bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 10
Luke 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 11 →
1
Ошондон кийин Теңир башка жетимиш шакиртти тандап, аларды ар бир шаарга, Өзү бармакчы болгон ар бир жерге эки-экиден кылып, Өзүнөн мурун жөнөтүп жатып, мындай деди:
2
«Түшүм көп, бирок жумушчулар аз. Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнунан Өзүнүн түшүмүн жыйноого жумушчуларды жиберүүсүн өтүнгүлө.
3
Баргыла, мен силерди козуларды карышкырлардын арасына коё бергендей жиберип жатам.
4
Капчык да, баштык да, бут кийим да албагыла, жолдо эч ким менен саламдашпагыла.
5
Кайсы үйгө кирсеңер да, адегенде: “Бул үйгө тынчтык келсин!” – деп айткыла.
6
Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл ала турган адам болсо, анда силердин тынчтыгыңар ошол үйдө калат. Эгерде жок болсо, анда өзүңөргө кайтып келет.
7
Ошол үйдө калып, алардын берген тамагын ичип-жегиле. Анткени эмгектенген адам эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө көчпөгүлө.
8
Кайсы бир шаарга барганыңарда, силерди кабыл алышса, берген тамагын жегиле.
9
Ал жердеги оорулууларды айыктырып, аларга: “Кудайдын Падышачылыгы силерге жакындап калды”, – деп айткыла.
10
Эгерде кайсы бир шаарга барганыңарда, силерди кабыл алышпаса, анда көчөгө чыгып:
11
“Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды да силерге күүп таштайбыз. Бирок силерге Кудайдын Падышачылыгы жакындап калганын билип койгула”, – деп айткыла.
12
Силерге айтып коёюн, ошол күнү ал шаарга караганда Содомго жеңилирээк болот.
13
Хоразин, сага кайгы! Бетсайида, сага кайгы! Анткени силерге көрсөтүлгөн керемет иштер Тир менен Сидонго көрсөтүлсө, анда алар алда качан эле зумбал кийип, күлгө отуруп, тобо кылышмак.
14
Бирок сотто силерге караганда, Тир менен Сидонго жеңилирээк болот.
15
Сен, Капернаум, асманга чейин көтөрүлмөкчүсүңбү? Сен өлгөндөр жаткан жайга чейин төмөн түшөсүң.
16
Ким силерди укса, ал Мени уккан болот. Ким силерди кабыл албаса, ал Мени кабыл албаган болот. Мени кабыл албаган адам болсо, Мени жиберген Кудайды кабыл албаган болот».
17
Ыйсанын жетимиш шакирти кубаныч менен кайтып келип: «Теңир, Сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да баш ийишти», – дешти.
18
Ыйса аларга: «Мен шайтандын чагылган түшкөн сыяктуу, асмандан кулап түшкөнүн көрдүм.
19
Мен силерге жыландарды, чаяндарды жана душмандын бардык күчүн тебелеп таштагыдай бийлик бергем. Эми эч нерсе силерге зыян келтире албайт.
20
Бирок жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла», – деди.
21
Ошол учурда руху кубанган Ыйса: «Ата, Сен асман-жердин Теңирисиң! Муну акылдуулардан, эстүүлөрдөн жашырып, балдарга ачып бергендигиң үчүн, Сени даңктаймын. Ооба, Ата, анткени Сенин тилегиң ушундай болчу!» – деди.
22
Анан Ал: «Мага бардыгын Атам берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт. Ал эми Атасынын ким экенин Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт», – деди.
23
Анан шакирттерине бурулуп, аларга гана: «Силер көргөн нерселерди көрүп турган көздөр бактылуу!
24
Анткени силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар жана падышалар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок», – деди.
25
Ыйсаны сынамакчы болгон бир мыйзам окутуучу ордунан туруп, Андан: «Устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.
26
Ыйса ага: «“Тоорат” китебинде эмне деп жазылган? Андан кандай сөздөрдү окуп жүрөсүң?» – деди.
27
«Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй», – деп жооп берди ал.
28
Ыйса ага: «Сен туура жооп бердиң, ушундай кылгын, ошондо түбөлүк өмүргө ээ болосуң», – деди.
29
Бирок ал өзүн актамакчы болуп, Ыйсадан: «Менин жакыным ким?» – деп сурады.
30
Ошондо Ыйса ага муну айтып берди: «Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына бара жатып, каракчылардын колуна түшүп калат. Каракчылар анын кийимин сыйрып алып, сабап, араң жан кылып таштап кетишет.
31
Бир ыйык кызмат кылуучу ошол жол менен өтөт да, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.
32
Бир леби да ошол жерден өтүп бара жатып, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.
33
Самариялык бир киши да өтүп бара жатып, аны көрөт да, ага боору ачып,
34
жанына келип, анын жарааттарына май менен шарап сыйпап таңат. Анан аны өзүнүн эшегине мингизип, мейманканага алып келип, ал үчүн кам көрөт.
35
Эртеси күнү жолго чыгарында, эки динарий алып чыгып, мейманкананын ээсине берип: “Бул кишини кара. Эгерде ашыкча каражат жумшасаң, кайтып келгенимде төлөп берем”, – дейт.
36
Ушул үчөөнүн кимиси каракчылардын колуна түшкөн адамдын жакыны болот деп ойлойсуң?» – деп сурады.
37
Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Ага кайрымдуулук кылганы», – деди. Ошондо Ыйса ага: «Бар, сен да ушундай кыл», – деди.
38
Ыйса шакирттери менен бара жатып, бир айылга кирди. Ал жерден Марта деген аял Аны үйүнө чакырып коноктоду.
39
Анын Мариям деген сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын бут жагында Анын сөзүн угуп отурду.
40
Марта болсо конок камын көрүп жүрдү. Бир маалда Ыйсага келип: «Теңир, сиңдимдин бардык жумушту мага таштап койгону Сен үчүн баары бирби? Айтчы, мага жардам берсин», – деди.
41
Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Марта, Марта! Сен көп нерсе менен алектенип, убара болуп жатасың.
42
Бирок бир гана нерсе керек. Мариям жакшысын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт».
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24