bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 9
Acts 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 10 →
1
Шабыл болсо мурункусундай эле Теңирдин шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап, башкы ыйык кызмат кылуучуга барды.
2
Бул окутууну жолдогондордун кимисин тапса, ал эркек болобу, аял болобу, аны байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн, Шабыл андан Дамасктагы синагогаларга кат жазып берүүсүн өтүндү.
3
Ошентип, ал жолго чыгып, Дамаскка жакындап калганда, күтүлбөгөн жерден ага асмандан бир жарык түштү.
4
Ал жерге жыгылды. Ошондо ал «Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн Мени кубалап жатасың?» деген үндү укту.
5
«Сен кимсиң, Теңир?» – деп сурады Шабыл. Теңир ага: «Сен кубалап жаткан Ыйсамын, – деп жооп берди. – Учтуу таякка каршы тура албайсың».
6
Ал коркконунан титиреп, мындай деди: «Теңир! Мага эмне кылууну буюрасың?» Теңир ага: «Тургун да, шаарга баргын, ошондо сага эмне кылышың керек экендиги айтылат», – деди.
7
Аны менен бирге бара жаткан адамдар үндү угуп, бирок эч кимди көрбөй, селдейип туруп калышты.
8
Ордунан турган Шабыл көздөрү ачык болгонуна карабастан, эч кимди көргөн жок. Аны колунан жетелеп, Дамаскка алып келишти.
9
Анын көзү үч күн көргөн жок, ал тамак да жеген жок.
10
Дамаскта Анания деген бир шакирт бар эле. Теңир көрүнүш аркылуу ага: «Анания!» – деп кайрылды. Ал болсо: «Мен угуп жатам, Теңирим», – деп жооп берди.
11
Ошондо Теңир ага мындай деди: «Тур, “Түз көчөсү” деп аталган көчөгө барып, Жүйүт деген кишинин үйүнөн Шабыл деген тарстык кишини сура. Ал азыр сыйынып жатат.
12
Ал мындай көрүнүш көрдү: көрүнүштө анын жанына Анания деген адам келип, анын көздөрү кайрадан көрүш үчүн, үстүнө колдорун койду».
13
Анания болсо Теңирге мындай деди: «Теңир! Мен анын Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа канчалык жамандык кылгандыгын көп кишиден уккам.
14
Бул жерде да ыйык кызмат кылуучулардан Сенин ысымыңды чакыргандардын бардыгын байлатууга уруксат алган».
15
Бирок Теңир ага: «Баргын, анткени ал Менин тандалган идишим. Ал Мен жөнүндө элдердин, падышалардын жана Ысрайыл элинин алдында жарыялайт.
16
Менин ысымым үчүн канчалык азап чегүүсү керек экендигин Мен ага көргөзөмүн», – деди.
17
Анания барып, ошол үйгө кирди да, Шабылдын үстүнө колдорун коюп, мындай деди: «Бир тууганым Шабыл! Келе жаткан жолуңда өзүңө көрүнгөн Теңир Ыйса, көздөрүң кайрадан көрүшү үчүн, Ыйык Рухка толушуң үчүн, мени сага жиберди».
18
Ошол замат анын көзүнөн чел түшүп калгандай болду. Анын көздөрү ачылып, көрө баштады. Ошондо ал ордунан туруп, сууга чөмүлдүрүлдү.
19
Анан тамак жеп, кубаттанды. Шабыл бир нече күн Дамасктагы шакирттер менен болду.
20
Көп өтпөй эле, ал синагогаларда Ыйсанын Кудай Уулу экенин жарыялай баштады.
21
Анын сөзүн уккандардын бардыгы: «Иерусалимде ушул ысымды чакыргандарды куугунтуктаган ушул киши эмес беле? Бул жерге да аларды байлап, башкы ыйык кызмат кылуучуларга алып барыш үчүн келбеди беле?» – деп таң калышты.
22
Барган сайын ишеними бекемделген Шабыл болсо Ыйсаны Машайак деп далилдеп, Дамаскта жашаган жүйүттөрдүн баштарын маң кылды.
23
Бир нече күн өткөндөн кийин, жүйүттөр аны өлтүрүүгө чечим чыгарышты.
24
Бирок алардын бул жаман ою Шабылга маалым болду. Алар аны өлтүрүш үчүн, күндүр-түндүр шаар дарбазаларынын алдында күтүп турушту.
25
Шакирттер болсо түн ичинде аны чабырага салып, дубалдын боору менен төмөн түшүрүп жиберишти.
26
Шабыл Иерусалимге келип, ал жердеги шакирттерге кошулууга аракеттенди. Бирок алардын бардыгы анын Ыйсанын шакирти болгонуна ишенбей, андан коркушту.
27
Барнаба болсо аны элчилерге ээрчитип барды да, аларга анын жолдо Теңирди көргөнүн, Теңирдин ага эмне деп айтканын жана Дамаскта Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратканын айтып берди.
28
Ошондон кийин Шабыл Теңир Ыйсанын ысымы жөнүндө кайраттуулук менен Жакшы Кабар таратып, Иерусалимде алар менен чогуу жүрдү.
29
Эллинисттер менен да сүйлөшүп, талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүгө аракет кылышты.
30
Бул жөнүндө уккан бир туугандар аны Кейсареяга алып келип, андан ары Тарска жөнөтүп жиберишти.
31
Ал эми бүт Жүйүт аймагындагы, Галилеядагы жана Самария шаарындагы Жыйындар тынч күндөрдү өткөрүп, рухий жактан өсүп жатышты. Теңирден коркуу менен жашап жаткан алар Ыйык Рухтун жардамы менен көбөйүп жатышты.
32
Петир баарын кыдырып жүрүп, Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди.
33
Ал жерден ал сегиз жылдан бери шал оорусу менен төшөктө жаткан Айней деген адамды көрдү.
34
Петир ага: «Айней! Сени Ыйса Машайак айыктырып жатат. Төшөгүңдөн тургун», – деди. Ал ошол замат ордунан турду.
35
Лиддада жана Шарондо жашагандардын бардыгы аны көрүп, Теңирге кайрылышты.
36
Жапа шаарында Табита деген шакирт аял бар эле. Бул ысым «жейрен» деп которулат. Ал көптөгөн жакшы иштерди кылчу, жакырларга көп жардам берчү.
37
Ошол күндөрдө ал ооруп өлүп калды. Анын сөөгүн жууп, жогорку бөлмөгө жаткырып коюшту.
38
Лидда шаары Жапа шаарына жакын болгондуктан, шакирттер Петирдин Лиддада экендигин угуп, «Бизге тезинен кел» деген өтүнүч менен ага эки кишини жиберишти.
39
Петир алар менен жолго чыкты. Ал келгенде, аны жогорку бөлмөгө киргизишти. Жесир аялдардын баары ыйлап, Петирге келишти да, ага Табитанын тирүү кезинде тиккен көйнөктөрү менен кийимдерин көрсөтүштү.
40
Петир алардын бардыгын сыртка чыгарып жиберип, тизе бүгүп сыйынды, анан маркумга бурулуп: «Табита, ордуңдан тур!» – деди. Ошондо Табита көздөрүн ачты. Петирди көрүп, өйдө болуп отурду.
41
Петир колун сунуп, аны тургузду да, ыйыктар менен жесирлерди чакырып, аларга өлүп кайра тирилген аны көрсөттү.
42
Бул окуя бүт Жапага белгилүү болду. Ошондо көптөгөн адамдар Теңирге ишенип калышты.
43
Петир бир нече күн Жапада, Шымон деген булгаарычыныкында болду.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28