bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 1
Acts 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 2 →
1
Теопил, Ыйса Өзү тандаган элчилерге Ыйык Рух аркылуу буйрук бергенден кийин,
2
асманга алынып кеткен күнүнө чейин, башынан баштап эмнени жасаса, эмнени үйрөтсө, ошонун баарын мен сага биринчи китепте жазгам.
3
Азап тартып өлгөндөн кийин, кырк күн ичинде Ыйса аларга көрүнүп, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө айтып, Өзүнүн тирүү экендигин көптөгөн далилдер аркылуу көрсөттү.
4
Анан Ыйса аларды чогултуп, мындай буйрук берди: «Иерусалимден кетпегиле, Атанын убадасын, Менден эмнени уксаңар, ошону күткүлө.
5
Анткени Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер бир аз күндөн кийин, Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр».
6
Ошондуктан алар бир жерге чогулушканда, Ыйсадан: «Теңир, Сен Ысрайыл элинин падышачылыгын ушул убакытта калыбына келтиресиңби?» – деп сурашты.
7
Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Атанын Өз бийлиги менен белгилеген убакыттарын, мөөнөттөрүн билүүнүн силерге кереги жок.
8
Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар».
9
Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, алардын көз алдында асманга көтөрүлүп кетти, булут Аны алардын көз алдынан алып кетти.
10
Алар асманга көтөрүлүп бара жаткан Ыйсаны карап турушканда, күтүлбөгөн жерден алардын алдына ак кийим кийген эки адам пайда болуп, мындай дешти:
11
«Галилеялык эркектер! Асманды эмне карап турасыңар? Силердин жаныңардан асманга көтөрүлүп кеткен бул Ыйса, өзүңөр көргөндөй, асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой эле кайра келет».
12
Ошондон кийин алар Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Ал тоо менен Иерусалимдин ортосундагы аралык бир ишемби күндүк жол эле.
13
Шаарга келишкенден кийин, Петир, Жакып, Жакан, Андрей, Филип, Томас, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Зилот Шымон жана Жакыптын уулу Жүйүт өздөрү чогулуп жүргөн үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чыгышты.
14
Булар бир топ аялдар менен, Ыйсанын энеси Мариям менен жана Анын бир туугандары менен чогуу, бир тилек менен сыйынып жүрүштү.
15
Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмага жакын киши чогулган жыйналышта Петир шакирттердин ортосуна чыгып, мындай деди:
16
«Бир туугандар! Ыйсаны кармап кеткени келгендерге жол көрсөткөн Жүйүт туурасында Ыйык Рухтун Дөөт аркылуу Ыйык Жазууда алдын ала айткан сөзү орундалууга тийиш болчу.
17
Жүйүт да биз сыяктуу эле элчилик кызматка тандалып алынган эле.
18
Бирок ал адилетсиздик менен тапкан акчасына жер сатып алды. Ал башы менен жерге кулап түшкөндө, курсагы жарылып, бүт ичеги-карыны чубалып түшүп калды.
19
Бул окуя Иерусалим тургундарынын бардыгына маалым болду, ошондуктан ал жер алардын эне тилинде “Акелдама” деп аталып калды. Эврей тилиндеги бул сөз “кандуу жер” деп которулат.
20
Анткени Забурда: “Анын үй-жайы ээн калсын, анда эч ким жашабасын” жана “Анын кызматын башка бирөө алсын”, – деп жазылган.
21
Ошондуктан бизге бир адам кошулуп, Ыйсанын өлүп, кайра тирилгенин биз менен бирге күбөлөндүрүүсү керек. Ал адам Теңир Ыйса биздин арабызда жүргөн убакта, башкача айтканда, Жакан сууга чөмүлдүрө баштаган күндөн тартып, Ыйса биздин арабыздан асманга көтөрүлүп кеткен күнгө чейин биз менен чогуу жүргөндөрдүн бири болуусу керек».
23
Ошондо алар эки кишини: Жуст деген да, Барзаба деген да ысымы бар Жусупту жана Матийди алдыга чыгарып,
24
мындай деп сыйынышты: «Теңир, Сен ар бир адамдын жүрөгүндөгүсүн билесиң.
25
Бул эки адамдын кимисин тандаганыңды, бул элчилик кызматка экөөнүн кимиси дайындалуусу керектигин көрсөтүп бер. Анткени Жүйүт бул кызматты таштап, өзүнө тиешелүү жерге кетти».
26
Андан кийин алар өкчөмө таш ыргытышты. Өкчөмө таш Матийге түштү. Ошентип, ал он бир элчинин катарына кошулду.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28