bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 19
Acts 19
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 20 →
1
Аполос Корунтта жүргөн убакта Пабыл бөксө тоолордун үстүндө жайгашкан өлкөлөрдү аралап өтүп, Эфеске келди да, ал жерден бир нече шакиртке жолугуп:
2
«Ыйсага ишенип калганыңарда Ыйык Рухту алдыңар беле?» – деп сурады. Алар болсо ага: «Ыйык Рухтун бар экенин да уккан эмеспиз», – деп жооп беришти.
3
Ошондо Пабыл алардан: «Анда силер кайсы чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлдүңөр эле?» – деп сурады. Алар ага: «Жакандын чөмүлдүрүүсү менен», – деп жооп беришти.
4
Пабыл аларга мындай деди: «Жакан адамдарды тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп: “Менден кийин келе жаткан Кишиге, атап айтканда, Машайак Ыйсага ишенгиле”, – деген».
5
Алар муну уккандан кийин, Теңир Ыйсанын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлүштү.
6
Пабыл алардын үстүнө колдорун койгондо, аларга Ыйык Рух түштү. Ошондо алар ар кандай тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты.
7
Алардын саны он экиге жакын эле.
8
Пабыл синагогага кирип, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирип, үч ай бою тайманбастык менен жар салып жүрдү.
9
Бирок кээ бир адамдар өжөрлөнүп, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну эл алдында жамандап, ишенбей коюшту. Ошондо Пабыл аларды таштап, шакирттерди бөлүп кетти да, күн сайын Туран деген адамдын орто окуу жайында насаат айта баштады.
10
Бул эки жылга созулду, ошондуктан Асиянын бүт тургундары, жүйүттөр да, эллиндер да Теңир Ыйса жөнүндө угушту.
11
Кудай Пабыл аркылуу көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатты.
12
Анын бет аарчылары менен алжапкычтарын оорулуулардын үстүнө коюшканда, алардын оорулары айыгып, ичтеринен жиндер чыгып жатты.
13
Эл аралап сыйкырчылык кылган кээ бир жүйүттөр да жин оорулуу адамдарга: «Пабыл жарыялап жүргөн Ыйсанын атынан силерге буйрук кылабыз», – деп, Теңир Ыйсанын ысымын колдоно башташты.
14
Ушундай кылгандардын арасында жүйүттөрдүн Скеба деген башкы ыйык кызмат кылуучусунун жети уулу бар эле.
15
Бирок жин аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды да тааныйм, а силер кимсиңер?» – деп жооп берди.
16
Ошондо жин оорулуу адам атырылып келип, аларды басып жыгылып, сабап салды. Алар ал үйдөн жылаңачталып, жаракат алып качып чыгышты.
17
Бул окуя Эфесте жашаган жүйүттөргө да, эллиндерге да маалым болду. Бардыгын коркунуч басып, Теңир Ыйсанын ысымы даңкталды.
18
Теңирге ишенип калгандардын көптөрү келип, күнөөлөрүн моюндарына алып ачык айтышты.
19
Ал эми сыйкырчылык кылып жүргөндөрдүн көптөрү өздөрүнүн китептерин чогултуп, бүт элдин алдында өрттөп жиберишти. Ал китептердин бааларын эсептешкенде, элүү миң драхма болду.
20
Ошентип, Теңирдин сөзү кеңири тарап, өзүнүн күчүн көрсөтүп жатты.
21
Ушул окуялардан кийин, Пабыл: «Македония менен Ахаяга, андан ары Иерусалимге барышым керек. Ал жерде болгондон кийин, Римге да барышым керек», – деп чечти.
22
Анан ал өзүнүн жардамчылары – Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберди. Өзү болсо бир аз убакытка Асияда калды.
23
Ошол учурда Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууга каршы чоң козголоң чыкты.
24
Анткени күмүштөн Артемиданын бутканасынын үлгүлөрүн жасап, сүрөтчүлөргө көп пайда келтирген Деметир деген бир зергер
25
сүрөтчүлөрдү жана башка зергерлерди чогултуп, аларга мындай деди: «Достор! Биздин кирешебиз ушул ишке байланыштуу экенин өзүңөр билесиңер.
26
Жанагы Пабыл деген неменин Эфесте гана эмес, бүткүл Асияда: “Колуңар менен жасаган нерселер кудайлар эмес”, – деп, көптөгөн адамдарды ынандырып, жолдон чыгарганын угуп-көрүп жатасыңар.
27
Бул бизге коркунучтарды туудурат: биринчиден, ишибиз бааланбай калат; экинчиден, улуу аял кудай Артемиданын бутканасы барк алынбай, бүткүл Асия жана бүт жер жүзү урматтаган Артемида өзү да улуулугунан ажырайт».
28
Алар муну укканда, жаалданышып: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп, кыйкыра башташты.
29
Ошентип, бүт шаар дүрбөлөңгө түштү. Пабылдын Гай жана Аристарх деген македониялык жолдошторун кармап алып, бардыгы театрды көздөй бет алышты.
30
Пабыл топ элдин ичине кирмекчи болгондо, шакирттер ага жол бербей коюшту.
31
Ошондой эле Асиядагы башкаруучулардын Пабылга ылым санагандары «Пабыл театрга барбасын» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти.
32
Ошол арада бирөө бирди айтып, экинчиси дагы бирди айтып кыйкырып, чогулган эл ызы-чуу салып жатты. Элдин көпчүлүгү өздөрүнүн эмне үчүн чогулганын билишкен жок.
33
Ошондо жүйүттөрдүн сунушу боюнча элдин арасынан Искендерди алдыга чыгарышты. Искендер колу менен белги берип, элге сүйлөмөкчү болду.
34
Бирок анын жүйүт экендигин билишкенде, бардыгы бир ооздон: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» – деп кыйкыра башташты. Алар эки саатка жакын ушинтип кыйкырышты.
35
Шаар башчысы элди тынчтандырып, мындай деди: «Эфестиктер! Эфес шаары улуу аял кудай Артемиданын жана анын асмандан түшкөн айкелинин кызматчысы экендигин ким билбейт?
36
Эгерде бул жөнүндө талаш жок болсо, анда силер тынчсызданбай эле коюшуңар керек, алаңгазарлык кылуунун кереги жок.
37
Силер бул жерге бул кишилерди алып келдиңер, бирок булар Артемиданын бутканасын уурдашкан эмес, силердин аял кудайыңарга тил тийгизишкен да эмес.
38
Эгерде Деметирдин жана анын жанындагы сүрөтчүлөрдүн кимдир бирөөгө нааразычылыгы бар болсо, анда бизде соттор бар, дубан башчылары бар. Бири-бирине болгон нааразычылыктары боюнча ошолорго кайрылышсын.
39
Эгерде башка дагы сурооңор болсо, анда ал кезектеги чогулушта чечилет.
40
Бүгүн болуп өткөн окуядан улам, козголоң чыгаруучулар катары айыпталуу коркунучу алдында турабыз. Анткени бизде ушунча эл чогулгандыгы үчүн актанууга эч кандай себеп жок». Ушул сөздөрдү айтып, ал чогулган элди таратып жиберди.
← Chapter 18
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 20 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28