.
34
Мени сага жамандык жасоодон сактап калган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү, сен шашылыш келип мага жолукпаганыңда, таңга чейин Hабалдын бир да эркегин тирүү калтырмак эмесмин».
35
Дөөт анын алып келгенин колунан алып: «Yйүңө тынчтык менен кете бер. Мен сени сыйлап, айтканыңды уктум», – деди.
36
Абигейил Hабалга келсе, анын үйүндө падышаныкындай той болуп жатыптыр, Hабалдын көңүлү шат экен, ал абдан мас эле. Аялы ага таңга чейин эч нерсе айткан жок.
37
Эртең менен Hабалдын масы тараганда, аялы ага болгон окуяны айтып берди. Ошондо анын жүрөк оорусу кармап, таштай катып калды.
38
Он күндөн кийин Теңир Hабалды өлтүрдү. Ал өлдү.
39
Дөөт Hабалдын өлгөнүн угуп, мындай деди: «Теңирге даңк, мени шылдың кылганы үчүн, Ал Hабалдын жазасын берди, Өз кулун жамандыктан сактады. Теңир Hабалдын жамандыгын өз башына салды». Дөөт Абигейилди аялдыкка аларын айттырганы киши жиберди.
40
Дөөттүн кулдары Кармелге келип, Абигейилге: «Дөөт сени өзүнө аялдыкка алуу үчүн, бизди сага жиберди», – деп айтышты.
41
Ал ордунан турду да, жерге чейин ийилип таазим кылып: «Мырзамдын кулдарынын бутун жууп, кызматчы болууга күңүң даяр», – деди.
42
Анан Абигейил шашылыш түрдө даярданып, эшекке минди. Беш кызматчы кыз аны узатып барды. Ал Дөөттүн элчилеринин артынан кетти. Ал Дөөттүн аялы болду.
43
Дөөт изрейелдик Акинаамды да алды, экөө анын аялы болушту.
44
Шабул болсо кызы Михалды, Дөөттүн аялын, галимдик Лаиштин уулу Палтиелге берди.
← Chapter 24
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 26 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31