bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 28
Acts 28
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
1
Жээкке аман-эсен чыккандан кийин, аралдын аты Мелит экендигин билдик.
2
Жергиликтүү эл бизге өзгөчө адамгерчилик көрсөттү. Алар от жагып, бизди чакырышты, анткени жамгыр жаап, суук болуп жаткан эле.
3
Пабыл бир топ кургак чырпык терип келип, отко салып жатканда, ысыктыктан улам, бир уулуу жылан чыгып, анын колуна жабышты.
4
Жергиликтүү эл анын колуна жабышкан жыланды көргөндө, бири-бирине: «Бул адам киши өлтүргүч болсо керек, деңизден аман чыкса да, Акыйкаттык аны тирүү калтырган жок», – дешти.
5
Бирок Пабыл жыланды отко силкип таштады, андан эч кандай зыян тарткан жок.
6
Алар Пабылдын денеси шишип кетет, же болбосо ал мүрт өлөт деп күтүп жатышкан эле. Бир топ убакыт өтсө да, ага эч нерсе болгон жок. Ошондо алар ойлорун өзгөртүшүп: «Бул бир кудай болсо керек», – дешти.
7
Ал жерден алыс эмес жерде аралдын башчысы Публий деген адамдын жери бар эле. Ал бизди чакырып, үч күн меймандостук менен коноктоду.
8
Публийдин атасы ысытма жана ич өткөк менен ооруп жаткан эле. Пабыл анын жанына барды да, сыйынып, колдорун анын үстүнө коюп, аны айыктырып койду.
9
Ошондон кийин аралдагы башка оорулуулар да келип, айыгып жатышты.
10
Алар бизге урмат-сый көрсөтүп, жолго чыгарыбызда керектүү нерселер менен камсыз кылышты.
11
Yч айдан кийин, ушул аралда кыштаган «Эгиз кудайлар» деген александриялык кеме менен деңизге чыктык.
12
Сиракуза шаарына барып, ал жерде үч күн болдук.
13
Ал жерден чыгып, Регия шаарына келдик. Бир күндөн кийин түштүк шамалы соккондуктан, эртеси күнү Путеол шаарына келдик.
14
Ал жерден бир туугандарды таптык. Алар бизден жети күнгө калуубузду өтүнүштү. Андан кийин Римге жол тарттык.
15
Ал жердеги бир туугандар биз жөнүндө угуп, Апий аянтына жана «Үч мейманкана» деген жерге чейин келип, бизди тосуп алышты. Пабыл аларды көргөндө, Кудайга ыраазычылык билдирди жана кайраттанып да калды.
16
Римге келгенибизде, жүз башы туткундарды падышанын аскер башчысына тапшырды. Пабылга болсо бир аскер менен өзүнчө жашоого уруксат берилди.
17
Үч күндөн кийин Пабыл жүйүттөрдүн эң атактуу адамдарын чакыртты. Алар чогулганда, мындай деп сүйлөй баштады: «Агайын-туугандар! Элге каршы же ата-бабаларыбыздын салттарына каршы эч нерсе кылбасам да, кишенделип, Иерусалимден римдиктердин колуна салынып берилдим.
18
Алар мени суракка алып, менден өлүм жазасына тарткыдай кылмыш таба албай коюшкандан кийин, бошотмокчу болушту.
19
Бирок жүйүттөр каршы чыгышкандыктан, мен Рим падышасынын сотун талап кылууга аргасыз болдум. Бирок мен ал сотту өз элимди айыпташ үчүн талап кылган жокмун.
20
Мен силерди мына ушул себеп менен, силер менен көрүшүп, сүйлөшүү үчүн чакырдым. Анткени мен Ысрайыл элинин үмүтү үчүн ушул кишен менен кишенделдим».
21
Ошондо алар ага: «Биз Жүйүт аймагынан сен жөнүндө эч кандай кат алган жокпуз, келген бир туугандардын эч кимиси сен жөнүндө кабарлаган жок, эч бир жаман нерсе айткан да жок.
22
Ошондой болсо да сенден өз оюңду уккубуз келет. Анткени биз бул окутуу жөнүндө бардык жерде талаш-тартыш болуп жатканын билебиз», – дешти.
23
Ошентип, алар бир күндү белгилешип алып, Пабыл жашап турган үйгө дагы көптөгөн жүйүттөр менен келишти. Пабыл аларга эртеден кечке чейин Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө күбөлөндүрүп, «Тоорат» жана «Пайгамбарлар» китептеринин негизинде Ыйса жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирди.
24
Кээ бирөөлөрү айтылган сөздөргө ынанышты, ал эми кээ бирөөлөрү ишенишкен жок.
25
Өз ара келише албай, алар тарай башташты. Ошондо Пабыл аларга мындай деди: «Ыйык Рух Ышайа пайгамбар аркылуу биздин ата-бабаларыбызга мындай деп туура айткан экен:
26
“Бул элге барып айт: Кулагыңар менен угасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр; көзүңөр менен карайсыңар, бирок көрбөйсүңөр.
27
Анткени көздөрү менен көрбөш үчүн, кулактары менен укпаш үчүн, жүрөктөрү менен түшүнбөш үчүн, Мага кайрылып айыкпаш үчүн, бул элдин жүрөгүн май басты, кулактары катууланды, алар көздөрүн жаап алышты”.
28
Ошондуктан билип алгыла: Кудайдын куткаруусу бутпарастарга жиберилди, муну мына ошолор угушат».
29
Ал ушул сөздөрдү айтканда, жүйүттөр өз ара көпкө талашып-тартышып, тарап кетишти.
30
Пабыл Римде эки жыл батирде жашады. Келгендердин баарын кабыл алып,
31
Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө, Теңир Ыйса Машайак жөнүндө кайраттуулук менен айтып, аларды тоскоолдуксуз окутуп жатты.
← Chapter 27
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28