bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 14
Luke 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 15 →
1
Ишемби күндөрдүн биринде Ыйса фарисейлердин башчысынын үйүнө конокко барды. Фарисейлер Аны карап турушту.
2
Ошол учурда Анын алдына сары суу оорусунан кыйналган адам келди.
3
Ошондо Ыйса мыйзам окутуучулар менен фарисейлерден: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?» – деп сурады.
4
Алар үн катышкан жок. Ошондо Ыйса оорулууга колун тийгизип, аны айыктырды да, жөнөтүп жиберди.
5
Анан Ыйса фарисейлерден: «Эгерде бирөөңөрдүн эшегиңер же өгүзүңөр кудукка түшүп кетсе, ишемби күн экенине карабастан, аны ошол замат чыгарып албайсыңарбы?» – деп сурады.
6
Алар Ыйсанын бул суроосуна жооп бере алышкан жок.
7
Конокко чакырылгандардын орун тандап, төргө өткөндөрүн байкаган Ыйса аларга мындай үлгү-насаат аңгеме айтты:
8
«Сени бирөө үйлөнүү тоюна чакырса, барып, төргө отуруп алба. Чакырылгандардын арасында сенден да сыйлуу конок болушу мүмкүн.
9
Сени да, аны да чакырган той ээси келип, сага: “Бул кишиге орун бошотуп берчи”, – деп калса, уялганыңдан босого жакка отурууга аргасыз болосуң.
10
Ошондуктан конокко барганыңда, босого жакка отур. Чакырган киши өзү келип, сага: “Досум, жогору өт!” – деп айтсын. Ошондо башка коноктордун алдында сенин беделиң көтөрүлөт.
11
Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».
12
Ыйса Өзүн чакырган кишиге да мындай деди: «Түшкү же кечки тамакка досторуңду, бир туугандарыңды, тууган-уругуңду, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат.
13
Тескерисинче, жардыларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр.
14
Алар сага кайтарып бере алышпагандыгы үчүн бактылуу болосуң. Анткени сенин тиешең адил адамдар тирилгенде берилет».
15
Муну укканда, Ыйса менен бир дасторкондо отургандардын бири Ага: «Кудайдын Падышачылыгынан даам тата турган адам бактылуу», – деди.
16
Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бир адам кечкиге чоң дасторкон даярдап, көп конок чакырат.
17
Тамак ичер убакыт болгондо, ал чакырган адамдарына: “Келгиле, баары даяр болду”, – деп, кулунан айттырып жиберет.
18
Бирок сүйлөшүп алгансып, баары тең кечирим сурай башташат. Алардын бири ага: “Мен жер сатып алдым эле, аны барып көрүшүм керек. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырып жиберет.
19
Экинчиси болсо: “Мен он өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү барам. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырат.
20
Үчүнчүсү: “Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм”, – дейт.
21
Кул кайтып келип, муну кожоюнуна айтат. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: “Сен тезинен шаардын чоң-кичине көчөлөрүн аралап, жардыларды, мунжуларды, аксактарды жана сокурларды бул жерге алып кел”, – деп айтат.
22
Кул барып келип: “Кожоюн, буйругуң орундатылды, бирок дагы орун бар”, – дейт.
23
Ошондо кожоюн кулуна: “Жол боюндагыларды, шаар тосмосунун сыртындагыларды келүүгө аргасыз кыл, менин үйүм толсун.
24
Анткени силерге айтып коёюн, мурунку чакырылгандардын эч кимиси менин кечки тамагымдан даам татпайт. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз”, – деп айтат».
25
Ыйса Өзүнүн артынан ээрчип келе жаткан элге бурулуп, мындай деди:
26
«Ким Мага келип, бирок ата-энесин, аялын, балдарын, ага-инилерин, эже-карындаштарын жана өз өмүрүн Менден артык көрсө, ал Менин шакиртим боло албайт.
27
Ким Менин артымдан өз айкаш жыгачын көтөрбөй ээрчисе, ал Менин шакиртим боло албайт.
28
Силердин араңардан бирөө мунара курмакчы болсо, ал аны бүтүрүүгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, курулуш чыгымын эсептеп чыгат да.
29
Болбосо пайдубалын гана салып, мунараны бүтүрө албай калганын көргөн кишилердин баары:
30
“Бул киши кура баштады эле, бирок бүтүрө алган жок”, – деп, аны шылдың кылышат.
31
Же кайсы бир падыша башка бир падыша менен согуша турган болсо, жыйырма миң аскери менен келе жатканга өзүнүн он эки миң аскери менен каршы тура алар-албасын билиш үчүн, адегенде отуруп алып кеңешет да.
32
Күчү жетпесе, тиги падыша али алыста экенинде эле, элчилерин жиберип, тынчтык келишимин түзүүнү өтүнөт.
33
Ошол сыяктуу эле болгон нерсесинин баарынан баш тартпаган адам Менин шакиртим боло албайт.
34
Туз – жакшы нерсе. Бирок туз өзүнүн даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтирүүгө болот?
35
Топуракка да, кыкка да кошууга жарабагандыктан, аны төгүп ташташат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!»
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24