bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Luke 13
Luke 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 14 →
1
Ошол учурда Ыйсага бир нече адам келип, Пилат өлтүрткөн галилеялыктар тууралуу кабарлады. Алардын каны өздөрүнүн курмандыктарынын каны менен аралашып калган эле.
2
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер бул галилеялыктарды башка бардык галилеялыктарга караганда көбүрөөк күнөөлүү болушкандыктан, ушундай азап тартышты деп ойлоп жатасыңарбы?
3
Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр.
4
Силоомдогу мунара кулаганда, астында калган он сегиз киши Иерусалимдин башка бардык тургундарына караганда көбүрөөк айыптуу болушкан деп ойлойсуңарбы?
5
Силерге айтып коёюн, андай эмес. Эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр».
6
Анан Ыйса бул үлгү-насаат аңгемени айтты: «Бир кишинин жүзүм багында анжыр дарагы болот. Ал келип, андан мөмө издеп, таппай коёт.
7
Ошондо ал жүзүмчүгө: “Мен үч жылдан бери келип, ушул анжыр дарактан мөмө издеп, таба алган жокмун. Аны кыйып ташта, бекер эле жерди ээлеп турат”, – дейт.
8
Бирок жүзүмчү мындай деп жооп берет: “Кожоюн, быйылча аны коё тур. Мен анын тегерегин казып, кык төгөйүн.
9
Мүмкүн, ал кийинки жылы мөмө берер. Эгерде бербесе, кыйдырып саласың”».
10
Ишемби күнү Ыйса синагогалардын биринде элди окутуп жаткан.
11
Ошол жерде он сегиз жылдан бери ичиндеги жиндин таасири менен ооруп жүргөн аял бар эле. Ал бүкүр болчу, боюн түзөй алчу эмес.
12
Ыйса аны көрүп, жанына чакырып: «Аял, сен ооруңдан кутулдуң!» – деди да, колун анын үстүнө койду.
13
Ал ошол замат түзөлүп, Кудайды даңктай баштады.
14
Синагога башчысы Ыйсанын ишемби күнү аялды айыктырганына кыжырданып, элге: «Иш кылууга алты күн бар го, айыгууга ишемби күнү эмес, ошол күндөрү келгиле», – деди.
15
Ошондо Теңир ага мындай деп жооп берди: «Эки жүздүүлөр, ишемби күнү эч кимиңер акырга байланып турган өгүзүңөрдү же эшегиңерди чечип, сугарууга жетелеп барбайсыңарбы?
16
Шайтан он сегиз жылдан бери байлап жүргөн Ыбрайымдын ушул кызын ишемби күнү байлоодон бошотууга болбойбу?!»
17
Ыйса ушинтип айтканда, Ага каршы болгондордун баары уялып калышты. Бүт эл Анын жасап жаткан бардык улуу иштерине кубанды.
18
Анан Ыйса мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгы эмнеге окшош? Аны эмнеге окшоштурсам болот?
19
Ал сары кычы данына окшош. Бир адам аны өз бакчасына септи. Ал өсүп чыгып, чоң дарак болду, ошондо анын бутактарына канаттуу куштар уялашты».
20
Ыйса дагы мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгын эмнеге окшоштурсам болот?
21
Ал камыр ачыткыга окшош. Бир аял камыр ачытыш үчүн, аны алып, үч ченем унга кошот».
22
Ыйса шаарлар менен айыл-кыштактарды аралап, элди окутуп, Иерусалимди карай бара жатты.
23
Бирөө Андан: «Теңир, чын эле куткарыла тургандар аз болобу?» – деп сурады. Ошондо Ыйса аларга мындай деди:
24
«Тар эшиктен кирүүгө аракеттенгиле. Силерге айтып коёюн, көптөр кирүүгө аракеттенишет, бирок кире алышпайт.
25
Үй ээси туруп, эшикти бекиткенден кийин, силер сыртта туруп алып, эшикти каккылай баштайсыңар да: “Теңир! Теңир, эшикти ач”, – деп айтасыңар. Бирок Ал силерге: “Силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм”, – деп жооп берет.
26
Ошондо силер: “Биз Сени менен эле чогуу тамактанып жүрчүбүз, Сен биздин көчөлөрүбүздө окутчусуң”, – деп айта баштайсыңар.
27
Бирок Ал: “Силердин кайдан экениңерди билбейм. Эй, адилетсиздик кылуучулар, баарыңар Менин жанымдан кеткиле”, – деп айтат.
28
Силер Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты жана бардык пайгамбарларды Кудайдын Падышачылыгынан, ал эми өзүңөрдүн тышка куулуп чыкканыңарды көргөнүңөрдө, боздоп ыйлап, кыйналып тиш кычыратасыңар.
29
Ошондо чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн адамдар келип, Кудайдын Падышачылыгындагы дасторконго отурушат.
30
Ошентип, биринчилер акыркы, акыркылар биринчи болушат».
31
Ошол учурда кээ бир фарисейлер Ыйсанын алдына келип: «Бул жерден кет, анткени Ирод Сени өлтүргүсү келип жатат», – дешти.
32
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер ал түлкүгө барып айткыла: “Мен бүгүн, эртең жиндерди кууп, оорулууларды айыктырып, үчүнчү күнү аяктайм.
33
Бирок Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү жол жүрүшүм керек. Анткени пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлүшүнө жол берилбейт”.
34
Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.
35
Мына, үйүң ээн калат. Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айта турган убакыт келгенге чейин, Мени көрбөйсүң”».
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24