bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 8
Luke 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 9 →
1
Ушундан кийин Ыйса шаарларды, айыл-кыштактарды аралап, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып жүрдү. Аны он эки шакирти жана
2
көптөгөн аялдар ээрчип жүрүштү. Ыйса ал аялдарды жин оорусунан жана башка ооруларынан айыктырган эле. Алар: ичинен жети жин чыккан магдалалык Мариям,
3
Ироддун сарай башчысы Хузанын аялы Жахана, Сузана жана башкалар. Алар Ага өз мүлктөрү менен кызмат кылып жатышты.
4
Бардык шаарлардын тургундары келип, көп эл чогулуп калганда, Ыйса үлгү-насаат аңгеме менен сүйлөй баштады:
5
«Себүүчү өз үрөнүн себүү үчүн чыкты. Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түшүп, тапталып калды. Канаттуулар аларды терип жеп кетишти.
6
Кээ бир үрөндөр таштак жерге түштү. Єрөн өнүп чыккандан кийин, нымдуулук жетишпей, куурап калды.
7
Кээ бир үрөндөр тикенектин арасына түштү. Өсүп келе жатканда, аларды тикенек басып салды.
8
Кээ бир үрөндөр жакшы жерге түштү. Өсүп чыгып, жүз эсе түшүм берди». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.
9
Шакирттери Андан: «Бул үлгү-насаат аңгеменин мааниси кандай?» – деп сурашты.
10
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге Кудайдын Падышачылыгынын жашыруун сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми башкаларга үлгү-насаат аңгеме менен айтылат, алар карап турса да көрүшпөйт, угуп турса да угушпайт.
11
Бул үлгү-насаат аңгеменин мааниси мындай: үрөн – Кудайдын Сөзү.
12
Жол боюна түшкөн үрөндөр сөздү уккан адамдарды билдирет, бирок кийин шайтан келет да, алар ишенбесин, куткарылбасын деп, жүрөктөрүнөн сөздү алып кетет.
13
Таштак жерге түшкөн үрөндөр сөздү угуп, кубанып кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок алардын тамыры жок болгондуктан, убактылуу гана ишенип, сыноо убагында ишенимден четтеп кетишет.
14
Ал эми тикенектин арасына түшкөн үрөндөр сөздү угуп, бирок жемиш бербеген адамдарды билдирет. Алар нары басары менен түйшүккө батып, байлыкка азгырылып, жашоонун ыракатына берилип кетишет.
15
Жакшы жерге түшкөн үрөндөр болсо мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угуп, жакшы, таза жүрөктөрүндө сактап, чыдамдуулук менен жемиш беришет». Ыйса муну айткандан кийин, үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!
16
Эч ким чыракты күйгүзүп, аны идиш менен жаппайт, же керебеттин астына койбойт, тескерисинче, үйгө киргендерге жарык берсин деп, чыракпаяга коёт.
17
Анткени ачыкка чыкпай турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей, ачылбай кала турган сыр болбойт.
18
Ошондуктан кандай угуп жатканыңарга көңүл бөлгүлө! Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, бар деп ойлогону да тартылып алынат».
19
Ыйсанын энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн Анын жанына бара албай коюшту.
20
Ошондо Ага: «Энең менен бир туугандарың Сени көрүүнү каалап, сыртта турушат», – деп билдиришти.
21
Ыйса аларга: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар – Менин энем жана бир туугандарым», – деп жооп берди.
22
Бир күнү Ыйса шакирттери менен кайыкка түшүп, аларга: «Көлдүн наркы өйүзүнө өтөлү», – деди. Ошентип, алар сүзүп кетишти.
23
Сүзүп бара жатышканда, Ыйса уктап калды. Көлдө катуу шамал болуп, толкун уруп, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле.
24
Шакирттери Ыйсаны: «Устат! Устат! Кыйрап калмай болдук», – деп ойготушту. Ал ордунан туруп, шамалга жана толкундап жаткан сууга тыюу салды. Шамал да, толкун да басылып, тынчтык орноду.
25
Ошондо Ыйса шакирттерине: «Ишенимиңер кайда?» – деди. Алар коркуп, таң калып, бири-бирине: «Шамал менен сууну баш ийдирген деги бул ким?» – дешти.
26
Ошентип, алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гадара аймагына сүзүп келишти.
27
Ыйса жээкке чыкканда, шаардан Аны көптөн бери жин оорусу менен ооруган бир адам тосуп чыкты. Ал кийим кийчү эмес, үйдө жашабай, мүрзөлөрдө күн өткөрчү.
28
Ал Ыйсаны көргөндө, кыйкырып жиберди да, Анын алдына жыгылып, катуу үн менен: «Ыйса, Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу! Менде эмнең бар? Суранам, мени кыйнай көрбө!» – деди.
29
Анткени Ыйса жинге: «Бул кишиден чык!» – деп буйрук берген эле. Себеби ал бул кишини көптөн бери кыйнап жүргөн. Чынжыр менен байлап, кишендеп кайтарганга болбой, ал кишенди талкалап салчу. Жин аны ээн талаага айдап барчу.
30
Ыйса андан: «Атың ким?» – деп сурады. «Түмөн», – деди ал. Анткени анын ичине көп жин кирген эле.
31
Алар Ыйсадан: «Бизди түпсүздүккө түшүрө көрбө», – деп өтүнүштү.
32
Ошол жерде, тоонун боорунда чочколор жайылып жүргөн эле. Жиндер Ыйсадан алардын ичине кирүүгө уруксат берүүсүн өтүнүштү. Ыйса аларга уруксат берди.
33
Ошондо жиндер адамдын ичинен чыгып, чочколордун ичине киришти. Чочколор көлдү карай бет алып, тик жардан кулап, чөгүп өлүштү.
34
Муну көрүп турган чочко кайтаруучулар качып жөнөштү. Алар шаарларга жана айыл-кыштактарга барып, болгон окуяны айтып беришти.
35
Эмне болгонун көрүү үчүн, уккандар Ыйсага келишти. Алар ичинен жиндери чыккан кишинин акыл-эсине келип, кийим кийип, Ыйсанын алдында отурганын көрүп, коркуп кетишти.
36
Окуяны көргөндөр болсо аларга жин оорулуунун кантип айыкканын айтып беришти.
37
Ошондо Гадара аймагынан келген бүт эл Ыйсадан: «Бизден кет», – деп өтүндү. Анткени аларды чоң коркунуч баскан эле. Ыйса кайыкка түшүп кетип калды.
38
Жиндерден кутулган адам Ыйсадан: «Сени менен бирге жүрөйүн», – деп суранды. Бирок Ыйса ага:
39
«Үйүңө бар, Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер», – деп, аны кетирип жиберди. Ал киши шаарларды кыдырып, Ыйсанын эмне кылганын айтып жүрдү.
40
Ыйса көлдүн берки өйүзүнө кайтып келгенде, Аны эл тосуп чыкты, анткени алар Аны күтүп жатышкан эле.
41
Ошол учурда Жайыр деген киши келди. Ал синагоганын башчысы эле. Ыйсанын бутуна жыгылып, ал Андан өзүнүн үйүнө кирүүсүн өтүндү.
42
Анткени анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан. Ээрчиген элдин көптүгүнөн Ыйса кысылып бара жатты.
43
Топ элдин арасында он эки жылдан бери кан кетип, азап чегип жүргөн бир аял бар эле. Болгон мүлкүн дарыгерлерге жумшаган ал аялды эч бир дарыгер айыктыра алган эмес.
44
Аял арт жактан келип, Ыйсанын кийиминин четине колун тийгизди. Ошол замат андан кан кетпей калды.
45
Ошондо Ыйса: «Мага ким колун тийгизди?» – деди. Бардыгы: «Мен эмесмин», – дешкенден кийин, Петир жана Анын жанындагылар: «Устат! Эл Сени тегеректеп, кысып турса, “Мага ким колун тийгизди?” – дейсиң», – дешти.
46
Бирок Ыйса: «Кимдир бирөө Мага колун тийгизди. Анткени Мен Өзүмдөн күч чыкканын сездим», – деди.
47
Аял болсо жашырынып кала албасын билип, калтырай басып келип, Ыйсанын бутуна жыгылды. Анан бүт элдин алдында Ага эмне себептен колун тийгизгенин жана ошол замат айыгып калганын айтты.
48
Ыйса ага: «Коркпо, кызым. Сени ишенимиң куткарды, тынчтык менен бара бер!» – деди.
49
Ал ушинтип айтып жатканда, синагога башчысынын үйүнөн бирөө келип: «Кызың өлүп калды. Устатты убара кылбай эле кой», – деди.
50
Ыйса муну укканда, Жайырга: «Коркпо, бирок ишен. Ошондо кызың тирүү калат», – деди.
51
Ыйса үйгө келгенде, Петир, Жакан, Жакып менен кыздын ата-энесинен башка эч кимдин үйгө кирүүсүнө уруксат бербеди.
52
Бардыгы кызды жоктоп, боздоп ыйлап жатышты. Ыйса аларга: «Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат», – деди.
53
Кыздын өлгөнүн билген алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү.
54
Ыйса бардыгын сыртка чыгарып жиберди да, кызды колунан кармап: «Кыз, ордуңан тур!» – деди.
55
Ошондо кыздын жаны өзүнө кайтып келди. Ал ошол замат ордунан турду. Ыйса кызга тамак берүүнү буйруду.
56
Кыздын ата-энеси таң калды. Ыйса болсо аларга болгон окуя тууралуу эч кимге айтпоону буйруду.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24