bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Acts 22
Acts 22
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 23 →
1
«Агайын-туугандар жана аталар! Азыр менин актануума кулак салгыла».
2
Алар анын эврей тилинде сүйлөгөнүн угушканда, мурдагыдан да тынчтанып калышты. Ошондо ал мындай деди:
3
«Мен жүйүтмүн, Киликиянын Тарс шаарында туулгам, бирок Иерусалимде Гамалиелдин кол астында тарбиялангам. Андан ата-бабаларыбыздын мыйзамын тырышчаактык менен үйрөнүп, Кудайга силер сыяктуу эле берилип кызмат кылчумун.
4
Ыйсанын жолун жолдоочуларды катуу куугунтуктачумун, эркек болобу, аял болобу, байлап, түрмөгө камачумун.
5
Менин бул кылгандарыма башкы ыйык кызмат кылуучу да, аксакалдар кеңеши да күбө. Мен алардан суранып, Дамаскта жашаган жүйүттөргө каттарды жаздырып алдым да, ошол жактагы Ыйсага ишенгендерди Иерусалимге кишендеп алып келип, жазага тартыш үчүн, Дамаскка жөнөдүм.
6
Жолдо мындай окуя болду: чак түштө, Дамаскка жакын калганымда, күтүлбөгөн жерден асмандан бир чоң жарык түшүп, айланамды жаркыратты.
7
Мен жерге жыгылдым. Анан “Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн сен Мени кубалап жатасың?” деген үндү уктум.
8
Ошондо мен: “Сен кимсиң, Теңир?” – деп сурадым. Ал мага: “Сен кубалап жаткан назареттик Ыйсамын”, – деп жооп берди.
9
Менин жанымдагылар болсо ошол жарыкты көрүп коркуп кетишти, бирок мага Сүйлөгөндүн үнүн угушкан жок.
10
Ошондо мен: “Теңир! Мен эмне кылышым керек?” – деп сурадым. Теңир болсо мага: “Ордуңан туруп, Дамаскка баргын, сен кыла турган иштердин бардыгы сага ошол жерде айтылат”, – деди.
11
Ошол жаркыраган жарыктан көзүм көрбөй калгандыктан, жанымдагылар мени Дамаскка колумдан жетелеп алып барышты.
12
Дамасктык жүйүттөр тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон, мыйзамды сактап, такыбаа жашаган Анания деген киши жаныма келип:
13
“Шабыл бир тууган! Көзүң көрсүн!” – деди. Мен ошол замат көрүп калдым.
14
Ал болсо мага: “Ата-бабаларыбыздын Кудайы сени Өзүнүн эркин таанып билсин деп, Адилди көрүп, Анын оозунан сөз уксун деп тандап алды.
15
Анткени сен укканыңды, көргөнүңдү бардык адамдардын алдында күбөлөндүрүп, Анын күбөсү болосуң.
16
Ошондуктан кечиктирбе! Ордуңдан тургун да, Теңир Ыйсанын ысымын чакырып, сууга чөмүлдүрүлгүн, күнөөлөрүңдөн тазалангын”, – деди.
17
Мен Иерусалимге кайтып келип, ийбадатканада сыйынып жатканымда, бир көрүнүш көрдүм.
18
Ал көрүнүштө мен Аны көрдүм. Ал мага: “Иерусалимден тезирээк кеткин, анткени бул жерде сенин Мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүңдү кабыл алышпайт”, – деди.
19
Ошондо мен: “Теңир! Сага ишенгендерди түрмөгө камагандыгымды, синагогаларда сабагандыгымды,
20
Сенин күбөң Степанды таш бараңга алып жатышканда, ошол жерде туруп алып, аны өлтүрүп жаткандарды колдоп, алардын кийимдерин кайтарып тургандыгымды алар билишет”, – дедим.
21
Бирок Ал мага: “Баргын, Мен сени алыска, бутпарастарга жиберемин”, – деди».
22
Алар Пабылды андан ары сүйлөтпөй: «Мындай адамды жер үстүнөн жок кылуу керек! Анткени анын жашоого укугу жок!» – деп кыйкырышты.
23
Алар кыйкырып, кийимдерин чечип ыргытып, туш-тушка топурак чача башташты.
24
Миң башы элдин ага каршы эмнеге мынчалык кыйкырган себебин билүү максатында, аны сабатып суракка алыш үчүн, аскерлер үйүнө киргизүүгө буйрук берди.
25
Анан аны сабоо үчүн, кайыш курлар менен байлап салышты. Ошондо Пабыл жанында турган жүз башыдан: «Силерге Римдин атуулун соттун өкүмүсүз эле сабаганга болобу?» – деп сурады.
26
Жүз башы муну укканда, миң башыга барып: «Сен эмне кылганы жатасың? Бул адам Римдин атуулу экен», – деди.
27
Ошондо миң башы Пабылдын жанына келип: «Сен Римдин атуулусуңбу?» – деп сурады. Ал ага: «Ооба», – деп жооп берди.
28
Анан миң башы мындай деди: «Римдин атуулу болуш үчүн, мен көп акча төлөгөм», – деди. Пабыл болсо: «А мен туулгандан эле Римдин атуулумун», – деди.
29
Ошондо аны кыйнап суракка алмакчы болуп жаткандар дароо четтеп кетишти. Миң башы болсо анын Римдин атуулу экендигин билгенде, аны байлаттыргандыгы үчүн коркуп кетти.
30
Эртеси күнү миң башы Пабылды жүйүттөр эмне себептен айыптап жатканын так билүү үчүн, аны кишенден бошотту да, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен синедриондун чогулуусун буйруду. Анан Пабылды алардын алдына чыгарды.
← Chapter 21
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 23 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28