bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 21
Acts 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 22 →
1
Алар менен коштошкондон кийин, кеме менен түз эле Кос кичи аралына бардык. Эртеси күнү Родос аралына келип, ал жерден Патара шаарына бардык да,
2
Финикияга кете турган кемени таап, ага отуруп, жолго чыктык.
3
Кипр аралынын түштүк тарабынан өтүп, Сирияны көздөй багыт алдык да, Тир шаарына келип токтодук. Анткени бул жерден кемедеги жүктү түшүрүшмөк.
4
Ал жерден шакирттерди издеп таап, алар менен жети күн болдук. Алар Рухтун ачып берүүсү боюнча Пабылга: «Иерусалимге барбагын», – деп айтып жатышты.
5
Бирок бул күндөр өткөндөн кийин, биз жолго чыктык. Алардын бардыгы, аялдары, балдары менен бирге бизди шаардын сыртына чейин узатып барышты. Деңиз жээгинде тизе бүгүп сыйындык.
6
Коштошкондон кийин, биз кемеге отурдук, алар болсо үйлөрүнө кайтышты.
7
Тирден Птоломай шаарына келдик. Ошентип, биз кеме менен жол жүрүүнү токтоттук. Ал жерде бир туугандарга барып, алар менен бир күн болдук.
8
Эртеси жолго чыгып, Кейсареяга келдик да, ал жерден Жакшы Кабар таратуучу Филиптин үйүнө барып, аныкында калдык. Ал жети диакондун бири эле.
9
Анын пайгамбарчылык кылган, турмушка чыкпаган төрт кызы бар эле.
10
Биз алардыкында бир нече күн болдук. Ошол күндөрдүн биринде Жүйүт аймагынан Агап деген бир пайгамбар келип,
11
биз отурган бөлмөгө кирди да, Пабылдын курун алып, өзүнүн колу-бутун байлап, мындай деди: «Ыйык Рух мындай дейт: Иерусалимдеги жүйүттөр бул курдун ээсин ушинтип байлап, бутпарастардын колуна салып беришет».
12
Муну укканда, биз да, ал жердегилер да Пабылдан Иерусалимге барбоосун өтүндүк.
13
Бирок ал мындай деди: «Бул эмне кылганыңар? Эмнеге ыйлап, мени кайгыга салып жатасыңар? Мен Иерусалимде Теңир Ыйса үчүн туткундалууга гана эмес, өлүүгө да даярмын».
14
Биз аны көндүрө албай койгондон кийин, «Теңирдин эрки болсун!» деп, унчукпай калдык.
15
Ошол күндөрдөн кийин, биз жолго камынып, Иерусалимге жол тарттык.
16
Биз менен бирге кейсареялык бир нече шакирт да жолго чыкты. Алар бизди кипрлик Мнасондун үйүнө ээрчитип барышты. Мнасон биринчи шакирттерден эле.
17
Иерусалимдеги бир туугандар бизди кубаныч менен кабыл алышты.
18
Эртеси күнү биз Пабыл менен бирге Жакыпка бардык. Жыйын башчылары да келишти.
19
Алар менен учурашкандан кийин, Пабыл аларга өзүнүн кызматы аркылуу Кудай бутпарастар арасында эмнелерди кылганы жөнүндө толугу менен айтып берди.
20
Алар анын сөзүн угуп, Кудайды даңкташты. Анан ага мындай дешти: «Бир тууган, өзүң көрүп тургандай, миңдеген жүйүттөр Ыйсага ишенип калышты, алардын баары Мусанын мыйзамын кызганчаактык менен коргошот.
21
Алар сен тууралуу: “Ал бутпарастар арасында жашаган бүт жүйүттөрдү: "Балдарыңарды сүннөткө отургузбагыла, салтты кармабагыла", – деп, Мусанын мыйзамынан четтөөгө үйрөтүп жатат”, – деп угушкан.
22
Эми эмне болот? Эл сенин бул жерге келгениңди угуп, сөзсүз чогулат.
23
Ошондуктан биздин айтканыбызды кыл: биздин арабызда назир болууга убада берген төрт адам бар.
24
Аларды ийбадатканага ээрчитип барып, алар менен кошо тазалануу расмисинен өт. Алардын чач алдырыш үчүн чалган курмандыктарына кеткен чыгымын сен төлө. Ошондо жүйүттөрдүн бардыгы сен тууралуу уккан сөздөрүнүн туура эмес экендигин, өзүң да мыйзамды сактап жүргөнүңдү билишет.
25
Ал эми бутпарастардын арасынан Ыйсага ишенип калгандарга: “Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын, канаттуунун этин жебегиле, ошондой эле ойноштук кылбагыла”, – деп кат жазып, берип жибердик».
26
Ошондо Пабыл назир болууга убада берген төрт кишини ээрчитип барып, алар менен бирге тазалануу расмисинен өттү. Эртеси күнү ийбадатканага кирип, тазалануу күндөрүнүн качан бүтөрүн, качан ар бири үчүн курмандык чалынарын жарыялады.
27
Жети күндүк тазалануу расмиси аяктап калганда, асиялык жүйүттөр Пабылды ийбадатканадан көрүп, бүт элди ага каршы тукурушту. Алар аны кармап алып:
28
«Ысрайыл эркектери, жардамга келгиле! Мына бул киши бардык жерде элибизге, мыйзамыбызга жана ушул ыйык жайга каршы окутуп жүрөт. Атүгүл, эллиндерди да ийбадатканага киргизип, бул ыйык жайды булгады», – деп кыйкырышты.
29
Анткени алар мындан мурун Пабылдын эфестик Трофим менен шаарда жүргөнүн көрүп, ал аны ийбадатканага киргизди деп ойлоп калышкан.
30
Бүт шаар кыймылга келип, ар тараптан эл чогулду. Алар Пабылды ийбадатканадан сыртка сүйрөп чыгарышты. Ошол замат ийбадаткананын эшиктери бекитилди.
31
Алар аны өлтүрмөкчү болуп жатышканда, римдик миң башыга «Бүт Иерусалим дүрбөлөңгө түшүп жатат» деген кабар жетти.
32
Миң башы ошол замат аскерлерди жана жүз башыларды алып, аларды көздөй жөнөдү. Алар миң башыны жана аскерлерди көргөндө, Пабылды урганын токтотушту.
33
Ошондо миң башы жакын келип, аны кармады да, эки чынжыр менен байлоого буйрук берди. Анан: «Бул ким? Эмне кылды эле?» – деп сурады.
34
Элдин арасынан бирөө бирди айтып, экинчиси дагы бирди айтып кыйкырып жатышты. Ал болсо дүрбөлөңдөн улам, кимисиники чын экенин биле албай, аны аскерлер үйүнө алып барууга буйрук берди.
35
Пабыл тепкичке жеткенде, аскерлер аны көтөрүп чыгууга мажбур болушту. Анткени калың эл кысып,
36
алардын артынан калбай: «Ага өлүм!» – деп кыйкырып келе жатышкан.
37
Пабыл аскерлер үйүнө кирип бара жатканда, миң башыдан: «Сага бир нерсе айтсам болобу?» – деп сурады. Тиги болсо: «Сен грекче билесиңби?
38
Мындан бир нече күн мурун козголоң чыгарып, төрт миң кылмышкерди чөлгө алып чыккан мисирлик киши сен эмессиңби?» – деди.
39
Пабыл болсо: «Мен жүйүтмүн, Киликия дубанынын белгилүү шаарларынын бири Тарстын атуулумун. Мага элге сүйлөгөнгө уруксат берчи», – деди.
40
Ал уруксат берди. Ошондо тепкичтин үстүндө турган Пабыл элге колу менен белги берди. Тынчтанып калышканда, аларга эврей тилинде сүйлөй баштады:
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 22 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28