bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 11
Acts 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 12 →
1
Жүйүт аймагындагы элчилер менен бир туугандар Кудайдын сөзүн бутпарастар да кабыл алгандыгын угушту.
2
Петир Иерусалимге келгенде, сүннөткө отургузулгандар аны:
3
«Эмнеге сен сүннөткө отургузулбагандарга барып, алар менен бирге тамак ичтиң?» – деп жемелешти.
4
Ошондо Петир аларга ирети менен айтып бере баштады:
5
«Жапа шаарында сыйынып отурганымда, мен бир көрүнүш көрдүм: асмандан мага төрт бурчунан кармалган чоң дасторконго окшогон бир идиш түштү.
6
Мен анын ичин көз жүгүртүп карап чыгып, жер үстүндөгү төрт аяктуу жаныбарларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү жана канаттуу куштарды көрдүм.
7
Анан мен “Петир, тур, буларды союп же” деген үндү уктум.
8
Бирок мен: “Жок, Теңир! Мен эч качан арам, таза эмес нерсени жеген эмесмин”, – дедим.
9
Ошондо мага асмандан экинчи жолу үн угулду: “Кудай тазалаган нерсени сен таза эмес деп эсептебе”.
10
Бул үч жолу болду. Андан кийин бардыгы кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.
11
Так ошол учурда Кейсареядан мага жиберилген үч киши мен конок болуп турган үйдүн алдына келди.
12
Ошондо Рух мага: “Эч шектенбестен, алар менен жөнө”, – деди. Бул алты бир тууган да мени менен бирге жөнөштү. Ошентип, биз ал адамдын үйүнө бардык.
13
Ал бизге өзүнүн үйүнөн периштени кандайча көргөндүгүн, ошол периште ага: “Жапага кишилерди жиберип, Петир деген да ысым коюлган Шымонду чакырт.
14
Ал сага өзүңдү да, үйүңдөгүлөрдү да куткара турган сөздөрдү айтып берет”, – деп айтканын айтып берди.
15
Мен сүйлөй баштаганда, мурун биздин үстүбүзгө түшкөндөй болуп, алардын үстүнө да Ыйык Рух түштү.
16
Ошондо мен Теңирдин “Жакан сууга чөмүлдүргөн, ал эми силер Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр” деген сөзүн эстедим.
17
Демек, эгерде Кудай бизге бергенин Теңир Ыйса Машайакка ишенген аларга да берсе, анда Кудайга каршы чыккыдай, мен киммин?»
18
Алар муну укканда, тынчтанып: «Кудай бутпарастарды да тобо кылдырып, түбөлүк өмүргө ээ кылып жаткан турбайбы», – деп, Кудайды даңкташты.
19
Степан өлтүрүлгөндөн кийин башталган куугунтуктан улам туш-тушка чачырап кеткендер жүйүттөргө гана Жакшы Кабар таратып, Финикияга, Кипрге жана Антийохеяга барышты.
20
Бирок алардын арасындагы кипрликтер менен киренеялыктар Антийохеяга келип, эллиндерге да Теңир Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышты.
21
Аларды Теңир Өзү колдоду. Өтө көп сандагы адамдар ишенип, Теңирге кайрылышты.
22
Бул кабар Иерусалимдеги Жыйынга да жетти. Ошондо алар Барнабаны Антийохеяга жиберишти.
23
Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп кубанып, бардыгын Теңирге чын жүрөктөн ишенимдүү болууга насааттай баштады.
24
Анткени ал Ыйык Рухка толгон, ишеними бекем жакшы киши болчу. Ошондо көп эл Теңирге кайрылды.
25
Андан кийин Барнаба Шабылды издеп, Тарска кетти. Аны таап, Антийохеяга алып келди.
26
Бир жыл бою алар Жыйын менен чогуу болуп, көптөрдү окутушту. Ошентип, биринчи жолу Антийохеядагы шакирттер машайакчылар деп аталып калышты.
27
Ошол күндөрдө Иерусалимден Антийохеяга пайгамбарлар келишти.
28
Алардын арасынан Агап деген адам ордунан туруп, бүт дүйнөдө катуу ачарчылык болорун Рух аркылуу алдын ала кабарлады. Ал ачарчылык Клавдий падышанын убагында болду.
29
Ошондо шакирттердин ар бири өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Жүйүт аймагында жашаган бир туугандарга жардам жиберүүнү чечишти.
30
Ошентип, алар ошол чечим боюнча чогулткандарын Барнаба менен Шабыл аркылуу Жыйын башчыларына берип жиберишти.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28