bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 27
Acts 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 28 →
1
Италияга кеме менен сүзүп бара тургандыгыбыз чечилгенден кийин, Пабылды жана бир нече туткунду Августтун аскер бөлүгүнүн Улий деген жүз башысынын колуна тапшырышты.
2
Адрамиттик кемеге түшүп, жолго чыктык, ал кеме Асиядагы кемелер туруучу жайдын жанынан өтмөк. Тесалоникадан келген македониялык Аристарх биздин жаныбызда эле.
3
Эртеси күнү Сидон шаарына токтодук. Улий Пабылга адамгерчилик кылып, досторуна барып келүүгө жана алардан жардам алууга уруксат берди.
4
Ал жерден чыгып, Кипрге келдик, анткени шамал бизге каршы согуп жаткан эле.
5
Киликия менен Памфилиянын жанынан сүзүп өтүп, Ликия аймагындагы Мира шаарына келдик.
6
Ошол жерден жүз башы Италияга бара турган александриялык бир кемени таап, бизди ошого отургузду.
7
Бир нече күн жай сүзүп жүрүп отуруп, зор кыйынчылык менен Кинит шаарына жеттик. Шамал бизге каршы согуп, жолубузду улантууга мүмкүн болбогондуктан, Салмон тумшугунун жанындагы Крит аралына сүзүп келдик.
8
Анын жанынан да кыйынчылык менен өтүп, Ласая шаарынын жанындагы «Кемелер токтоочу жакшы жай» деген жерге келдик.
9
Бир топ убакыт өтүп, орозо маалы да бүтүп калган эле. Сууда сүзүү коркунучтуу болуп калгандыктан, Пабыл аларга:
10
«Кулак салгылачы! Мындан ары жол жүрүү жүк менен кемеге гана зыян алып келбестен, өмүрүбүз үчүн да коркунуч туудурат», – деп эскертти.
11
Бирок жүз башы Пабылдын сөзүнө караганда, кеменин бургучун башкаруучу менен кеме башчысына көбүрөөк ишенди.
12
Кеме токтоочу жай кыштоого ылайыксыз болгондуктан, кемедегилердин көпчүлүгү: «Бул жерден чыгалы, эгерде мүмкүн болсо, түштүк-батыш жана түндүк-батыш шамалынан далдаа жайгашкан Криттин кеме токтоочу жайы Финикке жетип, ошол жерде кыштайлы», – деп кеңеш беришти.
13
Түштүк шамалы сого баштаганда, алар тилегибизге жеттик деп ойлоп, Критти жээктеп сүзүп жөнөштү.
14
Бирок тез эле «түндүк-чыгыш шамалы» деп аталган катуу шамал башталды.
15
Шамал катуу болгондуктан, кеме шамалга туруштук бере албай калды. Ошентип, биз шамал айдаган жакка бара жаттык.
16
Кабуда деген бир кичинекей аралдын жанынан өткөндө, биз кеменин кайыгын араң кармап калдык.
17
Кайыкты кеменин үстүнө чыгаргандан кийин, кемени тегерете жоон аркан менен курчадык да, кумга сайылып калуудан коркуп, парусту түшүрүп, калкып жүрө бердик.
18
Шамал күчөй бергендиктен, эртеси күнү кемедеги жүктү ыргыта баштадык.
19
Ал эми үчүнчү күнү өз колубуз менен кеменин жабдуусун ыргыттык.
20
Бир нече күн бою күн да, жылдыздар да көрүнгөн жок, шамал болсо күчөгөндөн күчөй берди. Ошондо биздин аман калууга болгон үмүтүбүз үзүлө баштады.
21
Кемедегилер көп күндөн бери тамактаныша элек эле. Пабыл ортого чыгып, мындай деди: «Эркектер! Менин кеңешимди уксаңар болмок. Криттен чыкпай коё турганда, мындай кыйынчылыктарга учурамак эмеспиз, зыян да тартмак эмеспиз.
22
Азыр болсо силерди кайраттанууга чакырам, анткени бирөөңөр да өлбөйсүңөр, кеме гана кыйрайт.
23
Мен таандык болгон, мен кызмат кылган Кудайдын бир периштеси ушул түнү мага келип:
24
“Коркпо, Пабыл! Сен Рим падышасынын алдына барышың керек. Сени менен бирге кемеде бара жаткандардын бардыгын Кудай сага берди”, – деди.
25
Ошондуктан, эркектер, кайраттангыла! Анткени мен Кудайга ишенемин, мага кандай айтылса, ошондой болот.
26
Биз бир аралга туш болобуз».
27
Биз Адрия деңизинде шамалга айдалып бара жатканыбызга он төрт күн болгондо, түн ортосуна жакын, кемечилер кургактыкка жакындап калышканын билишти.
28
Ошондо алар суунун тереңдигин өлчөп, анын жыйырма саржан экендигин билишти. Бир аз жылгандан кийин, дагы бир жолу өлчөп көрүп, он беш саржан экендигин билишти.
29
Аскага урунуудан коркуп, кеменин арткы бөлүгүнөн төрт оор кайырмак темирди сууга түшүрүштү да, таңдын атышын күтүштү.
30
Кемечилер кемени таштап качмакчы болушту. Алар кеменин тумшук жагынан оор кайырмак темирлерди сууга түшүрүмүш болуп, деңизге кайыкты түшүрө башташты.
31
Пабыл жүз башыга жана аскерлерге мындай деди: «Эгерде кемечилер кемеде калышпаса, анда силер аман калбайсыңар».
32
Ошондо аскерлер кайыкты байлап түшүргөн жиптерди кесип жиберишти, кайык сууга түшүп кетти.
33
Таңга маал Пабыл бардыгын тамактанып алууга чакырып: «Кабатыр болуп жатканыңарга бүгүн он төрт күн болот, эч нерсе да жей элексиңер.
34
Аман калышыңар үчүн, тамактанып алгыла. Эч бириңердин башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт», – деди.
35
Ушул сөздөрдү айткандан кийин, нан алып, бардыгынын алдында Кудайга ыраазычылык билдирди да, нанды сындырып, жей баштады.
36
Ошондо бардыгы кайраттанып, тамактанууга киришишти.
37
Кемеде бардыгы болуп эки жүз жетимиш алты киши элек.
38
Тамактанып бүткөндөн кийин, буудайды деңизге таштап, кемени жеңилдете башташты.
39
Таң атканда, алар жээги кумдуу бир булуңду гана көрүштү, бирок кайсы жерге келишкенин билишкен жок. Ошондо алар жээкке чыгууга аракет кылууну чечишти.
40
Оор кайырмак темирлерди чечип, деңизге таштап салышты. Анан кеменин байланган бургучтарын чечип, кичинекей парусту шамалга тосуп, жээкти көздөй сүзүп жөнөштү.
41
Сүзүп бара жатып, бир саяң жерге туш болушту, кеме кумга сайылып калды. Кеменин тумшугу кумга тыгылып, жылбай калды, ал эми арткы бөлүгү толкундун күчү менен талкаланды.
42
Туткундардын эч бири сүзүп качып кетпеш үчүн, аскерлер аларды өлтүрүп салууну чечишти.
43
Бирок жүз башы Пабылды аман алып калууну каалагандыктан, буга жол берген жок. Ал сүзгөндү билгендерге кемеден биринчилерден болуп секирип түшүп, жээкке чыгууну буйруду.
44
Калгандарга болсо тактайлар менен, кеменин сыныктары менен кургактыкка чыгууну буйруду. Ошентип, бардыгы аман-эсен кургактыкка чыгышты.
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28