bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 24
Acts 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 25 →
1
Беш күндөн кийин башкы ыйык кызмат кылуучу Ханания аксакалдарды жана Тертул деген жактоочуну алып, башкаруучуга келди. Алар Пабылга каршы арызданышты.
2
Пабыл чакыртылып келгенде, Тертул аны мындай деп айыптай баштады:
3
«Улуу урматтуу Феликс, ушул өлкөдөгү тынчтык үчүн жана өзүңдүн камкордугуң менен ушул эл жакшы жашап жаткандыгы үчүн, биз сага милдеттүү экенибизди ар убакта, бардык жерде ыраазычылык менен мойнубузга алабыз.
4
Сени көпкө кармабайлы. Өзүңө мүнөздүү болгон ырайымдуулугуң менен бизге бир аз кулак салып коюуңду өтүнөм.
5
Биз бул адамды коомдун тынчын алуучу, бүт дүйнө жүзүндө жашаган жүйүттөр арасында козголоң чыгаруучу жана назареттик жалган окутуунун өкүлү деп таптык.
6
Ал ийбадаткананы булгаганга да аракет кылды. Биз аны кармап алып, өзүбүздүн мыйзамыбыз боюнча соттогону жатканбыз.
7
Бирок миң башы Лусий келип, аны биздин колубуздан күч менен тартып алып, сага жиберди.
8
Анын айыптоочулары – бизди да сага барууга буйруду. Аны айыптап жатканыбыздын себебин өзүнөн сурап бил».
9
Жүйүттөр да ага кошулуп, ал жөнүндө айтылган сөздөрдүн баарын туура деп ырасташты.
10
Башкаруучу колу менен белги бергенде, Пабыл мындай деп сүйлөй баштады: «Сенин бул элге көп жылдан бери сот жүргүзүп келе жаткандыгыңды билгендигимден улам, мен өз ишимди эркин коргой аламын.
11
Өзүң билип алсаң болот, Кудайга табынуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күндөн аша элек.
12
Ыйык жайда болобу, синагогада болобу, шаарда болобу, алар менин бирөө менен талашып-тартышканымды же эл арасында козголоң чыгарганымды көрүшкөн жок.
13
Азыр койгон айыптарын да далилдей алышпайт.
14
Бирок алар жалган деп эсептеген окутуу боюнча мен, чын эле, ата-бабаларымдын Кудайына кызмат кыларымды, «Тооратта» жана «Пайгамбарлар» китебинде жазылгандын бардыгына ишенеримди сенин алдыңда мойнума алам.
15
Мен да алар сыяктуу эле, адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан үмүттөнөм.
16
Ошондуктан Кудай алдында да, адамдар алдында да абийирим таза болушу үчүн, ар дайым аракет кылам.
17
Мен өз элиме жардам жана курмандыктарды жеткирип берүү үчүн, бир нече жылдан кийин Иерусалимге келдим.
18
Асиялык жүйүттөр мени ийбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жаткан жеримден көрүштү. Жанымда эл жок болчу, эч кандай ызы-чуу да болгон эмес.
19
Эгерде ошол асиялык жүйүттөрдүн мага карата нааразычылыгы болсо, анда алар сенин алдыңа келип, мени айыптоолору керек эле.
20
Же болбосо бул жердегилер да синедриондун алдында турганымда менден кылмыш табышкан болсо, анда айтып беришсин.
21
Болгону, мен алардын арасында турганымда үнүмдү катуу чыгарып, “Силер мени бүгүн өлгөндөрдүн тириле тургандыгы жөнүндөгү окутуу үчүн айыптап жатасыңар” дегем».
22
Муну укканда, бул окутуу жөнүндө толук маалыматы бар Феликс аларга: «Мен силердин ишиңерди миң башы Лусий келгенде териштирем», – деп, тергөө ишин кийинкиге калтырды.
23
Жүз башыга болсо Пабылды камакка алууну, бирок кысымга албоону жана жакындарынын эч биринин ага кам көрүп туруусуна же келүүсүнө тыюу салбоону буйрук кылды.
24
Бир нече күндөн кийин Феликс өзүнүн жүйүт аялы Друзила менен келди да, Пабылды чакыртып алып, Машайак Ыйсага болгон ишеним тууралуу укту.
25
Пабыл адилеттик, өзүн өзү тыюу жана келечектеги сот тууралуу айта баштаганда, Феликсти коркунуч басты. Ошондуктан ал: «Азыр бара бер, убакыт болгондо өзүм чакыртып алам», – деди.
26
Ошол эле учурда Феликс Пабылдан бошонуш үчүн акча берет деп үмүттөнгөндүктөн, аны тез-тез чакыртып алып, сүйлөшүп турду.
27
Эки жылдан кийин Феликстин ордуна Поркий Фест келди. Жүйүттөргө жаккысы келген Феликс Пабылды түрмөдө калтырды.
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28