bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 29
1 Samuel 29
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 30 →
1
Пелиштиликтер өздөрүнүн бардык аскерин Апейикке чогултушту. Ысрайылдыктардын кошууну Изрейелдеги булактын жанына жайланышты.
2
Пелишти төрөлөрү жүздөп-миңдеп келе жатышты. Дөөт жана анын кишилери болсо артта Акиш менен келе жатышты.
3
Пелишти төрөлөрү: «Бул кайсы эврейлер?» – деп сурашты. Акиш Пелишти төрөлөрүнө: «Эмне, силер мунун Ысрайыл падышасы Шабулдун кулу Дөөт экенин билбейсиңерби? Ал бир жылдан ашуун убактан бери менин жанымда, ал келгенден бери мен андан эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун», – деп жооп берди.
4
Пелишти төрөлөрү Дөөткө кыжырданып, Акишке мындай деп айтышты: «Сен бул кишини артка жибер, ал сен дайындаган өз ордунда тынч отурсун. Ал биз менен согушка барбасын, согушта өзүбүзгө каршы чыкпасын. Ал өз мырзасын мына бул жигиттердин башынан башка эмне менен ыраазы кыла алат?
5
“Шабул миңди жеңди, Дөөт он миңди жеңди”, – деп, ушул Дөөт жөнүндө ырдап-бийлешпеди беле!»
6
Ошондо Акиш Дөөттү чакырып, ага мындай деди: «Теңир тирүү! Сенин ниетиң ак, аскерлердин арасында мени менен жүргөнүң мага жакшы болор эле, анткени сен мага келгенден бери мен сенден жаман нерсе байкаган жокмун, бирок сага төрөлөрдүн көз карашы жакшы эмес.
7
Ошондуктан азыр кайра артка кайт, тынчтык менен кете бер. Пелишти төрөлөрүн кыжырдантпа».
8
Бирок Дөөт Акишке мындай деди: «Мен эмне кылдым, алдыңа келген күндөн ушул күнгө чейин кулуңдан кандай айып таптың, эмне үчүн мага мырзам падышанын душмандары менен согушканы барууга болбосун?»
9
Акиш Дөөткө мындай деп жооп берди: «Ишен, сен мен үчүн Кудайдын периштесиндей жагымдуусуң, бирок Пелишти мырзалары: “Ал биз менен согушка барбасын”, – дешти.
10
Ошондуктан өзүң да, мырзаңдын өзүң менен кошо келген кулдары да эртең менен туруп, жарык киргенде жөнөгүлө».
11
Эртең менен Пелишти жерине кайтыш үчүн, Дөөт жана анын кишилери эрте турушту. Пелиштиликтер болсо согушка, Изрейелге кетишти.
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 30 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31