bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 6
Acts 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 7 →
1
Ошол күндөрү, шакирттер көбөйө баштаганда, бутпарас өлкөлөрдө жашаган, эллинисттерде эврейлерге каршы нааразычылык пайда болду, анткени күнүмдүк тамак-аш бөлүнүп берилгенде, алардын жесирлери эске алынбай калып жаткан эле.
2
Ошондо он эки элчи бардык шакирттерди чогултуп алып, мындай дешти: «Кудайдын сөзүн таратуу ишин таштап коюп, тамак бөлүштүрүп жүргөнүбүз жакшы эмес.
3
Ошондуктан, бир туугандар, элдин ишенимине ээ болгон, Ыйык Рухка толгон жана акылдуу жети адамды араңардан тандагыла. Бул кызматты ошолорго тапшыралы.
4
Биз болсо дайыма сыйынууну жана Кудай сөзүн айтып кызмат кылууну уланта берели».
5
Бул сунуш бүт Жыйынга жакты. Ошентип, алар ишеними бекем, Ыйык Рухка толгон Степан деген адамды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана антийохеялык прозелит Николайды тандашты да,
6
элчилердин алдына алып келишти. Элчилер сыйынып, алардын үстүнө колдорун коюшту.
7
Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимде шакирттердин саны абдан көбөйүп жатты. Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен да көптөрү Ыйсага ишенип калышты.
8
Ишеними бекем, күчкө толгон Степан эл арасында улуу кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жүрдү.
9
Либертиндердин, киренеялыктардын, александриялыктардын синагогасы деп аталган синагоганын кээ бир мүчөлөрү, киликиялыктардын жана асиялыктардын кээ бирөөлөрү Степанга каршы чыгып, аны менен талашып-тартышышты.
10
Бирок анын акылмандык менен, Рухтун күчү менен сүйлөгөн сөзүнө каршы тура алышкан жок.
11
Ошондо алар кээ бир адамдарга: «“Биз анын Мусага каршы сүйлөгөнүн, Кудайга акарат келтиргенин уктук” деп айткыла», – деп үйрөтүп коюшту.
12
Алар элди, аксакалдарды жана мыйзам окутуучуларды тукурушту да, Степанды кармап, синедрионго алып келишти.
13
Анан жалган жалаа жабуучуларды алдыга чыгарышты. Алар: «Бул адам ушул ыйык жайга жана мыйзамга каршы сүйлөгөнүн токтотпой жатат.
14
Анткени биз анын: “Назареттик Ыйса бул жайды талкалап, Мусанын бизге калтырган салттарын өзгөртөт”, – деп айтканын уктук», – деп айтышты.
15
Ошондо синедриондо отургандардын бардыгы Степанды тигиле карап калышты, анын жүзү периштенин жүзүндөй жаркырап турган эле.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28