bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 22
1 Samuel 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 23 →
1
Дөөт ал жерден чыгып, Адулам үңкүрүнө жашырынды. Атасы, бир туугандары угуп, ошол жакка келишти.
2
Анын жанына кысымга алынгандар, карызга баткандар, кайгыга чөккөндөр чогулушту, аларга ал башчы болду. Анын жанында төрт жүзгө жакын адам бар эле.
3
Дөөт ал жерден чыгып, Мааптын Миспа деген жерине барып, Маап падышасына: «Кудай мени эмне кыларын билгиче, атам менен энем силердикинде тура турсун», – деди.
4
Анан Дөөт аларды Маап падышасына алып келди. Дөөт ал жерде жашырынып жүргөн учурда алар аныкында жашашты.
5
Бирок Гат деген пайгамбар Дөөткө: «Бул жерде калба. Жүйүт жерине кет», – деди. Дөөт жолго чыгып, Херет токоюна келди.
6
Шабул Дөөттүн жана анын жанындагы кишилердин келгенин укту. Ошол убакта Шабул колуна найза кармап, Гибадагы тоодо, эмендин түбүндө отурган. Кулдарынын баары аны тегеректеп турушкан.
7
Шабул өзүн тегеректеп турган кулдарына мындай деди: «Бенжемин уулдары, уккула. Жышайдын уулу силерге талааларды, жүзүмзарларды бермек беле, силерди миң башы, жүз башы коймок беле.
8
Эмнеге силер баарыңар сүйлөшүп алып, эч кимиңер мага менин уулумдун Жышайдын уулу менен достошконун айткан жоксуңар? Эмне үчүн мени эч кимиңер аяган жоксуңар? Өз уулумдун кулумду мага каршы тузак коюуга тукурганын эмнеге айткан жоксуңар?»
9
Ошондо Шабулдун кулдары менен турган эдомдук Дойек мындай деп жооп берди: «Жышайдын уулунун Hопко, Акитуптун уулу Акимелекке келгенин көргөм,
10
ал Дөөт үчүн Теңирге сыйынып, ага тамак-аш жана пелиштилик Голийаттын кылычын берген».
11
Падыша ыйык кызмат кылуучу Акитуп уулу Акимелекти, анын атасынын бүт тукумун, Hоптогу ыйык кызмат кылуучуларды чакыртканы киши жиберди. Алардын баары падышага келишти.
12
Шабул мындай деди: «Акитуп уулу, уккун». Тиги: «Мен угуп жатам, мырзам», – деп жооп берди.
13
Шабул ага мындай деди: «Эмне үчүн Жышайдын уулу экөөңөр мага каршы сүйлөшүп алдыңар? Бүгүн билингендей, ал мага каршы чыгып, тузак коюшу үчүн, сен эмне үчүн ага нан, кылыч бердиң? Эмнеге ал үчүн Кудайга сыйындың?»
14
Акимелек падышага мындай деп жооп берди: «Бардык кулдарыңдын ичинен Дөөттөй ишенимдүү ким бар? Ал – падышанын күйөө баласы, буйруктарыңды аткаруучу, үйүңдөгү кадырлуу адам.
15
Ал үчүн мен Кудайга бүгүн биринчи жолу сыйынып жатыптырмынбы? Жок, падыша, бул үчүн кулуңду жана атамдын тукумун күнөөлөбө, анткени кулуң бул иштин эч нерсесин билбейт».
16
Падыша ага: «Сен өлүшүң керек, Акимелек, сен да, атаңдын бүт тукуму да өлүшү керек», – деди.
17
Анан падыша өзүнүн жанында турган сакчыларга: «Баргыла, Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүргүлө, анткени алар Дөөт менен бир, алар анын качып кеткенин билип туруп, мага айтышкан эмес», – деди. Бирок падышанын кулдары Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүрүүнү каалашкан жок.
18
Ошондо падыша Дойекке: «Сен бар да, ыйык кызмат кылуучуларды өлтүр», – деди. Эдомдук Дойек барды да, ыйык кызмат кылуучуларды кырып салды. Ошол күнү зыгыр буласынан токулган эфод кийген сексен беш эркекти өлтүрдү.
19
Ал ыйык кызмат кылуучулардын шаары Нопту кылыч менен кыйратты, эркектер менен аялдарды, өспүрүмдөр менен эмчектеги балдарды, өгүздөрдү, эшектерди, койлорду кылыч менен өлтүрдү.
20
Жалгыз гана Акитуптун уулу Акимелектин уулу Абыйатар аман калып, Дөөткө качып барды.
21
Абыйатар Дөөткө Шабулдун Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүргөнүн айтып берди.
22
Дөөт Абыйатарга мындай деди: «Ошол күнү мен эдомдук Дойекти ошол жерден көргөм. Анын сөзсүз Шабулга жеткирип барарын билгем. Сенин атаңдын тукумунун ар бир кишиси үчүн мен айыптуумун.
23
Менин жанымда кал, коркпо, анткени мени өлтүрмөкчү болгон адам сени да өлтүрөт. Сен менин жанымда коопсуз болосуң».
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31