bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 9
1 Samuel 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 10 →
1
Бенжемин уруусунда Киш деген атактуу киши бар эле. Ал – Абиел уулу, Абиел – Серор уулу, Серор – Бехорат уулу, Бехорат – бенжеминдик Апийахтын уулу.
2
Анын Шабул деген жаш, келишимдүү уулу бар эле. Ысрайылдыктарда андан келишимдүү эч ким жок болчу. Ал узун бойлуу эле, элдин баары анын ийнинен келчү.
3
Шабулдун атасы Киштин ургаачы эшектери жоголуп кетип, Киш өз уулу Шабулга мындай деди: «Тур, кулдардын бирин алып, эшектерди издеп кел».
4
Алар Эпрайым тоосу менен Шалиша жеринен өтүштү, бирок табышкан жок. Шаалим жеринен өтүштү, ал жактан да таппай коюшту. Бенжемин жеринен да өтүштү, бирок таба алышкан жок.
5
Алар Зуп жерине келгенде, Шабул жанындагы кулуна: «Артка кайталы, атам эшектери үчүн эмес, биз үчүн кабатыр болуп жүрбөсүн», – деди.
6
Бирок кулу ага: «Ушул шаарда Кудайдын кишиси бар, ал – кадырлуу адам. Ал эмнени айтса, ошонун баары ордунан чыгат. Азыр ошол жерге баралы. Балким, ал бизге кайсы жол менен барууну көрсөтүп берер», – деди.
7
Шабул кулуна: «Барса баралы, бирок ал кишиге биз эмне алып барабыз? Анткени баштыгыбыздагы наныбыз түгөндү, Кудайдын кишисине алып барчу белегибиз да жок. Эмнебиз бар?» – деди.
8
Кулу Шабулга мындай деп жооп берди: «Менин колумда чейрек күмүш шекел бар. Мен аны Кудайдын кишисине берем, ал бизге жол көрсөтүп берет».
9
Мурун Ысрайылда Кудайдын эркин билүү үчүн кимдир бирөө бара жатканда: «Көрөгөчкө баралы», – дешчү, анткени азыр пайгамбар деп аталган киши мурда көрөгөч деп аталчу.
10
Шабул кулуна: «Туура айтасың, жүр баралы», – деди. Анан Кудайдын кишиси жашаган шаарга жөнөштү.
11
Алар шаарга бет алып, жогору көздөй жөнөшкөндө, суу алганы чыккан кыздарга жолугуп, алардан: «Бул жерде көрөгөч барбы?» – деп сурашты.
12
Кыздар аларга мындай деп жооп беришти: «Бар, ал алдыңан чыгат, бирок шашыл, анткени шаарга ал бүгүн келди, себеби эл бүгүн бийик жерге чогулуп, курмандык чалмак.
13
Аны шаарга киргениңерде, ал тамак жеш үчүн бийик жерге жөнөй элегинде табышыңар мүмкүн, анткени ал келмейинче, эл тамакка отурбайт, себеби ал курмандыкка бата сурайт, андан кийин чакырылгандар тамак жей башташат. Жөнөгүлө, ага азыр жолугасыңар».
14
Алар шаарга жөнөштү. Шаардын ортосуна киришкенде, бийик жерге бет алган Шемуел алардын алдынан чыкты.
15
Шабул келерден бир күн мурун Теңир Шемуелге мындай деп билдирген:
16
«Бенжемин жеринен эртең ушул убакта Мен сага киши жиберем. Сен аны Менин элим Ысрайылга башкаруучу кылып майла, ал Менин элимди пелиштиликтердин колунан куткарат, анткени Мен элимди көрдүм, анын боздогон үнү Мага жетти».
17
Шемуел Шабулду көргөндө, Теңир ага мындай деди: «Мен айткан киши ушул. Бул Менин элимди башкарат».
18
Шабул дарбазанын жанына, Шемуелге келип, андан: «Көрөгөчтүн үйү кайда, мага айтып коёсуңбу?» – деп сурады.
19
Шемуел Шабулга: «Көрөгөч менмин, менин алдымда бас, бийик жерге жүр. Бүгүн силер мени менен тамактанасыңар, сени эртең менен коё берем, жүрөгүңдөгүнүн баарын сага айтып берем.
20
Ал эми үч күн мурда жоголгон ургаачы эшектериңен кам санаба, алар табылды. Ысрайылдагы баалуу нерсе кимге таандык? Сага жана атаңдын тукумуна таандык эмеспи?»
21
Шабул ага: «Мен Ысрайылдын эң кичине уруусу Бенжеминдин уулу эмесминби? Менин үй-бүлөм Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөрдүн эң кичинекейи эмеспи? Сен муну мага эмнеге айтып жатасың?» – деди.
22
Шемуел Шабулду жана анын кулун бөлмөгө киргизди да, отузга жакын чакырылган кишинин арасынан аларды биринчи орунга отургузду.
23
Анан Шемуел ашпозчуга: «“Өзүнчө алып кой”, – деп, мен сага берген устуканды алып кел», – деди.
24
Ашпозчу сан этти жанындагысы менен алып, Шабулдун алдына койду. Шемуел мындай деди: «Бул сага калтырылган, алдыңа коюп же. Анткени мен элди чакырганда эле, бул ушул убакытка чейин сен үчүн сакталып турган». Шабул ошол күнү Шемуел менен бирге тамактанды.
25
Алар бийик жерден шаарга түшүштү. Шемуел Шабул менен үйдүн чатырында сүйлөштү.
26
Эртеси күнү эртең менен эрте Шемуел Шабулга: «Тур, мен сени узатайын», – деп, үйдүн чатырына чакырды. Шабул туруп, Шемуел менен үйдөн чыкты.
27
Алар шаардын четине жеткенде, Шемуел Шабулга: «Кулуңду алдыга баса бер де», – деди. Ал алдыга кетти. «Сен болсо токтой тур, мен сага Кудайдын эмне деп айтканын айтып берейин», – деди.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31