bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
1 Samuel 28
1 Samuel 28
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 29 →
1
Ошол убакта пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн, өз аскерин топтоду. Акиш Дөөткө: «Билип кой, өзүң жана сенин кишилериң мени менен, менин аскерим менен барасыңар», – деди.
2
Дөөт Акишке: «Кулуңдун кандай кыларын көрөсүң», – деди. Акиш Дөөткө: «Мен ошон үчүн сени түбөлүккө башымды коргой турган сакчы кылам», – деди.
3
Шемуел каза болуп, бүт Ысрайыл аза күтүп, аны өзүнүн шаары Рамага коюшту. Шабул болсо өлкөдөн сыйкырчылар менен төлгөчүлөрдү кууп чыкты.
4
Пелиштиликтер чогулушту да, Шунемде кошуун болуп жайгашышты. Шабул болсо бүт Ысрайыл элин чогултту, алар Гилбояда кошуун болуп жайгашышты.
5
Шабул пелиштиликтердин кошуунун көргөндө, коркуп, жүрөгү болк дей түштү.
6
Ошондо Шабул Теңирге кайрылды, бирок Теңир ага түш аркылуу да, урим аркылуу да, пайгамбарлар аркылуу да жооп берген жок.
7
Ошондо Шабул өз кулдарына: «Мага сыйкырчы аял издеп таап бергиле, мен ошого барып, ошондон сурайм», – деди. Кулдары ага: «Эйен-Дордо сыйкырчы аял бар», – деп айтышты.
8
Шабул кийимин чечип, башка кийим кийди да, жанына эки киши алып, түн ичинде ошол аялдыкына келди. Шабул ага: «Сенден суранам, сыйкырчылык кылып, мен айткан кишини чакырып бер», – деди.
9
Бирок аял ага: «Шабулдун эмне кылганын, сыйкырчылар менен төлгөчүлөрдү өлкөдөн кандай кууп чыкканын билесиң. Сен эмнеге мени өлтүрүш үчүн тор жайып жатасың?» – деди.
10
Шабул сыйкырчы аялга Теңир менен ант берип: «Теңир тирүү! Бул иш үчүн сен жазаланбайсың», – деди.
11
Ошондо аял: «Сага кимди чакырып берейин?» – деп сурады. Ал ага: «Мага Шемуелди чакырып бер», – деди.
12
Аял Шемуелди көргөндө, катуу кыйкырып жиберди. Анан аял Шабулга кайрылып: «Сен эмнеге мени алдадың? Сен Шабул турбайсыңбы!» – деди.
13
Падыша андан: «Коркпо, сен эмнени көрүп жатасың?» – деп сурады. Аял Шабулга: «Жерден чыгып келе жаткан, кудайга окшогон бирөөнү көрүп жатам», – деп жооп берди.
14
Шабул андан: «Анын кебетеси кандай экен?» – деп сурады. Ал: «Жерден карыган, узун кийим кийген эркек киши чыгып келе жатат», – деди. Ошондо Шабул анын Шемуел экенин таанып, жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылды.
15
Шемуел Шабулга: «Сен эмне үчүн менин тынчымды алып чакырдың?» – деди. Шабул мындай деп жооп берди: «Мен аябай жаман болуп турам. Пелиштиликтер мага кол салышты, бирок Кудай мени таштап койду, пайгамбарлар аркылуу да, түшүмдө да жооп бербей жатат. Эмне кылышым керек экендигин үйрөтсүн деп, сени чакырдым».
16
Ошондо Шемуел ага мындай деди: «Теңир сени таштап, сага душман болуп калганда, менден эмнеге сурап жатасың?
17
Теңир мен аркылуу айтканын кылат. Ал падышачылыкты колуңдан тартып алып, аны жакыныңа, Дөөткө, берет.
18
Теңирдин тилин албай, Анын амалыктыктарга чыгарган каардуу өкүмүн аткарбаганың үчүн Теңир сага ушундай кылып жатат.
19
Теңир сени менен кошо Ысрайылды пелиштиликтердин колуна салып берет. Өзүң да, уулдарың да эртең мени менен болосуңар. Теңир Ысрайылдын кошуунун пелиштиликтердин колуна салып берет».
20
Ошондо күтүлбөгөн жерден Шабул эт-бети менен жыгылды, себеби Шемуелдин сөзүнөн абдан коркуп кетти. Ал ошол күнү, ошол түнү оозуна наар албагандыктан, алсырап калган эле.
21
Тигил аял Шабулдун жанына келип, анын абдан коркуп кеткенин көргөндө, мындай деди: «Мен, сенин күңүң, тилиңди алып, өмүрүмдү тобокелге салып, айткан буйругуңду аткардым.
22
Эми сенден суранам, сен да күңүңдүн тилин ал. Мен сага бир кесим нан берем, жегин, ал сага жол жүргөндө кубат болот».
23
Бирок ал: «Жебейм», – деп баш тартты. Кулдары да, аял да аны көндүрө башташты. Ошондо ал алардын тилин алып, туруп келип, төшөккө отурду.
24
Аялдын үйүндө бордолгон торпогу бар болчу, ал аны мууздоого шашты. Ун алып жууруп, ачыткысыз нан бышырды.
25
Анан Шабулдун жана анын кулдарынын алдына койду. Алар жешти, анан орундарынан туруп, ошол эле түнү кетишти.
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 29 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31