bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 18
Acts 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 19 →
1
Ошондон кийин Пабыл Афинден чыгып, Корунт шаарына келди.
2
Ал жерден ал Акила деген понттук бир жүйүткө жолукту. Клавдий бүт жүйүттөргө Римден чыгып кетүүнү буйругандыктан, ал аялы Прискила менен жакында эле Италиядан келген эле. Пабыл алардын үйүнө барды.
3
Ал Акила менен кесиптеш болгондуктан, алар менен жашап, чогуу иштей баштады. Алар чатыр жасашчу.
4
Пабыл ишемби сайын синагогада сүйлөп, жүйүттөр менен эллиндерди Ыйсага ишендирүүгө аракет кылып жатты.
5
Сылас менен Тиметей Македониядан келишкенден кийин, Пабыл өзүн Жакшы Кабар таратууга толугу менен арнап, жүйүттөргө Ыйсанын Машайак экендигин күбөлөндүрө баштады.
6
Бирок алар каршы чыгып, жаман сөздөрдү айтышкандыктан, ал өзүнүн кийимдерин силкип, аларга мындай деди: «Өз каныңар өз мойнуңарда. Мен тазамын. Мындан ары бутпарастарга барам».
7
Ошентип, Пабыл синагогадан чыгып, Кудайды урматтаган Жуст деген бир кишинин үйүнө келди. Анын үйү синагоганын жанында эле.
8
Синагоганын башчысы Криспос бүт үй-бүлөсү менен Теңирге ишенип калды. Пабылдын сөзүн уккан көптөгөн корунттуктар да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлүштү.
9
Бир түнү Теңир Пабылга көрүнүш аркылуу мындай деди: «Коркпо, айта бер, унчукпай калба,
10
анткени Мен сени мененмин, сага эч ким жамандык кылбайт. Анткени бул шаарда Менин көп адамдарым бар».
11
Ошондо Пабыл ал жерде бир жыл алты ай калып, аларга Кудайдын сөзүн үйрөттү.
12
Бирок ошол учурда, Ахаяда Галион башчы болуп турган убакта, жүйүттөр биригип алып, Пабылга каршы чыгышты. Алар аны сотко алып барышты да:
13
«Бул киши адамдарды мыйзамга каршы жол менен Кудайга табынууга үйрөтүп жатат», – дешти.
14
Пабыл сүйлөмөкчү болгондо, Галион аларга: «Жүйүттөр! Эгерде кандайдыр бир кылмыш же кандайдыр бир жаман иш жасалган болсо, анда мен силердин нааразылыгыңарды укмакмын.
15
Бирок окутуу жөнүндө, ысымдар жөнүндө, өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, өзүңөр териштиргиле: мен бул иште сот болууну каалабаймын», – деди.
16
Ошентип, Галион аларды сот болуучу жайдан кууп чыкты.
17
Алар чогулуп, синагоганын башчысы Состенди кармап алып, соттун алдында сабап салышты. Бирок Галион буга көңүл бөлгөн жок.
18
Пабыл Корунтта дагы бир нече күн болгондон кийин, бир туугандар менен коштошуп, Прискила жана Акила менен бирге Сирияга сүзүп кетти. Сүзүп кеткенге чейин ал Кенхирея шаарында чачын кырктырды, анткени анын назир болууга берген убадасынын мөөнөтү бүтүп калган эле.
19
Эфес шаарына келишкенде, Пабыл аларды ошол жерге калтырды. Өзү болсо синагогага кирип, жүйүттөр менен сүйлөштү.
20
Алар андан көбүрөөк убакытка калуусун өтүнүштү. Бирок ал макул болбой,
21
алар менен коштошту да: «Жакындап келе жаткан майрамды сөзсүз Иерусалимде өткөрүшүм керек. Эгерде Кудайдын каалоосу болсо, силерге кайрылып келем», – деп, Эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти. Акила менен Прискила болсо Эфесте калышты.
22
Кемеден Кейсареяга түшүп калып, Иерусалимге келди. Ал жердеги Жыйын менен көрүшкөндөн кийин, Антийохеяга жөнөп кетти.
23
Антийохеяда бир нече убакыт болгондон кийин, жолун улантты. Галатия жана Фригия өлкөлөрүн аралап, бардык шакирттердин ишенимин бекемдеп жүрдү.
24
Ошол учурда Эфеске Аполос деген александриялык бир жүйүт келди. Ал сөзгө чечен, Ыйык Жазууну жакшы билген, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну билген адам эле.
25
Ал Жакандын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, жалындап, Ыйса жөнүндө туура сүйлөп, туура үйрөтүп жүрдү.
26
Ал синагогада тартынбай сүйлөй баштады. Анын сүйлөгөн сөздөрүн уккан Акила менен Прискила аны өздөрүнүн үйүнө чакырып, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришти.
27
Ал Ахаяга бармакчы болгондо, бир туугандар ага дем берүү максатында ошол жактагы шакирттерге аны кабыл алуу жөнүндө кат жазып беришти. Аполос Ахаяга келгенде, Кудайдын ырайымы менен Ыйсага ишенип калгандарга көп жардам берди.
28
Анткени ал Ыйсанын Машайак экендигин Ыйык Жазуу менен далилдеп, жүйүттөрдү бүт эл алдында тайманбастык менен ашкерелеп жатты.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28